Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

ИРАК: АКЫРКЫ САММИТ, АКЫРКЫ ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР


Жекшемби күнү Португалиянын Азор аралдарында үч өлкөнүн – Кошмо Штаттардын, Британиянын жана Испаниянын лидерлери чукул жыйын өткөрөт. Мунун алдында – ишемби күнү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Иракта пландалып жаткан согушка каршы нааразылык билдирген демонстрациялар болуп өттү. Ал эми Багдад бийликтери химиялык жана биологиялык куралдарын кантип жок кылганы туралуу эл аралык инспекторлорго отчет беришти.

Ак үйдүн өкүлдөрү Азор аралдарында жекшемби күнү Жорж Буш, Тони Блэр жана Мариа Аснар ирак кризисинин тегерегиндеги дипломатиялык маселелерди гана талкуулайт, аскерий операция өткөрүүнүн конкреттүү пландарын кеп кылбайт деп ишендиришти. Бирок байкоочулардын көпчүлүгү дал ушул саммитте иш биротоло бир жаңсыл болот дешет. Бу жыйындан соң Иракка байланышкан экинчи резолюциянын дегеле кажети жок болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө Вашингтон администрациясынын өкүлдөрү өздөрү документ бул жумада ООНдун Коопсуздук кеңешинде колго салынбайт, а кийин, балким, кайра алынышы ыктымал деп билдиришкен эле. Деген менен британ премьери Тони Блэр ишемби күнү Азордогу саммитке камылга көрүп, жүйүр консультацияларды өткөрдү: кабинеттин бир катар министрлери менен масилеттешти, дүйнөлүк айрым лидерлерге телефон чалып, ирак проблемасын дагы бир жолу талкуулап-таңашып чыкты. Премьердин өкүлү ишендиргендей, Блэр Ирак боюнча экинчи резолюциянын кабыл алынышына жетишүү үчүн колдон келгендин баарын жасайт. Резолюциянын долбооруна баштагыдай эле Франция, Россия каршы чыгууда, Кытай да алардын позициясына колдоо билдирүүдө. Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр ирак кризисин дипломатиялык ыкмалар менен чечкенге эми болбой калгандыгын моюнга алды, бирок буга акыркы мүмкүндүк түгөнгө чейин аракет кылуу керектигин кайрадан ырастады.

Ирак бийликтери болсо жума күнү ООНдун инеспекторлоруна дагы бир отчет тапшырды. Анда өлкөнүн химиялык жана биологиялык куралдары, алар качан жана кантип жок кылынгандыгы тууралуу жаңы фактылар камтылган. Курал-жарактардын аталган түрлөрү, документте айтылган маалыматтарга ылайык,мындан бир канча жыл мурда эле Багдадга жуук жерлерге көмүлгөн экен. Инспекциянын адистери алардын изин оңой эле аныктоого болорун айтып жатышат. Эми Ирак күйдүргүнүн тоскоктору жөнүндө ООНдун адистерине дагы бир доклад берүүгө тийиш. Айтымда, бул отчет эмдиги аптада инспекторлордун колуна тиет. Ирак бийликтеринин мындай ийкемдигин байкоочулар Багдадга жасалып жаткан дипломатиялык катуу кысымдын натыйжасына жоруп жатышат. Бирок Саддам Хусейнге мунун баары жардам берери абдан эле күмөн. Ишемби күнкү массалык демонстрациялар да согушка каршы турган күчтөрдүн акыркы акциялары болуп калышы мүмкүн. Бул күнү биринчи болуп нааразылык жүрүштөрүнө күн чыгыш өлкөлөрүнүн – Жаңы Зеландиянын,Япониянын,Австралиянын жана Таиланддын тургундары чыгышты. Андан соң Россиянын борборунда митинг болду. Бирок ага, айрым маалыматтар боюнча, миңден ашпаган адам катышты. Демонстрациялар Лондондо да болуп өттү, акырында алар АКШнын өзүндө - Вашингтондо жана Лос-Анжелесте аяктады.

XS
SM
MD
LG