Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН XIV СЕССИЯСЫ БАШТАЛДЫ


Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын XIV сессиясы ишин баштады. Палата кезектеги бул сессиясында 35 маселени талкуулашы керек. Алардын алгачкы төрт маселесин палата алгачкы отурумунда талкуулап, чечим чыгарды.

Парламент талкуулай турган башкы маселелердин катарында кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Соттун, Эл өкүлдөр жыйынынын отчеттору, «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам бар. Салык кодексине байланышкан 28-маселенин олуттуулугун эске алып, сессия отуруму аны 5-маселе катары кароо чечимин чыгарды. Айыл чарба азыктарын сатууга кошумча нарк салыгын киргизген бул мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны февраль айынын башында кабыл алган.

Өкмөт мүчөлөрү сессияга толук курамында катышып отурганына карабастан, күн тартибине кирген мындай өзгөрүү премьер-министрдин отчетун кийинкиге жылдырды. Ал эми XIV сессиянын алгачкы отурумунда күн тартибине сессияны чагылдырууга, спорт, жаштар, маалымат каражаттары менен иштөө маселелери боюнча комитеттин жана Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын отчетторуна байланышкан төрт маселе каралып, негизги көңүл төраганын отчетуна бурулду. Алтай Бөрүбаев өз билдирүүсүндө былтыр аткарылган иштерге токтолуп, анын ичинен социалдык-экономикалык маселелерге, парламент аралык мамилелелерге байланышкан иштердеги палатанын өзгөчө ордун белгиледи. Ал саясий окуялардын ичинен Аксы окуясын жөнгө салууга кошкон палатанын салымына өзгөчө баа берди:
- Депутаттар Шерниязов, Рүстөмбеков, Иманалиевдин колдоосу, ошол жерде биздин палатабыздын демилгеси менен, элдик дипломатияны колдонуу менен аздыр-көптүр кошкон салымыбызды бүгүнкү отчетумда баса көрсөтүп коюуну эп көрдүм.

Отчетту талкуулоо учурунда депутаттар жаңы иштелип жаткан «Регламент жөнүндөгү» мыйзам долбоору, палатанын уюштуруу иштери өңдүү учурдун урунттуу маселелерине байланышкан суроолорго жооп алууга аракет кылышты. Ошондой эле төраганын депутаттардын абийирин, арнамысын жана коопсуздугун камсыз кылуу милдетине таандык маселе да көтөрүлдү. Бул ириде «Вечерний Бишкек» гезити Жогорку Кеңештин депутаттарынын финансылык чыгымдарын сындап жазган «Кыргызстандын жакырдыгы менен жаркырагы»(«Блеск и нищета Кыргызстана») аттуу макалалар түрмөгү менен байланыштырылды. Алтай Бөрүбаев регламентте көрсөтүлгөн бул милдетти аткарып жатканына мисалдарды келтирип, аталган макалаларга өз көз карашын билдирди:

- «Вечерний Бишкек» гезити өкмөттүн гезити болбогону менен, айрым билдирүүлөрдү мен колдобойм. Бир тараптуу чагылдырылган. Премьер-министрди бекитүүгө макулдук берген Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын 300 миң сомдук фонду менен премьер-министрдин 25 миллион сомдук фондун салыштырып болобу? Бул эч кандай сынды көтөрө албайт.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар төраганын ишине 41 добуш менен оң баа беришти. Добуш берээр алдында алар өздөрүнүн кеңеш-каалоолорун айтышты. Маселен, депутат Исхак Масалиев мындай деди:

- Менин бир каалоом, Алтай Асылканович: эгер сиз мындан ары да төрага болууну кааласаңыз, айрыкча депутаттардын абийирин жана ар-намысын коргоодо катуураак болсоңуз. Менчикпи-менчик эмеспи, мамлекеттикпи-мамлекеттик эмеспи, уялыштын кереги жок, акыры сиз төрагасыз да. Сиздин артыңызда биздикин кошкондо 2,5 миллион шайлоочу турат.

Исхак Масалиев менен Муратбек Мукашевдин ушул өңүттөгү сунуштарын колдогон депутат Болот Байкожоев спикерге мындай деди:

- Сиз принципиалдуусуз. Дагы принципиалдуу болуңуз. Мына сиздин артыңызда 44 депутат турат. Эч нерседен коркпош керек. Маселени туура коюш керек. Анан кийин: көп учурда, мына, жети-сегиз өкмөт кетти - бирөөсү да эч нерсеге жооп берген жок. Акыры биз күнөөлүү болуп калып атабыз.

Сегизинчи премьер-министр Николай Танаевдин отчету «Салык кодексине өзгөтүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү» мыйзамга карата палата көз карашын аныктагандан кийин угула турган болду. Аталган мыйзамга болсо палата 12-мартта түштөн кийин киришет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG