Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

АРСАРСЫГАН “АЛТЫЛЫК”


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча экинчи резолюциянын долбооруна Британия алымча-кошумчаларды киргизмей болду. Ушуга байланыштуу документ шаршемби күнү же аптанын этегинде колго салынышы мүмкүн. Азырынча долбоорду кеңештин он беш мүчөсүнөн төрт өлкө колдоп, бешөө каршы чыгууда. Ал эми арсар позицияда турган алты өлкөнүн дипломаттары өз ара мунаса тапканга аракет кылышууда.

Коопсуздук кеңешин соңку кездери туш болгон дипломатиялык туюктан чыгарганы Британия экинчи резолюциянын долбооруна айрым түзөтүүлөрдү кийирүүнү чечти. Атап айтканда, ырасмий Лондон 17-мартка чейин Ирак аткара турган иштердин графигин бекитүүнү сунуш кылат. Эгер аталган мөөнөт ичинде Саддам Хусейндин режими белгиленген кадамдарды жасабаса, анда Ирак күч менен куралсыздандырылат.

Мындай сунуш Ирак кризиси боюнча ушу күнгө чейин арсар позицияда турган алты өлкөнүн өкүлдөрүн алымсындырат шекилди. Бери эле дегенде ушул айда коопсуздук кеңешине төрагалык кылып жаткан Гвинеянын ООНдогу элчиси Мамади Таоре аталган өлкөлөр мунасалуу чечим тапканга аракет кылып жатышканын ырастады. Анголанын элчиси Имаэл Гаспар Мартинес экинчи резолюцияны дагы ийине жеткирип иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, ультиматум ордуна Иракка конкреттүү бир мөөнөт койгон дурус болорун билдирди. Ошону менен бирге ал Ирак куралсызданууга тийиш, муну коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюциянын алкагында жасаганы абзел, деп кошумчалады.

Арсарлардын тобундагы дагы бир өлкө - Пакистан экинчи резолюцияга добуш берерде калыс калгысы келет. Муну өлкөдөгү башкаруучу партиянын лидери ырастаган эле, бирок Пакистандын ООНдогу элчиси Мунир Акрам азырынча Исламабад бир жаңсыл чечимге келе электигин билдирди. Анын сөздөрүнө ылайык, Пакистан добуш берерде бир катар фактыларды, анын ичинде Иракты жайчылык жолдор менен куралсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн, согуш кандай натыйжаларга алып келет, калк ага кандай карайт, өлкөнүн достору, анын ичинде Кошмо Штаттары бул тууралуу кандай ойдо, ушул сыяктуу жагдайларды эске алат.

“Алтылыктын” ичиндеги калган өлкөлөр – Мексика, Чили, Камерун дале өз позициясын ачык ырасташа элек. Бирок алар өздөрүнчө жаңы резолюциянын долбоорун камдап, анын бардык пункттары боюнча азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. “Алтылыктын” сунушунда Иракка 17-апрелге чейин аткара турган бир катар талаптар белгиленген. Документ шаршемби күнү коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө таанышуу үчүн таркатылып берилди дешет. Эгер бул маалымат чын болсо, анда Кошмо Штаттары менен Британия биргелешип иштеп чыккан экинчи резолюциянын тарапкерлери көбөйө турганы кадиксиз.

ООНдун Уставына ылайык, резолюция кеңештеги он беш өлкөнүн тогузу жактап, туруктуу мүчөлөрдүн эч кимиси вето укугунан пайдаланбаган шартта гана кабыл алынат. Бирок Франция менен Россия экинчи резолюцияга вето саларын эскертишти. Буга байланыштуу Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшер кокус Саддам Хусейнди куралсыздандырганга ООНдун кудурети келбесе, муну эл аралык экинчи бир коалиция жасай тургандыгын, буга ошол эле коопсуздук кеңешинин мурдагы резолюциялары жүйөө берерин эскертти. Ак үйдүн ырасмий өкүлү ошондой эле Кошмо Штаттары Иракка каршы каолициялык негизде же болбосо жалгыздап деле согушканга даяр экендигин ырастады. Косово менен Руандада кызыл кыргын жүрүп жаткан кезде да ООН четте калган эле, эгер коопсуздук кеңешинин чечимин күткөндө, анда Слободан Милошевич азыр түрмөдө эмес, бийликте отурмак, деп эске салды ал.

XS
SM
MD
LG