Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

КИПР КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Европалык комиссия Кипр тынчтык сүйлөшүүсүнүн соңку айлампасы майнапсыз аяктаганы тууралуу шейшембиде атайын билдирүү жасады. Бирок Бириккен Улуттар сүрөөнчүлүк кылган бул сүйлөшүүнүн ийгиликсиз аякташы Кипрдин грек бөлүгүнүн Европа Биримдигине кабыл алынышына бөгөт боло албайт. Бул пикир билдирүүдө баса белгиленген.

Европа Биримдигинин аткаруу бийлиги – Европалык комиссия марттын 11инде Брюсселде жарыялаган билдирүүсүндө БУУнун сүрөөнчүлүгү менен өткөрүлгөн тынчтык сүйлөшүүнүн натыйжасыз аякташына өз өкүнүчүн айтты.
Бирок Комиссиянын өкүлү Жан-Кристоф Филоринин сөзүнө караганда, Кипрдин грек бөлүгүнүн Биримдикке кабыл алынышы үчүн азыр деле кедерги жок:

- Аралдын саясий биригиши – Европа Биримдиги үчүн артыкчылыктуу саясий мүдөө болгонуна карабастан, Еврокомиссия Кипрди мүчөлүккө кабыл алуу жараяны азыркы учурда жүзөгө ашырылып жаткан мөөнөттүк ирээтке ылайык улантыла бермекчи деп тастыктайт. Бул үчүн зарыл болгон мыйзамдык чаралардын бардыгы тең алдын-ала көрүлгөн.

1999-жылы декабрда Хелсинки саммитинде Биримдик кабыл алган чечимде Кипрдин саясий биригиши аралдын Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алынышы маселеси үчүн алдын-ала коюлчу шарт болбой турганы айтылган. Биримдиктин былтыркы Копенгаген саммити да ушул чечимди тастыктаган.

Европалык Комиссиянын азыркы Кипр саясаты төмөнкүдөй: аралдын саясий биригиши кечеңдей берсе деле анын гректик бөлүгү Биримдикке кабыл алына берет. Кийинчерээк, Кипрдин түрк бөлүгү грек бөлүгү менен бирдиктүү мамлекетке кайра баш кошкон чакта, Европа Биримдиги Кипрдин мүчөлүккө кабыл алынгандыгы тууралуу мурдагы келишимге кошумча оңдоо киргизип чектелет.

Албетте, Кипр маселеси оңой-олтоң да эмес. Ушул тапта Филори мырза да, Европалык Комиссиянын башка өкүлдөрү да Кипрдин грек бөлүгү Европа Биримдигине мүчө болгондон кийин аралдын башкы саясий көйгөйлөрү кандай нукта чечилиши мүмкүн экенин боолголоп айта алышпайт. Түштүктөгү мекендештери Биримдикке өткөн чакта Түндүк Кипр тургундары Европа Биримдиги тарабынан аралдын өз укугунан ажыратылган тургундары катары каралабы, же Биримдик үчүн тек гана чет өлкөлүк болуп саналабы, бул суроого да Европалык Комиссиянын өкүлү Филори так жообун айта алган жок.

Марттын 10унда Кипрдин грек жана түрк жамааттарынын жетекчилерин ийитип, аралды саясий бириктирүү боюнча өз тынчтык долбоорун жүзөгө ашырууга белсенип турган БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан бул үмүтү ордунан чыкпай калган соң да аралдын ынтымактуу болочогунан күдөрүн үзбөстүгүн айтты. Бирок ошол эле учурда Аннан мырза БУУнун Кипрдеги кеңсесин жабууга, өз өкүлүн Нью-Йоркко кайтууга көрсөтмө берди.

Европа Биримдиги Түркияны да Кипр маселесин чечүүгө олуттуу салым кошууга чакырууда. Кипр аралы Грекиядагы хунтага таянып, айрым кипрдик гректер козголоң чыгарган учурда, 1974-жылы жайында кипрдик түрктөрдү коргоо урааны менен Түркия аскерлерин аралга киргизгенден бери түндүк-түштүк болуп жиктелип келет. Аралдын азыркы жана жакынкы болочокку тагдыры жалаң гана арал тургундарынын эрки менен эмес, Грекия, Түркия жана Европа Биримдиги сыяктуу сырткаркы “оюнчулардын” саясаты менен да байланыштуу болууда. Серепчилер бул маселеде саясий тараптардын “керкисинде да, кемигинде да” өз ара жеңилдикке баруудан баш тарткан кемчилик бардыгын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG