Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:18

КАВКАЗ - ЕВРОПАНЫН ЭЛЕТИБИ?


Түштүк Кавказдагы үч мамлекет - Грузия, Армения жана Азербайжан территориялык жактан алганда чакан өлкөлөр болгону менен геостратегиялык чоң мааниге ээ.Буга карабай жакында Еврокомиссия иштеп чыккан “жаңы кошуналар саясаты” деген документте аталган өлкөлөр көңүл сыртында калган.

Аталган регион эки деңиздин – Карамоор менен мунайга бай Каспийдин ортосунда жайгашкан. Түштүк кошуналары – Ирак менен чектеш Түркия жана Иран, түндүктө болсо - Россиянын коогалуу түндүк кавказ жумурияттары.

Азыркы саясий жагдайды эске алганда, Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн геостратегиялык мааниси жогору. Эл аралык коомчулук, өзгөчө Европа бул үч мамлекеттеги стабилдүүлүктү сактоого кызыкдар. Европа Комиссиясы жаңыдан иштеп чыккан концепцияда Союздун кеңейгенден кийинки жаңы кошуналары менен алакаларын жакшыртуу жөнүндө айтылган. Бирок аталган документте Армения, Грузия жана Азербайжан географиялык себептерден улам каралган эмес. Бу фактыны Комиссиянын басма сөз катчысы Диего д`Охейда: “Евросоюз азырынча Украина, Беларусь, Молдова, мурунку Югослав жумурияттары өңдүү түздөн түз кошуналары жөнүндө сөз кылып жатат. Кавказ чөлкөмү географиялык жактан алыс болгондугу үчүн документке киргизилген эмес”, - деп түшүндүрүүдө.

Грузиядагы стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр Фондунун жетекчиси Александр Ронделинин пикиринде, перспективалык жактан алганда Еврокомиссиянын логикасы түшүнүксүз. “Эски материктин чет жакасындагы региондун акыры барып Европага интегрцияланышы керектигин уюмдагылар бир аз кечирээк түшүнүүдө. Анткени Европа дагы эле кеңейүүдө. Бул өнүгүп жаткан, бүтө элек процесс. Ошону үчүн Европа региондо канчалык эртээрек активдеше баштаса, ошончолук биз үчүн, а балким Европанын өзү үчүн да жакшы болот”, - деди Александр Рондели.

Еврокомиссиянын өкүлү болсо Брюссель регионду таштап койгон жок деп жооп кайтарды.«Европа Союзу жакында эле аталган үч мамлекетке арналган саясатын өркүндөтүү жолдорун талкуулады», - деди дипломат. Ал ошондой эле уюмдун Түштүк Кавказ жумурияттары менен кызматташуу жөнүндө макулдашуулары бар экендигин, алар менен болгон алакалар улам өскөнүн эскертти.

Бирок тбилисилик аналитик Ронделинин пикиринде, бул жерде дилемма пайда болууда. “Брюссель бул өлкөлөрдө талапка ылайык реформалар жүргүзүлсө гана алар менен алакаларын бекемдей тургандыгын айтууда. Бирок Кавказ дал ошол реформаларды ишке ашырууда колдоо алыш үчүн Евросоюз менен байланыштарын чыңдоого муктаж. Ошол эле мезгилде үч өлкө тең өздөрүнүн кем- карчын өздөрү камсыздаш керек”, - деп айтты Рондели.

Европа Комиссиясы уюм түштүк Кавказдагы жаңжалдардын очоктору кайрадан жанданышы мүмкүн деп тынчсызданаарын белгилейт. Комиссиянын өкүлү Диего
д’Охейда Евросоюз Армения менен Азербайжан ортосундагы Тоолуу Карабах талашын, грузин-абхаз чатагын тынчтык жолу менен чечилишин жактай тургандыгын айтат.“Бул чатактардын баардыгы аталган гана өлкөлөрдү кооптонткон маселе эмес, эл аралык коомчулукка коркунуч келтирген проблема”, - дейт Диего д’Охейда.

XS
SM
MD
LG