Шаршемби күнкү консультацияда сүйлөгөн сөзүндө Британиянын БУУдагы өкүлү Жереми Гриинсток Ирак боюнча резолюцияда Багдадга кошумча дагы 6 талап коюла тургандыгын билдирди. Президент Саддам Хусейн өлкө массалык кыргын салуучу куралдарды чыгарганын эл алдында ачык мойнуна алып, Ирактын бардык жарандарын БУУнун курал инспекторлору менен кызматташканга үндөөгө тийиш. Курал инспекторлоруна 30дай аскерий адистер менен Ирактын сыртында көзмө-көз сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ирак өлкөдө калып жаткан 10 миң литр күйдүргү вирустарын, биологиялык, химиялык жана башка куралдарын тез аранын ичинде жок кылууга милдеттүү. Андан тышкары катылып жаткан биологиялык куралдарынын баарын ачыкка чыгарып, алар жөнүндө толук маалымат бериши керек. Ошондой эле "ас-Самуд –2" үлгүсүндөгү ракеталарын жок кылууга тийиш. Ирак БУУга берген декларациясында көрсөтүлбөгөн учактарынын так санын, анын ичинде учкучсуз уча турган аскердик самолетторун текшерүүдөн өткөртүүгө милдеттүү.
Бирок бул сунуштар резолюция боюнча кандай добуш берүүнү чече элек өлкөлөрдү да, резолюцияга вето коюуга кесенип жаткан Франция менен Орусияны да ийиткен жок. Мексика менен Анголанын өкүлдөрү сунуштарды өз өкмөттөрү менен талкуулаша турганын билдиришти, ал эми Орусия менен Франция жаңы сунуштар Иракка ультиматум койгон резолюциянын маани-маңызын өзгөртпөгөнүн, Иракка автоматтык түрдө согуш ачуу шарты документте кала берип жатканын билдиришти. Орусиянын БУУдагы өкүлү Сергей Лавров:
- Орусиянын позициясын билесиздер. Биз өлкөгө ультиматумдун, акыркы мөөнөттүн же күч колдонууга автоматтык түрдө жол ачкан башка шарттардын койулушуна каршыбыз!
Резолюция долбоорунун авторлору АКШ менен Испания Британиянын сунушуна каршылык билдиришкен жок. Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Жон Негропонте резолюцияга колдоо алуу максатында күч үрөп жатканы үчүн британиялык кесиптеши Гриинстокко ыраазычылыгын билдирди. Бирок Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бул сунуштар менен британ премьери Тони Блэр резолюцияга колдоо алуу үчүн эмес, саясий керт башын аман алып калуунун амалын жасап жатканын айтышат. Анткени акыркы күндөрдөгү окуялар премьердин үстүндө кара булут уюлгуй баштаганын айгинелеп турат. Блэрдин Иракка Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы жок эле сокку урууга кесенип жатканына ачуусу келген бир топ депутат мындай кадам дүйнө элдеринин укуктарын одоно бузуу боло турганын жана андай өкмөткө ишеним көрсөтө албай турушканын билдиришти.
Ал эми Блэрдин Лэйбористтер партиясынан шайланган айрым депутаттар премьердин персоналдык ишин карап, анын партиядагы лидерлиги туралуу маселени күн тартибине коюуну талап кылып жатышат. Депутаттар британиялыктардын көбү согушка каршы экенин жана өкмөт коомчулуктун пикири менен эсептешүүгө милдетүү экенин айтып жатышат. Бирок өкмөттүн ичинде да Блэрдин жүрүм-турумуна нааразы болгондор көбөйүп баратат. Алардын айрымдары эгер Блэр Коопсуздук кеңешинин уруксатысыз согушка катышса иштен кете турганын жарыялашты. Айрым маалыматтар боюнча, чындап келгенде андай козголоңчул министрлердин саны ондон кем болбойт. Ошон үчүн Британиянын шаршембиде киргизген сунуштарын Ирактын БУУдагы өкүлү Мохамед ал-Доури: "Сунуштар Ирак кризисинен эмес, британ кризисинен чыгуунун амалы!"- деп сыпаттады.
Ирак маселеси Блэрди эле жарга такабастан, Америка менен Британиянын мамилелерине да жик салмак болду. Блэрдин саясий керт башын аман сактап калуу аракеттерине ич күптү болгонун жашыра албаган Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшер шейшембиде жасаган билдирүүсүндө АКШ Иракка Британиясыз эле сокку ура алат деп эскертти. Ушундан улам айрым саясий байкоочулар Саддам Хусейн жарым кылымдан бери ортосунан кыл өтпөгөн батыш шериктештигине жарака кетиргенин айтып жатышат.