Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

ЭЛДИ ЫДЫРАТЫП, ЫНТЫМАГЫН КЕТИРГЕНДЕР ЖАНА АЛАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЖОЛДОРУ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Өлкөдөгү тынч турмушту жактырбагандар кимдер? Элди бөлүп-жаргандар кимдер? Алар менен кантип күрөшүү керек? Оппозицияны жок кылуунун жолдору барбы? Жардылыкты, коррупцияны ооздукташ мүмкүнбү? Мына ушул сыяктуу суроолор Курултайдын башкы темасы болду.

Коомчулуктун көңүлүн көптөн бери өзүнө буруп келген Курултай өз ишин аяктады. Ага келишпес оппозициянын өкүлдөрү катышкан жок. Мурдатан убада кылынган эркин микрофондор залга орнотулбады. Экинчи тараптын пикири угулган жок. Өткөн жылдын ноябрь айында, Экинчи элдик курултайга катышканы Аксы, Каракулжа жана башка региондордон келген өкүлдөр менен бул Курултайга келген конокторду салыштырып болбойт. Ноябрь айында Өкмөт Үйүндөгү айрым жетекчилер оппозициянын аракетине жооп кылып, экинчи Курултайды өткөрүүнү көздөгөндө министр Бекболот Талгарбеков каршы чыкканын студиябызга келип «тегерек столдогу» талкууга катышкан учурда билдирген эле. Бул жолу да мамлекеттин эсебинен шашылыш уюштурулган Курултайга Өкмөт Үйүндөгү айрым кызматкерлер каршы чыкканын, ага карабай экинчи тарап катуу туруп, аны өткөрүп жатканын жашырышкан жок. Ошол эле Б. Талгарбековго Курултай тууралуу айтып берүү өтүнүчү менен кайрылганыбызда «идеологдор айтып берсин» деп баш тартканына күбө болдук. Мындай жоопту Өкмөт Үйүндөгү башка кызматкерлерден да уктук. Бул - бийликтин Курултайга жасаган мамилеси. Ал эми оппозициячыл саясатчылардын ой-пикири көпчүлүккө мурдатан маалым.

Курултай элди ынтымакка, биримдикке чакырганы, бардык коомдук күчтөрдүн башын бириктирүүгө үндөгөнү эч кимди кайдыгер калтырган жок. Бирок жыйында сүйлөнгөн сөздөргө караганда, өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна жалгыз гана оппозиция күнөөлөнүп, аны жок кылууга үндөгөн пикирлер байкоочуларды кооптондурбай койгон жок. Алыскы Алайдан келген өкүл Сонунбү Исмаилованын «оппозицияны жоготуп, тынччылыкта эле жашайлы» деген пикири залда отургандардын купулуна толгону байкалып турду.

Курултайга сый конок катары чакырылып, башкы докладчы болгон мамлекет башчысынын сөзүндө да оппозиция менен айоосуз күрөшүү зарылдыгы айтылды.

- Бүгүнкү күндө өлкөбүз үчүн эң маанилүү нерсе эмне? Эң оболу соңку учурларга чейин коомду бөлүп-жарып келген саясий талаш-тартыштарды токтотуш керек. Мындай талаш-тартышты элдин камын ойлобогон, көбүн эсе бөйрөктөн шыйрак чыгарган күчтөр таңуулоодо. Түбү келип жамандыкты көздөгөн күчтөргө сокку уруу зарыл. Эми ички жаңжалдарды токтотууга жана биргелешкен жаратман ишке багыт алууга убакыт жетти. Келишпес оппозиция адамдардын дилине ууланган үрөн сээп, элдин аң-сезимин алдоо ниетинен али кайта элек. Ошондон улам Курултайдын катышуучуларына менин эң башкы өтүнүчүм - калкыбызга байыртан мүнөздүү болгон даанышмандыкты көрсөтөлү. Атажуртубузду кара ниет күчтөрдүн бузушуна жол бербейли, - деди мамлекет башчысы.

Президенттин мындай сөзүн Таластан келген ардагер Мунур Мамбеталиев да коштоп, ал оппозициянын анабашчысы деп Абсамат Масалиевди атап, аны «тартипке чакырды»:

- Абсамат Масалиевич менен мен партмектепте бирге окугам. «Абсамат аке, коюңуз» деп айткым келет. Ушул жерде жакшылап жашайлы, жакшы нерсебизди көтөрөлү. Жанагы эси жокторду, түшүнө албагандарды ынтымака чакыралы. Түшүндүрүп айталы. Менимче сиз туура түшүнөсүз. Сиздин тилиңизди алат Бекназаров. Сиздин тилиңизди Адахан Мадумаров, Турсунбек Акун алат.

Ал эми Феликс Куловдун, Алмаз Атамбаевдин, Өмүрбек Текебаевдин - жалпы эле Элдик конгресстин атынан сөз алып сүйлөгөн Мелис Эшимканов өзүнүн учурдагы абалын мындайча түшүндүрдү:

- Өзүңүздөргө белгилүү, былтыр апрель айынан бери мен, Мелис Эшимканов улуу урматтуу опозициячылардын арасында «чыккынчы» деген атка конгом. Себеби былтыр баарыбыздын жүрөгүбүздү канаткан, уйкубузду бузган, белге сайган Аксы окуясында оппозиция менен кошо жүргөн Эшимканов эсине келди, ошондо ойлонду, коркту. Бүгүнкү Курултайга келгиле деп чакырган элем. Алардын келбей калганы мени өкүндүрөт. «Бүгүнкү Курултайды Кыргызстан элинин ассамблеясы уюштуруп атат» деп ар бирибиз эски обондорубузду созбойлу. «Бул жерге келип сүйлөбөйсүңөрбү, армандын баарын, көйгөйдүн баарын президенттин, келген делегаттардын көзүнчө айтпайсыңарбы» десем, баягы эле амбиция менен көпчүлүгү келбей койду. Бул абдан туура эмес деп ойлойм.

Ошондой эле Мелис Эшимканов бардык күнөөнү президентке жүктөп, аны каралай бербөөнү өтүндү:

- Менимче, биздин президент, анын бүгүнкү сөзүнөн ошол нерсени байкадым, Сапармурат Ниязов сыяктуу «Кыргызбашы» болгонго муктаж эмес. Бирок ошол эле учурда биздин гимн, туу сыяктуу бул кишини кара көө менен шыбаганга да жол бербешибиз керек демекчимин.

Ошентип бийликтин колдоосу менен өткөрүлгөн Курултай бийлик менен оппозициянын диалогун жарата албады. Курултайда кабыл алынган Биримдик Декларациясы ар кыл көз караштагы коомдук күчтөрдүн башын бириктирүүгө кызмат кыла алабы, аны келечек көргөзөт.

XS
SM
MD
LG