БИШКЕК. Президент А. Акаевдин буйругу менен өлкөдөгү бир катар райондорго жаңы акимдер дайындалды. Буйрукка ылайык Атбашы районуна Адыл Сайдинов, Алабука районуна Абдисалам Юлдашев, Карабуура районуна Бактыбек Курманбаев, Талас районуна Марат Кашкаралиев, Тоң районуна Дыйканбай Кенжебаев, Тогузторо районуна Өмүрбек Шаршеналиев, Аксуу районуна Мукаш Мамбетов аким болуп дайындалышты. Мамлекет башчысынын дагы бир буйругу менен Канат Нартаев Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басарлыгына дайындалды. Бул тууралуу шейшемби күнү президенттин басма сөз кызматы кабарлады.