Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

БРИТАН ӨКМӨТҮН КРИЗИС АҢДЫЙ БАШТАДЫ


Кошмо Штаттарынын эң жакын союздашы Британия ички саясий себептерден улам Иракка каршы аскерий акцияларга катыша албай калышы ыктымал. Бул тууралуу беймаалым булактарга таянып, Си-би-эс телекомпаниясы кабарлады. Британдык гезиттер да шаршемби күнкү сандарында аталган теманы алдыңкы планга чыгарышты. Бирок ырасмий Лондон эки өлкөнүн аскерий кызматташтыгы кынтыксыз уланып жаткандыгын, согуш болчу райондорго жуук жерлерге топтолгон контингент операцияга шайма-шай тургандыгын ырастады.

Си-би-эстин маалыматтары боюнча, Ирактагы согушту британдыктардын 20 проценти гана колдойт. Тони Блэрдин кабинети коомдук пикирге кол шилтеп кое албайт, бул азыркы өкмөт үчүн өзүн-өзү өлтүргөнгө тете болмок, деп белгилейт Си-би-эс. Бул аз келгенсип, кабинеттин өзүндө ич ара араздар тутанды. Эгер Лондон Бириккен Улуттар Уюмунун санкциясы жок Иракка каршы согуш баштаса, өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызматтан кете тургандыгын жарыялашты. Эл аралык өнүгүү министри Клер Шорт, мисалы, премьер-министрдин позициясын жеткен көөсөрлүк деп атады. Шорт айымдын ишениминде, Ирактагы согушка бир гана ООН мандат бере алат, андай болбогон күндө мунун баары эл аралык укукту тебелеп-тепсегендик болот. Андан мурдараак өкмөттүн дагы бир мүчөсү – консерватор Эндрю Рид да өзүнүн отставкасын жарыялаган эле. Мындан тышкары, ”Санди таймс” гезитинин маалыматтарына ылайык, өкмөттөгү министрлердин бешке чукул жардамчылары да ырасмий Лондондун Иракка байланыштуу саясатына нааразылык билдиришти. Кабинеттеги “козголоңчулардын” саны, гезиттин болжолунда, баш-аягы онго жетиши ыктымал. Акырында премьер-министр Блэрдин лейбористтер партиясынан 120дай депутат жакында өкмөттүн Ирактагы пландарына каршы добуш беришкен эле. Атүгүл лейборист-депутаттардын бири Тэм Дэлуэлл кезексиз партиялык конференция чакырып, анда Блэрдин персоналдык ишин, тактап айтканда, анын лидерлиги жөнүндөгү маселени талкууга коюуну талап кылды. Бирок лейбористтер партиясынын төрагасы Жон Рид буга эч кандай зарылдык жок экенин белгилеп, премьер-министрге каршы саясий кампания ачкысы келгендерди эч кимге белгисиз жалгыз-жарым кутумдар дегендей кыяпта сыпаттады.

Деген менен абройлуу британ гезиттеринин ырастоолоруна ылайык, ырасмий Лондон Вашингтон менен биргелешип ООНдун коопсуздук кеңешине койгон резолюциянын долбоорундагы айрым пункттарды оңдоп-түздөп чыкканга апыл-тапыл тартипте кирише баштады. Атап айтканда, британ өкмөтү Саддам Хусейнге бериле турган акыркы мөөнөттү - 17-мартты дагы он чакты күнгө узартууну сунуш кылганы жатат. Британиянын ООНдогу туруктуу өкүлү Жереми Гринсток бул темада сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын жашырбады, бирок соңку мөөнөттү эмдиги айга калтыруу туралуу эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес деп ишендирди. Ошол эле Си-би-эс, британдык бир катар гезиттер Тони Блэр Ирактагы аскерий акциялар үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан ырасмий уруксат алууну абзел деп эсептей тургандыгын Вашингтонго билдиргенин айтып жатышат.

Шейшемби күнкү пресс-конференцияда Блэр өзү да коопсуздук кеңешинде кантсе да бирдиктүү позиция табуунун зарылдыгын моюнга алган эле. Ошол учурда ал резолюцияга баары бир вето салганы жаткан өлкөлөрдүн пландарына камтамачылык да билдирди. “Менин чочулаганым,-
деп айтты Блэр, айрым өлкөлөрдүн резолюцияга вето коебуз деп жатканын Саддам Хусейн капкандан кутулгандай кабыл алышы мүмкүн”. Лондон менен Вашингтон биргелешип сунуш кылган резолюциянын Коопсуздук кеңешинде колго салынганы жатканы, Блэрдин баасында, Европа менен АКШнын ортосундагы мамилелердин келечегин аныктай турган иш. “Европа менен Американын ортосуна жарака салуу аракети, жарым кылымдан бери бизге айныксыз шарапатын тийгизип келаткан бул альянстын арасын алыстатуу мүдөөсү өтө опурталдуу кадам болор эле”, - деп айтты Блэр. Тараптар мындайга жол бербөө үчүн азыр орток пикир тапканга астейдил умтулуп,түнү-күнү күч үрөп иштеп жатышат.

Пентагондун башчысы Дональд Рамсфельд Ирактагы аскерий операцияга Британия чоң салым кошоруна бекем ишенич билдирди. Бирок кайсыдыр бир себептерден улам британдыктар акцияга катыша албай калса, анда америкалык аскерлер өздөрү эле иштин өтөсүнө чыгат, деп ырастады Пентагондун башчысы.

XS
SM
MD
LG