Катарына 9 саясий партия, ондон ашуун коомдук уюм кирген «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы өткөн жылы уюшулган. Аны түзүүгө былтыркы 17-18-марттагы Аксы окуясы себепкер болгон. 17-августта өткөн уюштуруу жыйынында кыймылды жетектөөчү 7 комитет түзүлүп, алардын ишин координациялоочу штабдын башчылыгына генерал Исмаил Исаков шайланган. Өзү жетектеген кыймылдын ишмердүүлүгүн Исмаил Исаков бейшембиде өткөрүлгөн маалымат жыйынында баа берди.
- Кыймыл өз максатына жеткен жок. Алдыга койгон биринчи программасы аткарылбай калды. Кемчиликтерибиз - ар бир кыштак, шаар, райондордо өзүбүздүн жергиликтүү уюмдарды түзүүгө жетише алган жокпуз. Башка кемчилик кыймылдын структурасында болду. Жети комитет, аларды координациялоочу штаб түзүлгөн эле. Бул оперативдүү чечим кабыл алганга жолтоо болду, - деди Исмаил Исаков. Андан соң ал кыймылдын жетишкендиктерин да санап өттү. - Биринчиден, бүткүл кыргыз элинде «бүгүнкү турмушту оңдой турган адамдар бар экен» деген ишеним пайда болду. Экинчиден, «Кыргызстанда оппозиция бар экен, демек өнүгүү болот» деген ишеним бүткүл дүйнөдө бекемделди.Үчүнчүсү - Кыргызстандагы конституциялык реформанын болушуна биздин кыймыл негизги себепкер болду.
Кыймылдын жетекчи органына кирбеген менен, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын өкүлү катары анын курамында калаарын билдирген И. Исаков, азыркы бийликке карата көз карашы өзгөрбөгөнүн белгиледи. Исаковдун пикиринде, кыймылдын мындан ары иштей беришине төрт себеп бар:
- Конституциялык реформа жүргүзүүдө А. Акаев оппозицияны, элди алдады. Андан тышкары референдумдун жыйынтыгы дафальсификацияланды. Аксы окуясына адилет баа берилген жок. Элдин турмушу оорлошууда.
Ал эми кыймылдын жаңы структурасы жөнүндө айтсак, анын мурдагы комитеттери, штабы жоюлуп, анын ордуна кыймылдын төрагасы, үч орун басары болот. Төрагалыкка Азимбек Бекназаров, анын биринчи орун басарлыгына депутат Алевтина Проненко, орун басарлыкка Турсунбек Акун шайланды. Үчүнчү орун басар шайлана элек. «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова төрага орун басарынын деңгээлинде кыймылдын маалымат борборун жетектейт. Азимбек Бекназаровдун айтымында, кыймылдын жаңы жетекчилиги жер-жерлерде баштапкы уюмдарды түзүү иштерин да күчөтөт:
- Кыймылдын негизги максаттары, жасаган иштери мурдагы эле бойдон калат. Ошол эле багыт боюнча иштейбиз. Болгону элге өзүбүздүн программабызды жеткирүү жагын колго алабыз, кандай реформаларды жүргүзүүнү максат кылып жатканыбызды жарыялайбыз. Анткени эл биздин программа тууралуу так маалымат ала элек.
Маалымат жыйынында айтылгандарга караганда, кыймылдын курамынан эч кайсы партия же уюм чыгып кеткен жок. Бирок айрым маалыматтарга ылайык, ушул жумада өткөн жыйындарда азыркы түзүлгөн шартка жараша кыймылдын атын жана саясий күрөштүн тактикасын өзгөртүү боюнча кызуу талаш-тартыш болгон. Кыймылдын кээ бир мүчөлөрү анын аталышындагы «Акаевди кызматтан кетирүү» жөнүндөгү биринчи бөлүгүн алып салып, «Эл үчүн реформа» деген аталышта калтырууну сунушташса, анын каршылаштары «бул 2-февралдагы референдумдун жыйынтыгын моюндаганга барабар» деген жүйөөнү коюшкан. Добуш берүүдө кыймылдын аты өзгөрбөй турган болуп чечилген.