Кытай бийлигинин «жүрөгүн өйүткөн» маселе Шынжан-Уйгур автономиялык району экенин «Известия-online» жазат. Кытайдын куралдуу күчтөр жетекчилиги жакында сепаратисттик элементтерди эскертип, эгерде алар кара ниеттик кадамдарга бара турган болсо, «ырайымсыздык менен» басыла тургандыгын расмий түрдө билдирген. Кытай бийлиги менен уйгурлар араздашуусу 1950-жылдардан башталган.
Ошондон тартып регионго өлкөнүн башка жагынан ханзуларды көчүрүп келүү жумушу башталган. «Азыр автономиялуу райондо жашаган калктын 42 пайызы уйгур, 6 пайыздан көбүрөөгү казак,1 пайызы кыргыз, ал эми 1949- жылы Чыгыш Түркстан аталышта өз алдынча мамлекет болуп турганда региондо болгону 10 пайыз гана кытай жашаган», - деп жазат газета.
«Российская газета» Иракта болгону жаткан согушка Борборазиялык лидерлердин пикири ар башка экендигин жазып чыкты. Ирак проблемасында АКШнын саясатына кошулбаган президенттерден газета Аскар Акаев менен Нурсултан Назарбаевди атаган.Кыргызстан менен Казакстан жетекчилеринин пикиринде,Ирактын тегерегиндеги жагдай баштан-аяк Бириккен Улуттар Уюмунун контролдугунда болууга тийиш. Андай уруш болсо АКШнын саясатын колдоого алабыз деген лидерлер,гезиттин кеби боюнча,Ислам Каримов менен Сапармурад Ниязов болушкан. Өзбекстан президентинин сөздөрүнө ылайык,«Саддам Хусейндин массалык апаат салчу куралы бар же жок экенин бир да мамлекет билбейт. Иштин аныгына жетүү үчүн БУУ менен Коопсуздук кеңеши ондогон чечим чыгарган. Бирок Хусейн дүйнөлүк коомчулуктун талабына кайдигер карап, тил эмизгенин улантып келе жатат». Андан аркы кебинде Каримов : «БУУ кезегинде талиптерге каршы да ондогон чечим кабыл алган, бирок талиптер ал чечимдерди тооткон эмес. Акыры америкалыктар менен анын НАТОлук өнөктөштөрү чечкиндүү түрдө аракет жасап,талиптердин проблемасын чечти», - деп билдирген.
Орусияда президент Путин бийликке келгенден бери биринчи күч органдар структураларындагы жетекчилер алмаштырылды.Мунун себебин айрым аналитиктер Мамлекеттик Думага шайлоо чукулдап калганына байланыштырышса,башка бирөөлөрү эски КГБ түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында жасалган аракет дешет.
«Яблоко» кыймылынын жетекчиси Григорий Явлинский : «Бул – сыртынан караганга, жетекчи кадрларды ротациялоо өңдөнүп көрүнөт. Бирок анын чыныгы жүйөөлөрү эмнеде экенин биз билбейбиз», - деди.
«Московский комсомолец» Түркмөнбашынын эмгектери беларус тилинде чыккандыгын кабарлады.Газета жазгандай,«Рухнаме» кыйла тилге которулган. Орусияда басылып чыккандан кийин аны Кыргызстанда которуп, жарыкка чыгарышкан. Эми «Улуу Сапармураддын мурасы менен беларустар таанышат», - деп белгилейт газета.Ошол эле гезит шейшемби күнү Жалалабадда областтык төрөт үйүнүн башкы врачы кармалгандыгын кабарлады. Башкы дарыгер төрөтканада энелери таштап кеткен ымыркайларды башка бирөөлөргө сатып жүргөн деген айып менен кармалган. Камакка алынган күнү эле ал бир бөбөктү 10 миң сомго саткан экен. Асыранды бала сатып алган адам жаңы эле жол тартып бараткан жерде кармалган,деп айтылат кабарда.