Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

ЕВРОПА: “ЖАҢЫ КОШУНАЛАР” САЯСАТЫ


Еврокомиссия “жаңы кошуналар саясаты” деген атайын документ иштеп чыкты. Аталган документте бир катар мамлекеттер, анын ичинде Россия, Украина жана Молдова менен экономикалык интеграцияны жана саясий кызматташтыкты күчөтүү жөнүндө айтылат.

2004–жылы Евросоюзга дагы 10 өлкө кошулат. Буга байланыштуу уюм өзүнүн тышкы саясатын, чыгыштагы жаңы кошуналары менен болгон мамилелерин кайра карап чыгууга тийиш. Бул максатта иштелип чыккан жаңы документтин мазмуну менен коомчулукту 11-мартта Европа Комиссиясынын тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттен тааныштырды. Документте уюм менен анын чыгыш жана түштүк кошуналары экономикалык, саясий жактан бири-бирине зарыл экендиги бүгүн айныксыз факт болуп калганы белгиленет. “Евросоюз өзүнүн азыркы жана болочок кошуналары алдындагы милдетин түшүнөт”, -- деп айтылат долбоордо. Уюм ошондой эле эркин соода үчүн тоскоолдуктарды алып салуу, кошуна мамлекеттердеги саясий стабилдүүлүктү жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо өңдүү иш-чаралардын үстүнөн иштейт.

Бул документ Евросоюздун тышкы иштер министрлеринин өткөн ноябрдагы жолугушуусунда козголгон маселелердин уландысы катары иштелип чыкты. Ал жыйында Украина, Молдова жана Беларусь “жаңы кошуналар” стратегиясынын негизги максаты катары белгиленген. Россия менен байланыштар өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн. Ал эми декабрь айында Копенгагенде болгон саммитте бул тизмеге Жер ортолук деңизинин түштүгүндөгү өлкөлөр кошулган. Чыгыш Балкан мамлекеттеринде Евросоюзга кошулуу мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан жаңы стратегияда каралган эмес. Түштүк Кавказ жумурияттары болсо географиялык алыстыктан улам документке кирбей калган.

Уюмдун кошуналары менен мамилеси тегиз эмес. Түштүк Жер ортолук деңиз өлкөлөрү менен, мисал үчүн, эркин соода макулдашууларына кол койулган. Россия,Украина,Молдова менен Кызматташтык жана шериктештик макулдашуусуна жетишилген. Аларга ылайык уюм саясий жана институционалдык реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшөт. Беларусь менен кызматташуу болсо 1997-жылы убактылуу токтотулган. Документте айтылгандай, Евросоюз ушул тапта эки жолдун бирин тандап алууга тийиш: Беларусь менен кызматташуудан таптакыр баш тартышы керек же тобокелдикке салып,уюмдун стандарттарына дал келбеген саясатты колдошу керек.

Жаңы стратегия боюнча алдыдагы 10 жыл ичинде жаңы кошуналар менен кызматташууну өөрчүтүү талап кылынат. Жогорку квалификациялуу адистерге муктаждык өсүп жаткан шартта келечекте көзөмөлдүү миграция жөнүндө да сөз болушу мүмкүн. Узак мөөнөтүү виза берүү маселеси да каралып, Евросоюз кошуналары менен бирге визаны алып салуу жөнүндөгү маселени талкуулоого даяр болушу керек.

Ошондой эле уюм саясий диалогду тереңдетүү, чатактарды алдын алуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө сөз кылат. Келечекте бүткүл Европалык деңгээлдеги унаа жана телебайланыш тармагы түзүлүшү мүмкүн. Бирок Украинанын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Маркьян Лубкивски Европа Комиссиясынын жаңы сунуштары анын өлкөсүнүн Евросоюзга толук кемелдүү мүчө болуп кирүү мүдөөсүнө жооп бербейт деп айтты. Киевдеги тынчтык жана тышкы саясат борборунун директору Олександр Сушко: “Албетте, тышкы иштер министрлигинин мындай реакциясы күтүүсүз болгон жок. Анткени Украинанын биримдикке мүчө болуу перспективасын карабаган Евросоюздун стратегиясы кандай болбосун тышкы иштер министрлиги, өлкөнүн башка институттары же көз карандысыз эксперттер тарабынан болобу, оң бааланбайт”, - дейт Сушко.

Белгилей кетүүчү нерсе, сөз болгон стратегия дагы талкууланууга тийиш. Андан соң 15 мамлекет тарабынан жактырылса гана бул долбоор бекитилет.

XS
SM
MD
LG