Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ИРАК: “АКЫЙКАТ СААТЫ” ЖАКЫНДАДЫБЫ?


Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча талкуу улантылышы күтүлүүдө. Бул жабык талкууну айрым байкоочулар кризисти чечүү жолундагы соңку дипломатиялык аракет катары мүнөздөп жатышат. Президент Буш дүйнө үчүн Ирак маселесинде чечүүчү саат жакындаганын жекшембиде эскертти.

17-мартта Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Жереми Гриинсток Ирактагы согуштук аракеттерге уруксат берчү резолюция добушка коюлбайт деп билдирди.

Жекшемби күнү кечинде президент Буш Португалиянын Азор аралында болгон жолугушуудан кийин өткөн пресс-конференцияда “эртең дүйнө үчүн акыйкаттын сааты келет” деп белгиледи. АКШ, Британия жана алардын союздаштары БУУнун ноябр айында кабыл алынган резолюциясын согуш аракеттерин баштоо үчүн негиз катары пайдаланышы ыктымал. Жорж Буш жекшембиде мындай деп айтты:

“1441-резолюция бир добуштан колдоого алынган, анын логикасы айныксыз. Же Ирак өзү куралсызданат же Ирактын режими күч менен куралсыздандырылууга тийиш. Режим өзү куралсызданган жок.

Британия менен АКШ Кувейттеги жарандарын өлкөнү кыска мөөнөттүн ичинде таштап кетүүгө үндөштү. 1991-жылдан бери Ирак менен Кувейттин чек арасында байкоо жүргүзгөн көзөмөлдөөчүлөр болсо 17-мартта бардык операцияларын токтоткондугун жарыялашты. Британ деңиз аскерлеринин бир бөлүгү дүйшөмбүдө Кувейттин жээгинде жайгаштырылды. Ушул тапта Перс булуңда жана анын айланасында АКШ менен Британиянын 300 миңдей аскери топтолгон.

Франция менен Россия болсо жаңы резолюцияга вето койоорун эскертишкен. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов Москва кошумча резолюция зарыл деп эсептебей тургандыгын дүйшөмбү күнү белгиледи. Андан мурдараак Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен өз өлкөсү ультиматум камтыган резолюцияга каршы чыгаарын дагы бир ирет эскертти.

Расмий Париж Коопсуздук Кеңешинин 17-мартагы жыйынында Франция, Россия жана Германия биргелешип кабыл алган декларация каралсын деген талап койууда. Өткөн ишемби күнү кечинде Париж, Москва жана Берлин кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн жаңы демилгелерин ачыктады. Атап айтканда, алар 15 өлкөнүн тышкы иштер министрлери чогулуп эл аралык инспекциянын башчысы Ханс Бликстин калган иштер жөнүндө оюн угуп, Иракка кошумча убакыт берилсин деген сунуш менен чыгышты.

Декларацияда Иракка каршы согуш ачууга эч кандай негиз жок, инспекция өз ишин улантууда деп айтылат. Франциянын президенти Жак Ширак Иракка куралсыздануу үчүн бир-эки ай убакыт берилсин деген пикирин билдирди. АКШ жетекчилиги мындай сунушту дароо четке кагышты. Буш менен Блэр француз лидерин вето койуудан баш тартууга көптөн бери көндүрө албай келатышат. Буга байланыштуу байкоочулар АКШ менен Британия маскара жеңилиштен көрө БУУнун процедурасын бузууну эп көрөөрүн жазышууда.

Багдад болсо эл аралык инспекциянын башчысы Ханс Бликске чакыруу жиберди. Дипломаттардын айтымында Бликс Иракка барбай койушу да мүмкүн. “Биз көбүрөөк маалыматка муктажбыз. Ирак кандай кадамдарга барууга даяр экендигин билишибиз керек”,- деди Бликс.

Ирактын маалымат министри М. ас-Сахаф жекшембиде мындай деп айтты:

“Бликс менен ал-Барадейини чакырдык. Келишеби же жокпу, өздөрү билишет. Биз 1441-резолюцияга ылайык инспекция жана Коопсуздук Кеңеши менен чын дилибизден кызматташууну улантууга даярбыз”.

Президент Буш бүгүн кечкурун (Бишкек убактысы боюнча таңкы саат алтыда) Америка элине кайрылуу менен чыгып, Ирак кризисин чечүүдө дипломатиялык аракеттер натыйжа берген жок деп айтышы күтүлөт. Анын бул сөздөрүн согуштун башталышы катары кабыл алса болот, - дешет айрым байкоочулар.

XS
SM
MD
LG