6-мартта Ак үйдө өткөргөн прессконференцияда президент Джордж Буш Иракка куралсыздануу үчүн берилген убакыт соңуна чыгып баратат, Коопсуздук Кеңеши Иракка каршы чечкиндүү чара көрүүгө тийиш, деп билдирди. Улуттук телевидениеден түз алып көрсөтүлгөн сөзүндө Буш эгерде Коопсуздук Кеңеши катаң чара көрүүдөн баш тартса, Кошмо Штаттар Иракка каршы өз алдынча согуш ача турганын жана Америкага шерик боло турган өнөктөр четтен чыгаарын эскертти. Инспекторлордун жетекчиси Ханс Бликстин 7- мартта Кеңеште бере турган отчету жаатында Буш: "Биз Бликстен бир гана суроого так жооп беришин күтөбүз. Ал Ирак Кеңештин 1441- резолюциясына ылайык, толук куралсыздандыбы же жокпу?- деген суроого жооп берүүгө тийиш!",- деп билдирди. Буш Иракты куралсыздандыруу үчүн инспекторлорго көбүрөөк убакыт керек деген аргументти четке кагып, Иракты куралсыздандыруу үчүн кошумча убакыттын кереги жок, ан үчүн Ирактын инспекторлор менен ак ниет кызматташуусу керек, деп жооп берди. Буш бул позициясын шериктери Германия менен Францияга, Кеңештин ветого укугуна ээ мүчөлөрү Орусия менен Кытайга түшүндүрүп жатып, аларды эч ийите албай койгонун нааразы болуп айтты.
Иракка каршы согуш ачуунун зарылчылыгын Буш кризис башталгандан бери ар түрдүү аргументтер менен негиздеп келатат. Башында ал Ирак 11-сентябрдагы теракттарга жана эл аралык терроризмге байланышы бар деп айтса, андан соң Иракты бүткүл регионго кыргын сала турган мокочо кылып сүрөттөп келди. Аягында диктатор Саддам Хуссейндин режимин бийликтен четтеттүү менен Иракта эле эмес бүткүл Жакынкы Чыгышта демократияны орнотобуз, эгемен палестин мамлекетин түптөйбүз, деп айтып чыкты. Бирок мындай аргументтер менен ал эл аралык коомчулукту өз тарабына тарта алган жок. Буштун акыркы аргументи араб дүйнөсүнө ал тургай теңирден тескери таасир этти. Америкалык президенттин "Жакынкы Чыгышта демократия орнотобуз" деген сөзүн араб мамлекеттери: "Азыр кезек Иракта болсо, эмки кезек силердики болот!"- деген ишара катары кабыл алышты. Буштун региондо демократия орнотуу дымагы араб өлкөлөрүнүн жүрөгүн опкоолжутуп койгону араб мамлекеттеринин Мисирде өткөн саммитиндеги талаш дискуссиялардан таасын көрүндү.
Кошмо Штаттардын аргументтери анын НАТО боюнча өнөктөрү Германия менен Францияны Иракка каршы согуш ачууга көндүрө алган жок. Бейшембиде кечинде Коопсуздук Кеңешинин жыйналышына катышуу үчүн Нью Йоркко учуп келген Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер журналисттердин суроолоруна жооп берип мындай деди:
- Биз Ирактын ракеталарын жок кылууда жылышка жетиштик. Ирактык адистер менен жүргүзгөн маектер да олуттуу натыйжа берүүдө. Өлкөнүн биологиялык жана химилык куралдары жөнүндө жаңы маалыматтар алынды. Мунун баары Иракты тынчтык жолу менен куралсыздандыруунун мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылып бүтө элек дегендикке жатат.
Германия, Франция жана Орусия Иракты тынчтык жолу менен куралсыздандыруу үчүн курал инспекторлоруна кошумча убакыт берүү керек деп эсептешет.
7-мартта инспекторлордун башчысы Ханс Бликс Иракты куралсыздандыруунун жыйынтыктары жөнүндө Коопсуздук Кеңешинде отчет берүүдө. Отчеттун тексти кеңештин бардык мүчөлөрүнө таратылып берилди. Документте Ирактын "Ал-Самуд-2" үлгүсүндөгү тактикалык ракеталарынын жана ага тийешелүү бардык жабдуулардын жок кылынышы, ошондой эле Ирактын химиялык жана биологиялык куралдары жөнүндө инспекторлор топтогон жаңы маалыматтар камтылган. 6-мартта Бликс Ирактын куралсыздануусу акыркы жумаларда ыкчам жүрүп жатканын жана өлкөнү тынчтык жолу менен курасыздандыруу мүмкүн деген ишеним бар экенин билдирген.
Бирок саясий байкоочулар региондо 230 миң жоокерин топтоп, согушка даяр турган АКШ менен Британияны токтотуу мүмкүн болбой калганын айтышат. Бликстин отчету угулуп, талкуулар башталган соң Британия менен АКШ кеңешке Ирак боюнча жаңы резолюциянын долборун сунуш кылышмакчы. Анда Вашингтон менен Лондон Иракка кыска мөөнөттүү ультиматум койуп, анын бул убакыттын ичинде толук куралсыздануусун талап кылышы ыктымал. Аналитиктер мындай резолюцияны бир нече күндө аткаруу мүмкүн болбой турганын, бул жагдайдан пайдаланып АКШ менен Британия Иракка согуш ача турганын божомолдошот.