Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:54

УСАМА БИН ЛАДЕН ТИРҮҮ ЖАНА АЗЫР ПАКИСТАНДА БОЛУШУ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Пакистанда "ал-Каида" уюмунун жетекчилеринин бири Халид Шейх Мохаммед кармалгандан кийин, уюмду түзгөн Усама бин Ладен дагы эле Пакистанда жашынып жүрүшү мүмкүн деген пикирлер айтыла баштады.

Катар мамлекетинде жайгашкан "ал-Жазира" сыналгысы менен АКШда чыгуучу "Тайм" журналынын кабарларына караганда, Пакистандын коопсуздук кызматтарынын колуна жакында Усама бин Ладен өз колу менен жазган каттар тийген. Алар азыр изилденип жатат, бирок эксперттердин айтымында, катты жазган адам Пакистанда болууга тийиш. "Тайм" журналынын жазышынча, бин Ладен - Пакистандын Ооганстан менен чек аралаш аймактарында же өлкөнүн борбору Исламабадка жакын Равалпинди шаарында болгону да мүмкүн, бирок Мохаммед кармалгандан кийин эми бин Ладен ага белгисиз аймакка жер которгон сыяктуу.

Бирок Пакистандын ички иштер министри Файсал Салих Хаят жакында өлкөнүн Полиция академиясында чыгып сүйлөп, Усама бин Ладен Пакистанда жок деп жарыялады. Анткен менен, министрдин айтымында, бийликтеги диний партиялар эмгиче "ал-Каиданын" жоокерлерине жардам көрсөтөт жана жакында Лахор, Карачи, Пешавар, Равалпинди шаарларында кармалган террорчулар - Пакистандын диний партияларынын иштиктүү мүчөлөрү болгон.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу 5-март күнү тараткан маалыматка караганда, "ал-Каида" жакында ири террор аракеттерин пландаган жана Мохаммеддин камакка алынышы - ал аракеттердин шашылыш түрдө ишке ашырылышына да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан өлкөнүн коопсуздук кызматтары жогорку даярдыкка келтирилди.

Пакистандын "Доон" гезитинин жазганына караганда, жакында кармалган Мохаммед менен Усама бин Ладен февралда жолуккан. Мохаммед кармалган үйдө болсо бир нече компьютердик дискета табылган жана аларда Европа өлкөлөрүндө, АКШ жана Филиппиндеги террорчулар тууралуу бир топ маанилүү маалымат жазылган. Февралда "ал-Каида" Гонолулу шаарындагы бир нече учакты барымтага алып, алар менен АКШнын Пөрл-Харбор аскерий базасына чабуул жасоого даярданган.

Халид Шейх Мохаммед 1-март күнү Равалпинди шаарында дагы эки башка адам менен кошо кармалды. Алар - Усама бин Ладендин жардамчысы Мустафа ал-Хусауи жана Пакистан аскеринин офицери Адил Каддус. Мустафа ал-Хусауи 11-сентябрдагы террор аракеттерин каржылоо маселелери үчүн жооптуу болгон. Пакистан коопсуздук кызматтары тарабынан суралгандан кийин, Мохаммед АКШга өткөрүлүп берилди жана азыр Ооганстандагы Баграм аскерий базасында.

Шотландиянын Сэнт Эндрюс университетинин Террорчулукту изилдөө борборунун директору Магнус Рэнсторптун айтымында, Мохаммед - Усама бин Ладен жана мисирлик Айман ал-Завахириден кийинки "ал-Каида" уюмундагы үчүнчү адам болчу: "Ал абдан белгилүү адам жана кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Анын техникалык да билими бар. Ал дүйнөнүн ар башка аймактарындагы 'ал-Каиданын' негизги аракеттеринин баарын билген. Ал 'ал-Каида' уюмунда үчүнчү адам болгону шексиз".

Халид Шейх Мохаммед 1965-жылы Кувейтте пакистандык эмигранттын үй-бүлөсүндө туулган жана кийин Америка Кошмо Штаттарында билим алган. АКШнын Федералдык тергөө бюросунун маалыматтарына караганда, ал Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунда 1993-жылы болгон жардырууну уюштурууга катышкан. 1995-жылы болсо, АКШнын ондон ашык учагын барымтага алуу аракетин да даярдаган, бирок ал иш жүзөгө ашпай калган. 1998-жылы Африканын Кения жана Танзания өлкөлөрүндөгү америкалык элчиликтерди жардыруунун, 2000-жылы АКШнын Йемендеги аскерий кемесине болгон чабуулдун жана 2002-жылы Тунистеги синагоганын жардырылышынын артында да Мохаммед болгон.

XS
SM
MD
LG