Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

КМШнын ЧЕК АРА КЫЗМАТ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ БИШКЕК ОТУРУМУНА ЧОГУЛУШТУ


Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Чек ара кызмат башчылар кеңешинин 46-отуруму өттү. Анда 10 өлкөнүн чек ара кызмат жетекчилери күн тартибине кирген маселелер боюнча чечим кабыл алышты. Чек ара кызмат жетекчилерин ушул эле күнү кыргыз президенти Аскар Акаев кабыл алды. Кеңешке кирген өлкөлөрдүн ичинен Түркмөнстан менен Өзбекстандын чек ара кызмат жетекчилери Бишкек отурумуна катышкан жок.

КМШ мамлекеттеринин чек ара коопсуздугуна колдоо көрсөтүү максатында мамлекет башчыларынын макулдашууларына ылайык 1992-жылы түзүлгөн Чек ара кызмат башчылар кеңешинин алгачкы жыйыны 1992-жылы 16-июлда болгон. Ал эми Бишкекте кеңештин мүчөлөрү үчүнчү ирет чогулуп отурушат. Кеңештин бул отурумун анын төрагасы Константин Тоцкий менен Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев ачышты.

Бул отурумда чек ара кызмат башчылары жети негизги жана алты ар кыл багыттагы маселелерди талкуулашты. Алардын негизгилери катары кызматташтыкты өркүндөтүү багытында жүргүзгөн иш-чараларды, кылмыштуулукка жана наркозаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү биргелешип каржылоо маселелери талкууланып, анын негизинде чечим кабыл алынды. Келерки жылы аткарылчу иштердин багыттары да белгиленди. Мындан тышкары чек араны кайтаруунун жагдайы тууралуу кеңири талкуу болду. Бул маселени отурумдун акырында өткөрүлгөн маалымат жыйынында кеңештин координациялык кызматынын башчысы Виталий Грицан башкы маселе катары баалады:

- Калыбы, бул башкы маселе болсо керек. Чек ара кызмат башчылары бир саат бою чек араны кайтаруу боюнча иш жагдайы, чек ара тармагынын абалы, түзүлгөн проблемалар боюнча пикир алышты. Пайда болгон тигил же бул проблеманы чечүүгө жардам көрсөтүү аракетин көрүштү.

Маалымат жыйынында берилген суроолорго ылайык берген жообунда Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев кыргыз-өзбек чек арасындагы жагдай боюнча маалымат берди:

- Азыр Жалалабад менен чектеш аймактарга мамлекеттик чек араны кайтарууга жана коргоого мүмкүнчүлүгү жеткидей өлчөмдө чек ара бекеттери коюлууда. Ош облусунун аймагында да эки тараптан тең ар кандай кокустук аракеттердин ыктымалдыгын жөнгө салыш үчүн чек ара бекеттерин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле 1999-жылы коюлган миналардан чек ара аймактарын бошотуу маселелерин талкуулап жатабыз. Мен өзбекстандык кесиптештерим менен өз ара түшүнүшөөрүбүзгө үмүтүм бар.

Ушундай эле чек ара бекеттери Казакстан менен чектеш аймактарга да коюлат. Садиевдин айтымында, мындай аракет терроризмге, наркобизнеске, мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу максатында эки өлкөнүн макулдашуусунун чегинде ишке ашырылышы керек.

Кеңештин отурумунда чек ара кызматтарынын өкүлдөрү наркосооданын арымы кеңейип баратканын жана ага каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын баса белгилешти. Бул тууралуу Виталий Грицан мындай деди:

- Бир кезде үмүт арткан АКШ баштаган коалициянын антитеррордук операциялары Ооганстандагы бийликти алмаштырды. Бирок ал жактан келип жаткан баңгизаттын өлчөмүн бир чымчымга да, бир килограммга да азайткан жок. Ал тургай өткөн жылга салыштырмалуу быйыл чек арадан өткөн баңгизаттардын саны көбөйүп кетти.

Жыйындын соңунда Бишкек жыйынынын маанисине Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев мындайча токтолду:

- Кыргызстан үчүн, биринчиден, Бишкекте 46-кеңешменин өткөнү да тарыхый бир учур. Экинчиден, чек ара кызмат башчыларынын жетекчилери келип, көп нерселерди сүйлөшүп алдык. Анын ачык айтылганы да бар, ачык айтылбаганы да бар. Негизин айтканда көп маселелерди чечип алдык.

Кеңештин жаңы төрагасын дайындоо маселеси келерки отурумда каралмак болду. Бул маселе кеңештин азыркы төрагасы Константин Тоцкийдин Орусиянын НАТОдогу өкүлү болуп дайындалышына байланыштуу көтөрүлүп отурат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG