Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

БИШКЕКТЕ АКСЫ ОКУЯСЫНЫН БИР ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Аксы окуясынын бир жылдыгына байланыштуу бүгүн Бишкекте парламент имаратынын алдында жана М. Горький гүлбагында курман болгон аксылык демонстранттар эскерилип, аларга арналып куран окулду. Коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын жана «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын, оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын өкүлдөрү катышкан бул иш-чараны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери сырттан.

Бүгүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүн күч структуралары күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөштү. Таң эрте парламент жайгашкан эски Алатоо аянтында кара жолду ремонттоого ылайыкталган техника коюлуп, гүлбактын боюнда мектеп окуучулары ыр-бийге машыгууга киришти. Кийинчерээк мындай аракеттерди Биринчи Май райондук администрациясы менен Бишкек шаардык ички иштер кызматынын жетекчилери алдыда келаткан Нооруз майрамына болгон камылга менен байланыштырышты.

Шашкеде аянтка Аксы окуясында окко учкандарды эскерүү жана куран түшүрүү максатында коомчулуктун, саясий партиялардын, кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чогулушту. «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрага орун басары Болот Шамшиев ар учур намаз түшүрүлүп жүргөн бул аянтка келип, өлгөндөрдү эскерүүнүн мыйзамга каршы жагы жок экенин жана буга байланыштуу уруксат суроонун зарыл эместигин айтып, болжолдонгон жерге башка иш-чараны уюштуруу аркылуу бийликтин тоскоолдук кылышын сынга алды. «Тескерисинче, бул жерге президент өзү баш болуп келиши керек эле», - деди ал.

Парламент жайгашкан аянтта парламент мүчөлөрүнүн катышуусунда куран окулду. Мындай аракетке Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев каршы болду.

Чогулгандар эскерүүнү улаш үчүн борбордук аянттан чыгып, М. Горькийдин эстелиги жайгашкан гүлбакка барышты. Жүздөн ашык адам катышкан чакан митингде маркумдарды эскерип, депутаттар Алевтина Проненко, Адахан Мадумаров, «КДК» партиясынын лидерлери Виктор Черноморец менен Жыпар Жекшеев, Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу сүйлөштү. «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрага орун басары, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев митингди ачып жатып, адегенде мындай сунушун айтты:

- Мен дароо эле айтып коеюн: 17-мартты жөн эле куран окуп, эскерүү күнү эмес, «бийликтин зордукчул аракеттерине каршы демократиялык кыймыл күнү» деп жарыялоону сунуштайм. Кеп бир эле президентте эмес, кеп динде, айрым адамдар тарабынан жайылтылып жаткан эл менен касташууда болуп жатат.

Алгачкылардан болуп сөз алган депутат Алевтина Проненко сөз алды:

- Зомбулукту, киши өлтүрүүнү болтурбаш үчүн, адам укуктары үчүн күрөшкөн жарандар жабыркабаш үчүн, биз жылына Жогорку Кеңештин аянтына келип турушубуз керек… Биз өз укуктарыбыз үчүн күрөшүшүбүз керек.

Экс-депутат Жыпар Жекшеев Аксы окуясында курман болгондорго мындай баа берди:

- Карапайым аксылык жигиттерибиз биздин келечегибиз үчүн өмүрүнөн айрылып отурат. Ошолордун баасын бере элекпиз. Мына бир жыл өттү. Дагы канча жыл өтөт? Акыры бийликке да таза кишилер келет… Ошол азаматтарыбыздын эстелигин Бишкекке тургузабыз. Ар жыл сайын 17-мартты Кыргызстан боюнча аза күтүү күнү кылабыз.

«КДК» партиясынын төрагасы Виктор Черноморец аксылык жарандарга ок атылган жерге эл сыйынып тургудай чакан мечит салуу жөнүндө өз оюн ортого салып, ал үчүн коомдук фонд түзүүнү сунуштап, ага өзүнүн акчалай алгачкы салымын кошту.

Митинг учурунда сөз алгандар парламент жайгашкан аянтта куран окууга тоскоолдук кылгандарга карата сын-пикирлерин айтышты. Маселен, Адахан Мадумаров өз сөзүндө аянттагы шаан-шөкөттүн дал 17-мартта өтүп жатышын динди маскаралоочулук катары баалады.«Менимче, ушул күнү аянтта ыр сабагын өткөрүү - бул маскаралоочулук» деди ал.

Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев окуяга карата:

- Мусулманчылыктын негизи боюнча мечитке барып же болбосо каза болгон адамдын үйүндө куран окутса туура болот го дейм. Анан аянтка чыгып алып эле ушундай кайгылуу окуяны саясий шоуга айландыруунун кереги эмне? - деген пикирин билдирди.

Чакан митингде Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өз сөзүндө буларга токтолду:

- Бүгүн силер менен кошо биз да куран окуп, алардын жаны бейиште болсун деп Кудайдан суранайын деп турам… Болот аке туура айтып жатат, бул жерде эч кандай саясат жок. Бул жерде - чыныгы адамгерчилик, биздин мамилебиз. Баарыбыз эртең о дүйнөгө кетебиз. Бирок, минтип коркуп, ошолорго куран түшүрө албасак, анда бул турмуштун кереги жок.

Митингдин акырында ал өлгөндөрдүн арбагына багыштап куран окуду. Митингди акырына чейин Бишкек шаардык ички иштер кызматынын, Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын, прокуратуранын жетекчилери, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү байкап турушту.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG