Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

ЮРИЙ ЯРОВДУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫ КАЙЧЫ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТТЫ


12-13-мартта КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Юрий Яров Бишкекте эки күндүк иш сапары менен болду. Бирок Москвадан келген мейман бир да журналист менен маектешкен жок. Талдоочулар «КМШга кирген төрт мамлекет – Орусия, Украина, Беларусь жана Казакстан - бирдиктүү экономикалык аймак түзүү ниетин билдиргенден кийин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин абалы кыйла солгундай түштү» деген пикир айтышууда.

КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Юрий Яровдун Кыргызстанга келген эки күндүк иш сапары тууралуу массалык маалымат каражаттары дээрлик эч кандай материал беришкен жок. Себеби мейман бир да журналист менен баарлашпай кетти. Юрий Яров менен Кыргызстандын жетекчилиги жабык эшик артында жолугушту. Жергиликтүү талдоочулар жана журналисттер мунун өз себеби бар дешүүдө. Орусиянын, Украинанын, Беларустун жана Казакстандын мамлекет башчылары 23-февралда Москвада жолугуп, бирдиктүү экономикалык аймак түзүү тууралуу ниетин жарыя кылышкандан кийин КМШнын тагдыры мындан ары кандай болоору даркүмөн ойлорду жарата баштаган эле.

Күз айларында пайда боло турган төрт мамлекеттин жаңы биримдигине карата Кыргызстандын позициясы кандай экендиги да ушул убакка чейин ачыкка чыгалек. Болгону, «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, эгер бул жаңы уюм КМШнын абалына оң таасир тийгизсе, аны Кыргызстан колдой турганын айткан:

- Төрт мамлекеттин Москвада чогулуп интеграция түзүү демилгеси КМШ мамлекеттеринин интеграциясына пайдалуу таасирин тийгизсе, биз андай чечимди колдойбуз. Албетте, бул тууралуу консультациялар өткөрүлөт, сүйлөшүүлөр жүрөт.

Бирдиктүү экономикалык аймак түзүп жаткан төрт мамлекет «КМШнын башка өлкөлөрүнө эшигибиз ачык» дешкени менен, Кыргызстандын кол-жолун бууп турган нерсе – анын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө болуп турган абалы. Ошондон улам КМШнын аткаруу комитетинде Кыргызстандын өкүлү катары иштеп келген Үсөн Сыдыков Юрий Яровдун Кыргызстандын жетекчилиги менен жабык эшик артында сүйлөшүүсүнө себептер жетиштүү деп эсептейт:

- Төрт мамлекет «бирдиктүү экономикалык биримдик түзөбүз» дешти. Азырынча Кыргызстандын бул уюмга кирер-кирбеси белгисиз, - дейт Үсөн Сыдыков. - Себеби Кыргызстан - Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү. Ал эми бул төрт мамлекет Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө эмес. Эгер Кыргызстан бул жаңы биримдикке кирем десе, анда Дүйнөлүк Соода Уюмунан чыгышы керек. Юрий Яровдун Бишкекке келип, жолугушууларын жабык эшик артында өткөрүп жатышы ушул себептерге байланыштуу.

Үсөн Сыдыковдун айтымында, КМШ, ЕврАзЭС сыяктуу уюмдардын иштебей жатканынын себеби - КМШнын курамына кирген мамлекеттер өз мыйзамдарын өздөрү түзгөн уюмдардын талабына жараша өзгөртүүнү каалабай келатканында:

- Кандай гана уюм же биримдик болбосун, ага жетиштүү бийлик жана укук берилбесе, анда андай орган эч убакта иштебейт. КМШнын тагдыры да ошондой болду. Мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери жыйналып, мурдатан даярдалган документтерге кол коюшат да тарап кетишет. Бирок ошол эле мамлекет башчылары, премьер-министрлер өз өлкөлөрүнө келишет да ошол эле өздөрү түзгөн уюмдун ишине каршы келген жардыктарды, буйруктарды чыгарышат. Ар бир уюм же биримдик иштеши үчүн анын курамындагы ар бир мамлекет өз мыйзамдарын оңдоого тийиш. Тилекке каршы турмушта андай болбой жатат.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, президент Аскар Акаев менен Юрий Яров 27-февралда Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык карым-катышына арналган илимий жыйындын жыйынтыктарын талкууга алышты. «Президент Аскар Акаев жолугушуу маалында КМШнын тагдырына жана эркин соода аймагын түзүү боюнча маселелерде позицияларды тактап алыш үчүн мындай иш сапарлары баалуу экендигин белгиледи», дейт өлкө башчысынын басма сөз кызматы. Айта кетүүчү нерсе - аталган илимий жыйында окумуштуулар жана саясатчылар КМШ мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык карым-катнашты мындан ары жакшыртуу боюнча өз сунуштарын иштеп чыгышкан эле.

Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, Кыргызстан төрт мамлекет түзүп жаткан бирдиктүү экономикалык аймак КМШнын ар тараптуу чыңдалуусуна жакшы таасирин тийгизет деген ниетте:

- Мурдагы советтик аймактагы өлкөлөрдүн интерграциясы ар тараптуу деңгээлде жүрүп жатат деген ойдобуз. Ошондон улам төрт мамлекеттин мындай демилгеси КМШ өлкөлөрүнүн өз ара мамилесин чыңдайт деген гана илгери үмүттөбүз.

Анын айтымында, учурда кыргыз өкмөтү КМШнын аткаруу комитетиндеги буга чейин Үсөн Сыдыков ээлеп келген жалпы агрардык рынок департаментинин жетекчилигине жаңы адамды караштырууда.

XS
SM
MD
LG