Пакистандын коопсуздук кызматтарынын 37 жаштагы Халид Шейх Мохаммедди колго түшүргөнүн АКШ бийликтери “Алкаида” террордук уюмуна урулган катуу сокку иретинде баалашууда. Мохаммедди Кошмо Штаттарынын чалгындоо кызматтары 1996-жылы 12 жүргүнчүлүү америкалык самолет Тынч океандын үстүндө жарылып кеткенден бери издеп жүргөн. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын шаарларында болгон авиачабуулдардан бир айдан кийин президент Жорж Буш бир нече адамдын, анын ичинде Мохаммеддин сүрөтүн көрсөтүп мындай деген:
- Бул сүрөттөгү адамдар өтө жаман кыянат жасашты. Алар киши өлтүрүүнү пландашып, ишке ашырышты.
Мохаммед, АКШ бийликтеринин ырасташынча, 3 миңге жакын адамдын өмүрүн алган 11-сентябрдагы чабуулдардын башкы пландоочусу болгон.
Пакистандын чалгындоо кызматы Мохаммедди былтыр 23-январда уурдалып кетип, кийин мууздалган “Wall Street Journal” гезитинин кабарчысы Даниел Перлдин өлүмүнө да катышы бар деп шектенүүдө. Себеби Перлдин өлүмүнө байланыштуу кармалып, өмүр бою эркинен ажыратылган үч айыпкердин бири Мохаммед журналисти өлтүрүүгө катышканы жөнүндө көрсөтмө берип, бирок кийин ал сөзүн танып кеткен.
Шотландиядагы Ыйык Андрю университетинин Террорчулукту изилдөө борборунун директору Магнус Рэнстроптун айтымында, Мохаммеддин кармалышы - терроризмге каршы күрөштөгү чоң ийгилик.
- Элестетип көрүңүзчү, ал уюмдун аскерий жетекчиси, бир нече чоң операциянын уюштуруучусу. Эгерде аны катардан чыгарып койсок, “Алкаиданын” чоң масштабдагы операция жүргүзүү мүмкүндүгүнө чоң зыян келтирилгенин көрөбүз. Мохаммеддин техникалык тажрыйбасы да бар. Ал “Алкаиданын” дүйнөнүн түрдүү бөлүгүндөгү жооптуу кызматкерлеринин баарын билген адамдардын бири.
Бостондогу Симмонс коллежинин ассистент-профессору, терроризм боюнча эксперт Захари Абузанын сөзүнө караганда, Мохаммеддин сурак учурунда туура жана тез маалымат берүүсү “Алкаида” уюмунун оперативдүү кызматкерлерин кармоо үчүн өтө маанилүү. Себеби устаздын кармалганын уккан бин-ладенчилер мурдакы ордун калтырып, башка жашыруун жайларга жылып кетери жана өч алуу максатында жаңы террордук акцияларды өткөрүшү ыктымал.
Мохаммедди сүйлөтүү үчүн “урбай кыйноо ыкмасы” колдонулат дешет чалгындоо иштери боюнча эксперттер. Мисалы, өткөн жылдын июнь айында Индонезияда кармалган “Алкаида” уюмунун топ башчысы Омар ал-Фарук үч ай бою түнкүсүн жарык астында кармалып, тынч уйку берилбегенден кийин сөзгө келген. Андан тышкары “мээрман тергөөчү, таш боор тергөөчү” ыкмасы да бар. Боорукер көрүнгөн тергөөчү айыпкер менен жылуу-жумшак сүйлөшүп жатканда, кара мүртөз тергөөчү келип, айыпкерге психологиялык жактан кысым жасап, ал эмес кыйноого чейин барат. Бул ыкма, эксперттердин айтымында, эрки темирдей бекем адамдарды да сөзгө келтирип, өтө майнаптуу саналат.
Соңку маалыматтарга караганда, “Алкаида” уюмунун жетекчилигинде үчүнчү адам саналган Халид Шейх Мохаммадды Пакистан бийликтери Кошмо Штаттарына өткөрүп берип, ал азыр Ооганстандагы америкалык аскерлердин базасында кармалууда. Мохаммад Кувейт жараны болгондуктан, аны америкалыктарга берүүдөн алдын Кувейт өкмөтүнүн макулдугу алынган.