Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

ЗОРАН ЖИНЖИЧТИН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Батыш демократ-реформатор деп баалаган, серб улутчулдары жек көргөн Зоран Жинжичтин сөөгү Белградда 15-март, ишембиде жерге коюлду. Тажияга 100 миңдеген киши келди. Жинжичтин партиялашы Зоран Живкович маркумдун ишин улантууга сөз берди. Жинжич өлтүрүлгөндөн кийин Сербиянын өкмөт башчысы да, президенти да жок калды - өткөн жылдагы добуш берүүгө шайлоочулар өтө аз келгендиктен, президент шайланбай калган эле. Теманы Жаңыл Жусубжан улантат.

Белградда мындан 23 жыл илгери Югослявиянын коммунист лидери Йозеф Броз Тито дүйнөдөн кайткандан бери эч кимдин тажиясына мынча көп киши катышкан эмес. Сербиянын киши колдуу болгон өкмөт башчысын акыркы жолго узатууга жүз миндеген киши, 70тен ашык өлкөнүн мартабалуу делегациялары катышты. Белграддын "Ыйык Сава" чиркөөсүндө өткөн тажияда Черногорие чиркөөсүнүн башчысы Владик Амфилохие төмөнкү сөздөрү менен көпчүлүктүн көңүлүндөгүсүн айткандай болду:

- Зоран Жинжич улуттук жана коомдук жашоонун кемтигин толтуруп, Сербия менен Черногориенин мамлекеттик биримдигин кайра жаратууга, ошондой эле дүйнө менен байланышты калыбына келтирүүгө далалаттанган. Бирок ал түбөлүк чындык демиш болгон чолок ойлуу сокур жек көрүүчүлүктүн курмандыгы болуп калды.

Эпископ дагы буларды кошумчалады: Зоран Жинжичтин өлүмү - ашынган канкордуктун натыйжасы. Жакында эле согуштардан бизде да, дүйнөнүн башка жактарында да канчалаган киши азап чекти, каза болду.

Кийин Белграддын Жаңы көрүстөнүндө чогулган элдин алдында Жинжичтин Демократиячыл партиясы боюнча орун басары Зоран Живкович "маркумдун реформаларын улантабыз" деп сөз берди. Айрымдар Живкович Жинжичтин ордуна өкмөт башчысы болуп калат деп боолголошууда.

Зоран Жинжич катаң анти-коммунист болгон, Югослявиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичти Бириккен Улуттардын Согуш Трибуналына кармап берген дал ушул киши болгон. Сербия менен Черногориени Европанын курамына киргизүү нийети да анын душмандарын катуу кыжаалат кылып келген. "Мени жакшы көрбөй эле койгула, мен өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштейм",- деген экен Жинжич акыркы интервьюларынын биринде. Шыңга бой, чачы күмүш түстүү, жүргөн-турганы адеми, эр ортону элүү жашка эми чыккан Жинжичти Батыш үлгүсүндөгү саясатчы, прагматик, кээде бой көтөрүп коймою бар, бирок өлкөнүн эл аралык беделин жакшыртуу үчүн жанын үрөгөн адам катары билишчү. "Жинжич биз үчүн Жонн Кеннеди болгон. Керек болгондо катаң, бирок чынчыл, түз сүйлөгөн адам эмес беле" деп эскерди көрүстөндө көз жашын кармай албай турган айымдардын бири.

Жинжичти шаршемби күнү Белградда белгисиз куралчандар атып кетишти. Өлкөдө чукул абал жарыялаган серб өкмөтү Милошевичтин колдоочуларынан шек санап жатат. Анын аралыгында, Белграддын полициясы кол салуучулардын жетекчилеринин бири кылтакка илингенин кабарлады. Мадян Мисич жана анын "Земун" бандасына кирген алты киши Белграддан түштүк-чыгыштагы кыштактардын биринде кармалды. Бүгүнгө чейин полиция 180ден ашык кишини камакка алды.

XS
SM
MD
LG