Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

АРМЕНИЯДАГЫ ШАЙЛООДО РОБЕРТ КОЧАРЯН ЖЕҢДИ


Алгачкы жыйынтыктар боюнча, Армениядагы президенттик шайлоонун 2-айлампасында өлкөнүн учурдагы жетекчиси Роберт Кочарян жеңди. Ал өзүнүн атаандашы – оппозициячыл Элдик партиянын лидери Степан Демирчяндан эки эсеге көп добуш топтоду. Бирок Армениядагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн эл аралык уюмдар саясий өнөктүк бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти.

Президенттик шайлоонун 19-февралда өткөн алгачкы айлампасында Армениянын учурдагы президенти Роберт Кочарянга жеңишке жетүү үчүн бир аз гана добуш жетпей калган болчу. Ал жолку шайлоо аяктаар замат оппозициячыл талапкерлердин миңдеген жактоочулары Ереванда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына чогулуп, митинг өткөрө баштаганда улуттук телеканал аркылуу шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыяланып, 2-айлампага Роберт Кочарян менен Элдик партиянын лидери Степан Демирчян чыгышканы маалымдалган.


5-мартта өткөн шайлоонун 2-айлампасында, алгачкы жыйынтыктар боюнча, Кочарян добуштардын 67%ине жакынын топтосо, анын атаандашы Демирчян – 32 процентин алган. Бул тууралуу Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы бейшембиде жарыялаар замат, бийликтеги президент Роберт Кочарян куттуктоолорду кабыл алып жатып, президенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан бери аны катуу сындап келаткан оппоненттерин каарып өттү. "Биздин оппозиция бийликтегилерди жамандаган жети ыр билет, ошолорду улам кайталап ырдагандан жадабайт", - деди Роберт Кочарян.

Оппозициячыл талапкер Степан Демирчян шайлоонун жыйынтыктары менен таанышкан соң эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар көптөгөн мыйзам бузууларга күбө болушканын белгилеп, алардын маалыматтарын жакшылап изилдеп чыгаарын, мындан ары кандай аракет жасаарын ошондон кийин айта турганын билдирди. Демирчяндын шайлоо кампаниясынын башчысы Григор Арутюнян добуш берүү аяктаарына бир саат калганда эле: "Бул шайлоону эркин жана калыс өттү деп айтуу – элдин баарын шылдыңдаганга барабар", - деп билдирген.

Армениядагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Европа Кеңешинин миссиялары бейшембиде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда айтылгандар менен "Азаттыктын" Aрмян редакциясынын кабарчысы Армен Дульян тааныштырат:

- Эл аралык байкоочулар өз отчетунда жападан жалгыз оң жагдай катары – Армениядагы президенттик өнөктүккө шайлоочулардын активдүү катышканын белгилешти. Андан тышкары алар алдын-ала толтурулуп-ташталган миңдеген шайлоо бюллетендери, шайлоо алдында улуттук телерадио аркылуу оппозицияны караламай, азыркы президентти эртеден-кечке көкөлөтө мактамай кампаниясы жөнүндө айтышты. Мындан башка да көптөгөн мыйзам бузууларды тизмелеп келип, ОБСЕ менен Европа Кеңешинин байкоочулары Армениядагы президенттик шайлоо эл аралык стандарттарга жооп берген жок деген бүтүмгө келишкен. Алар өз отчетунда шайлоонун 1-айлампасынан кийин айтылган сын пикирлердин бири да эске алынбаганын өкүнүү менен билдиришет. Армениялык эркин гезиттер бүгүн – мындай бурмаланып-жасалган шайлоо өлкө тарыхында 1-ирет болуп отурат деп жазып чыгышты. Алар – элдин добушун бурмалап шайланган президент Роберт Кочаряндын өкмөтү алсыз, өзүнүн саясий бедели төмөн болот деп эскертишет.

Анткен менен, айрым саясий аналитиктердин айтымында, учурдагы президент Роберт Кочаряндын да калк арасында кадыры күч, анткени ал коңшулаш Азербайжан менен кандуу талашка түшкөн Тоолуу-Карабакта туулуп-өскөн жана дал ушул чыр-чатактуу чөлкөмдүн көз карандысыздыгы үчүн күрөштө өзүн көрсөтүп, эл арасында таанылган. Бирок анын бул талаштуу маселедеги бекем көз карашын Демирчянды колдогон шайлоочулардын үчтөн бири жактабайт экен деп айта кетүү абзел. Армениядагы президенттик шайлоо башталгандан бери токтобой келаткан нааразылык акциялары дагы да уланчудай. Степан Демирчяндын тарапкерлери Ереванда жакын арада чоң митинг өткөрүүгө камынууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG