Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНДЕ ИРАКТЫ КУРАЛСЫЗДАНДЫРУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАРАТТЫ


БУУнун Коопсуздук кеңеши тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөрүлгөн жума күнкү отурумунда Ирак маселесинде бир пикирге келе алган жок. АКШ, Улуубритания жана Испания сунуш кылып, Улуубритания толуктоо киргизген резолюциялык жаңы долбоордо Ирак өкмөтүнө БУУнун курал-жаракты текшерүүчүлөрү менен толук жана кыйшаюусуз кызматташуусу үчүн марттын 17сине чейинки мөөнөт белгиленүүдө. Эгерде Багдад бул талапты аткарбаса, анда ага каршы согуш аракеттерин баштоо керек, - дешет бул сунуштун ээлери. Келээрки аптада бул резолюциянын добушка коюлушу күтүлүүдө.

7-мартта Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши өтө кызуу талаш-тартыштардын чордону болду. БУУнун курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөр тобунун жетекчиси Ханс Бликс өз баяндамасында “ас-Самуд-2” ракеталарын жок кылуу менен, Ирак массалык кыргын куралдарынан баш тартуу жаатында олуттуу кадам жасады деп айтты. Ал эми БУУнун өзөктүк кубат жаатын иликтеген агенттигинин башчысы Мухаммед ал-Барадейи болсо үч айлык текшерүүнүн жүрүшүндө “Ирак өзөктүк куралдарды тымызын өнүктүрүүдө” деген бүтүм чыгаруу үчүн эч кандай далил табылбаганын белгиледи. Бликс менен ал-Барадейи текшерүү иштерин улантуу зарыл деген пикирлери менен бөлүшүштү.

Британ тышкы иштер катчысы Жэк Строу болсо Иракты тынч жол менен куралсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн аскер күчүн колдонуу коркунучун айтуу менен бекемдөө зарыл деп эсептейт. Анын оюнча, Ирак куралсыздануу жаатында жарытылуу иш жасаган жок:


- Биз бул жагдайды таанууга тийишпиз: баяндамада айтылган прогресс дегенибиз – бул Ирактан талап кылынып, бүткөрүлбөгөн иштердин айсбергинин көзгө көрүнгөн чакан чокусу гана.

Строунун ою менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин ою бул жыйында да бир жерден чыкты. Колин Пауэлл:

- Деги, Багдад жетекчилигинен талап кылынган нерсе – Ирактын массалык кыргын куралдарын жок кылуу боюнча ал стратегиялык чечим жасай алдыбы? Менин түшүнүгүмдө, биздин оюбузча, Багдад анткен жок. Бул – кашкайган чындык. Биз, Коопсуздук кеңеши, дал ушул маселе менен алектенүүгө тийишпиз.

АКШнын тышкы саясатын жетектеген мекеменин башчысы Пауэлл, бирок, Коопсуздук кеңешинин башка үч туруктуу мүчөсүнүн – Франция, Кытай жана Орусиянын өкүлдөрүн ийите алган жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешине мүчө жакынкы чыгыштык жалгыз өлкө - Сириянын тышкы иштер министри Фарук аш-Шараа мындай деп айтты:

- Франция, Орусия, Кытай жана Германия согуш үчүн орун жок деп таасын, өзгөчө таасын айтып, баса белгилешти. Аталган өлкөлөр, эгерде курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөргө кеңири мүмкүнчүлүк берилип, алар өз мүдөөсүнө жетүү үчүн иш-аракеттерин эркин жүргүзчү болсо, анда Ирактын массалык кыргын куралдарын жок кылуу максатын тынчтык жолу менен жүзөгө ашырууга болот деген бекем ишеничте.

Ирактын БУУдагы элчиси Мухаммед ад-Дуринин сөзүнө караганда, АКШ менен Британия Ирактын мунайзатына сугун артып, жалпы араб дүйнөсүн өз үстөмдүгү астында кармоо үчүн бар аракетин жасоодо.

Ал эми француз тышкы иштер министри Доминик де Вилпен болсо өз өлкөсү согушка жол ача турган ар кандай резолюция долбооруна каршы вето коюу укугун пайдаланышы мүмкүн экенин эскертти:
- Биз эч кандай ультиматумду, автоматтык түрдө күч колдонуу сунушун кабыл ала албайбыз. Алар 17-мартты акыркы мөөнөт катары сунуш кылууда, ага чейин он эле күн бар. Биз мындай мезгилдик жадыбал түзүп алып, согушка карай бет алабыз деп санабайбыз.

АКШ, Британия жана Испания сунуштаган резолюциялык долбоор БУУнун Коопсуздук кеңешинин эч бир туруктуу мүчөсү ага каршы вето койбогон учурда, он беш мүчөнүн бери дегенде тогузу колдогон шартта кабыл алынышы мүмкүн. Бирок Саддам Хусейндин режими куралсыздандыруу жаатында кыйыктана берсе, анда АКШ БУУнун резолюциясы кабыл алынбаган чакта да Багдадга каршы аскердик өнөктүктү баштоосу мүмкүн экенин расмий Вашингтон саал мурдараак эскерткен.

XS
SM
MD
LG