Сессия ачылган күнү Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Чжу Жунци өкмөттүн бир жылдык иши жөнүндө доклад жасады. Бул анын кабинет башчысы катары депутаттар алдындагы акыркы - коштошуу отчету болду. Чжу баарыдан мурда өкмөткө быйылкы жылы экономикалык өнүгүү деңгээлин жети проценттен түшүрбөй, кармап калуу милдетин табыштады. Кытай модернизациянын экинчи этабына белгиленген стратегиялык милдеттердин өтөсүнө чыкты, эми анын үчүнчү этабына киришти, деп белгиледи премьер. Өлкөнүн кирешеси акыркы беш жылда дээрлик эки эсе өстү, тышкы сооданын көлөмү жагынан Кытай азыр дүйнөдө бешинчи орунга чыкты. Экономикага 225 миллиард доллардан ашуун тикелей чет элдик инвестиция тартылды.
Докладда проблемаларга да көңүл бурулду. Чжунун сөздөрү боюнча, өкмөт өзгөчө ”дыйкандардын кирешесин жогорулатып, алардын абалын жеңилдетүү үчүн мүмкүн болгондун баарын жасоого тийиш”. Кытайда калктын 70 проценти айыл жеринде жашайт, түндүк-чыгыш провинцияларда жумушсуздук ири масштабдарга жетти. Буга мамлекеттик сектордогу ишканаларды модернизациялоо процесси кесепетин тийгизди. Массалык демонстрациялар Кытайдын көпчүлүк райондорунда кадыресе көрүнүшкө айланды.
Кабинет башчысы андан ары мамлекеттик аппараттын реформасын ыкчамдатып, чиновниктер корпусундагы коррупцияга каршы күрөштү активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Өкмөт ушу таптагы 29 министрликтен 20 чактысын калтырууну сунуш кылууда. Экономикалык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Кытай куралдуу күчтөрүн модернизациялап,коргонуу иштерин күчөтүүнү пландап жатат. Кытай терроризмдин, ошондой эле гегемонизмдин бардык формаларына каршы күрөшөт, бирок жакшы санаалуу коңшулук жана достук саясатын жүргүзөт,деп белгиледи премьер Чжу. Анын болжолунда, Тайванды материк менен бириктирүү иши жакынкы келечекте жүзөгө ашууга тийиш.
Чжу эмдиги аптанын этегинде өкмөт башчысынын кызматын азыркы вице-премьер Вэнь Цзябаого тапшырат. Ал эми жалпыкытай жыйынын азыркы төргасы Ли Пэндин ордуна саясий бюронун туруктуу комитетинин мүчөсү У Банго шайланат. Мунун баары КПКнын былтыркы курултайында аныкталган. Партиялык форумдун чечимине ылайык, Кытайдын төрагалык кызматы Цзянь Цземинден ушу сессияда ырасмий түрдө Ху Цзиньтаого өтөт. Цзиньтао ноябрдагы парткурултайда КПКнын баш катчылыгына шайланган. Деген менен Цзянь Цземин, жалпы эле кызматтан кетип жаткан “үчүнчү муундагы” жетекчилер дагы бир топ жыл таасирдүү күч бойдон калышат. Кытайда ачык айтылбаган саясий салтка ылайык,алтымыш жети жаш бийликтеги курактын акыркы чеги эсептелинет. Бийликке келип жаткан “жаңы муундагы” жетекчилердин дээрлик баары пайгамбар жашынан өткөндөр. Кытайда эки ирет бийлик алмашкан кезде – биринчи жолу Мао Цзедун көз жумгандан кийин, андан соң 1989-жылдын жазында саясий система аласалып барып, кайра оңолгон. Өлкөнү ошондой оролго кайра түшүп кетүүдөн саксактоо үчүн абышкалардын эски гвардиясы бийликке келген абышкалардын жаңы гвардиясына акыл кошчу болуп турууга тийиш. Байкоочулар системалык мындай кризистин аяндары бар дешет. Мунун башкы далили иретинде адатта алар Ху Цзиньтао менен саясий бюронун туруктуу комитетинин мүчөсү Цзэн Цинхундун ортосундагы тымызын эгешти аташат. Цинхунду “шанхайлык” саясий кландын лидери дешет, б.а. Цзян Цземиндин командасына кошушат. Туруктуу комитетте “шанхайчылардын” алты өкүлү бар, алардын баары мамлекеттик кеңештин структураларында түйүндүү кызматтарда турат. Мындан тышкары Цинхундун партиялык органдарда да союздаштары жана санаалаштары бар. Ошолордун аркасы менен Цинхун партиялык келерки 17-курултайга чейин кеңири коалиция түзгөнгө аракет кылышы ыктымал. Анте албаса беш жылдан кийин ага туруктуу комитетте дагы бир мөөнөткө калганга эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт.
Ал эми Кытайдын партиялык жаңы лидери Ху Цзиньтао болсо былтыр декабрда Мао Цзедундун кичи мекени Хэбэй провинциясында сүйлөгөн программалык биринчи сөзүндө эле ”шанхайчылардан” колдон келишинче оолак болорун ачык кыйытты. Цзиньтао андан калса январдын биринчи аптасын бүт бойдон жакыр аймактарда, айрыкча Ички Монголияда өткөрдү. Андан мурдараак,жыл жаңырар алдында саясий бюронун кеңешмесине юриспруденция боюнча эң белгилүү эки профессорду чакырып, мыйзамды кантип сактоо керектиги жөнүндө алардын кеп-кеңешин укту. Кеңешмеде Цзиньтао “эч ким өзүн мыйзамдан өйдө кое албай тургандыгын” атайын белгилеп көрсөттү. Мунун баарын байкоочулар “шанхай тобунун” короосуна атылган биринчи “колок” деп баалашты.