БИШКЕК. «Карасуу шайлоо округунан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттагына ат салышпайм», - деп билдирди «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Үсөн Сыдыков 10-мартта. Анын айтымында, карасуулуктардан ага ушул округдан шайлоого катышуу боюнча сунуштар түшкөн. «Бирок Каракулжа шайлоо округу боюнча маселе бир жактуу чечилмейин, ал жердеги шайлоочуларымды таштап кете албайм», - деди Ү.Сыдыков. Ал № 33-Каракулжа шайлоо округу боюнча былтыр өткөн шайлоодо 48% добуш алып, экинчи айлампага чыккан. Бирок Ош шаардык сотунун, андан кийин Жогорку Соттун чечими менен Ү.Сыдыков шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.