Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

ЧЕХИЯНЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИНИН САЯСАТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында Чехиянын жаңы президенти Вацлав Клаус өлкөнүн парламентинде өзүнүн саясатынын негизги багыттары жөнүндө сөз сүйлөйт. Буга байланыштуу Чехиянын маалымат каражаттары өлкөнүн саясатында ыктымал боло турган өзгөрүүлөр туурасында сөз кылып жатышат.

Конституция боюнча Чехиянын президенти номиналдуу гана бийликке ээ. Өлкөнүн тышкы саясатын Демократтар, Элдик Партия менен Эркиндик Союзунан куралган коалициялык өкмөт аныктайт. Вацлав Клаустун Жарандык Демократиялык партиясы оппозицияда. Бирок салт болуп калгандай, президенттин тышкы саясаттагы ролу символдук болгондон алда канча жогору. Ошон үчүн азыр чех коомчулугунда оппозициячыл партиянын мүчөсү президент Вацлав Клаустун ыктымал жүргүзө турган тышкы саясаты туралуу талкуулар орун алууда жана президент Клаустун буга чейин жасаган билдирүүлөрү анын тышкы саясаты Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавелдикинен айырмалана тургандыгын айгинелөөдө.

Ушул жумада "Млада Фронта Днес" деген чех гезитине берген маалыматында Клаус: "Ирактагы режимди алмаштыруу максаты согушка мыйзамдык негиз бербейт!" - деп билдирди. Ал ошондой эле Ирактын башка өлкөлөргө коркунуч жаратып жатканына ынандырарлык күбөлөндүрүүчү фактылар жок экенин, “ал-Кайыда” террордук уюмун каржылаган өлкөлөр дүйнө калкы үчүн Иракка караганда алда канча коркунучтуу экенин белгиледи.

Чех политологдору президент Вацлав Клаустун өлкөнүн Европа Союзуна киришине карата көз карашы да мурдагы президент менен өкмөттүкүнөн айырмаланып келгенин айтышат. Клаус Чехиянын Европа Союзуна кошулушу өлкө үчүн пайдалуу боло турганын күмөндөп келген болчу. Бирок жакында өлкөнүн "Нова" деген менчик телеканалына берген интервьюсунда президент өлкөнүн Европа Союзуна кирүүсү боюнча июнда боло турган референдумга карата шаан- шөкөттүү өнөктүк уюштуруп, олчойгон каражат сарптоонун кереги жок экенин белгиледи:

- Менин көз карашымда жарандарыбыздын бул маселе боюнча жеке пикирлери бар. Алар аны өздөрү эле айкын билдиришет.

Саясий байкоочулар президент болуп шайланган соң, Клаус Европа Союзуна кирүү маселесине болгон көз карашын өзгөртүүгө мажбур боло турганын божомолдошот. Ал өз атынын "Чехиянын Европага кошулушуна бут тоскон" саясатчы катары тарыхта калышын каалабайт. Ошон үчүн Клаус эми Европа Союзуна кирүү же кирбөө маселесин эмес, келечектеги Европа уюму, анын формасы жана иш жүргүзүү ыкмасы жөнүндөгү маселелерди көтөрөт, дешет политологдор. Муну президенттин өзү да "Новага" берген интервьюсунда бышыктаган:

- Европанын келечекте кандай болоору жөнүндө ой жүгүртүүбүзгө мезгил келип жетти. Референдум Европага кирүү же кирбөөнү чечет. Бирок бул эчак чечилген маселе деп эсептейм.

Бирок саясий байкоочулардын көбү Клаустун Судет немистери жөнүндөгү пикири өзгөрбөй турганын божомолдошот. Германия азыр согуштан кийин Чехиядан күчкө салып айдалып чыккан Судет немистеринин мүлкүн кайтарып берүүнү талап кылууда.1997-жылы Вацлав Клаус премьер-министр болуп турганда Германия менен Чехиянын ортосунда кол койулган келишимде андай жобо каралган эмес.Вацлав Клаус: "Чехия келишимде каралбаган талаптарды аткарбайт"- деп билдирди.

XS
SM
MD
LG