Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Г.ШРӨДӨР: ЭКОНОМИКАНЫ ЭЛ КӨТӨРӨТ


Германиянын өкмөтү ири масштабдуу экономикалык реформалардын программасын жарыялады. Ага ылайык, мамлекеттик дотациялар кыскартылат, социалдык системанын структурасы өзгөртүлөт. Кабинеттин ишениминде, алдыдагы реформа өлкөнү Европадагы өнүгүүнүн алдыңкы позициясына алып чыгат. Буга немец коомундагы бардык күчтөр - бизнесмен-ишкерлер, эмгекчилер, кызматкерлер жана пенсионерлер өз үлүшүн кошууга тийиш. Бул тууралуу жума күнү бундестагда чыгып сүйлөп, канцлер Герхард Шрөдөр билдирди.

Канцлер Шрөдөр өлкөнү азыркы кризистен чыгарганга калктын өзүн активдүү катышууга чакырды. Немец коому, канцлердин сөздөрүнө ылайык, Германияны кайрадан континенттеги экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн туу чокусуна алып чыга турган мүмкүндүктөрдү табууга тийиш. Ошондой тарыйкалардын бири катары Шрөдөр баарыдан мурда эмгек мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуш кылды. Канцлер аларды өтө эле ийкемсиз деп эсептейт. Анын айынан жумушчу күчүнүн наркы кымбаттап,өзүн актабай жатат. Өзгөчө социалдык чыгымдар казынага олокон тоодой оорчулук келтире баштады. Социалдык системанын структурасы акыркы элүү жылдан бери иш жүзүндө өзгөргөн жок, деп айтты канцлер. Шрөдөр эмгек рыногун либералдаштырып, социалдык программаларды кыскартууну сунуш кылды. Атап айтканда, жумушсуздук үчүн жөлөкпул эми 55 жаштан жогоркуларга бир жарым жылга, калгандарга 12 айга гана төлөнөт. Башкалардын аркасы менен жан бакканга мындан ары эч кимге мүмкүндүк берилбейт, деп айтты өкмөт башчысы. Радикалдуу мындай реформаларды өткөрмөйүнчө, канцлердин сөздөрү боюнча, Германия Европадагы көч баштаган өлкө бойдон кала албайт. Федералдык өкмөттүн башчысы бундестагдын депутаттарына эки нерсени, бир жагынан өлкөнүн экономикалык жана социалдык бакубатчылыгы, экинчи жактан Германиянын эски континенттеги, ал эми Европанын жалпы дүйнөдөгү ролу ич ара тутамдаш маселе экенин эскертип, бул немец коомуна эле эмес, жалпы европалык өнөктөштөр үчүн да абдан маанилүү, деп белгиледи.

Өкмөттүн пландарында турук-жай курулушун кеңейтүү ишине, инфраструктураны өнүктүрүү максаттарына 15 миллиард евро ажыратуу каралган. Аталган тармак азыр эң ири кризиске кептелди. Өлкөнүн экономикасы иш жүзүндө өспөй калды. Ишсиздердин саны эмгекке жарамдуу калктын 11 процентине же 4,7 миллион адамга жетти. Бир кезде Германия жалпы калк каркап жумушка тартылган өлкө болчу, акыркы жылдарда ал, канцлердин оппоненттери айткандай, кыларга иши, саларга кушу жоктордун мекенине айланып баратат. Шрөдөрдүн сынчылары конкреттүү реформалардын планын өкмөт эбак эле түзүшү керек болчу, эми мунун удулу өтүп кетти деп эсептешет. Социалдык чыгымдарды кыскартуу сунушун башка бир байкоочулар немец өкмөтүнүн идеологиясын кыйраткан кадам болот дешет.

Канцлердин тарапкерлери реформалардын планы керагар кетип бараткан азыркы абалды оңдойт,атүгүл Германияны экономикалык туруктуу өнүгүүнүн нугуна салат деп ишенет. Өткөн жылдын акыркы үч айынын жыйынтыктары эксперттердин эсептерине караганда кантсе да өйдө болду. Капиталдык салымдардын көлөмү дээрлик бир жарым процентке жогорулады. Мунун баары, федералдык өкмөттүн өкүлдөрү жасаган анализдер боюнча, жагдай ошончолук эле оңолбос оролго жете электигин көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG