Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

ДИТЕР БОДЕН: «КЫРГЫЗСТАНДЫН БАГЫТЫ ЕККУнун КОЛДООСУНА ТАТЫЙТ»


Бүгүн Германия Федеративдик Республикасынын ЕККУдагы элчиси менен кыргыз президенти Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жагдайларын талкуулады.

ЕККУнун расмий өкүлдөрү менен кыргыз жетекчилигинин мындай жолугушуулары Бишкекте Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алган референдумдан бери экинчи ирет өтүп отурат. 14-мартта Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасынын өкүлү Даан Евертс келип, Кыргызстандын жетекчилиги жана жарандык коом өкүлдөрү менен демократиялык өнүгүүнүн жагдайын жана кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап кайткан. Ушул эле маселелердин айланасында сүйлөшүү Дитер Бодендин Кыргызстанга келген иш сапарынын учурунда уланды.

Германиянын ЕККУдагы элчиси Дитер Боден президент Аскар Акаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту. Тышкы иштер министри менен жолугушуу учурунда элчи Кыргызстанга өлкөдөгү демократиялык өнүгүүнүн жаңы багыттары менен таанышуу үчүн келгендигин белгиледи.

- Биздин оюбузча бүтүндөй регионду эсепке алганда, Кыргызстанга жоопкерчиликтүү роль таандык. Биз бул жерде демократиялык реформалардын уланышын, адам укуктарынын сакталышын каалайбыз, - деди Дитер Боден.

Анын айтымында, Кыргызстан акыркы мезгилде демократиялык түзүлүштү бекемдөө жана өркүндөтүү багытында Борбордук Азия мамлекеттерине үлгү болгудай аракеттерди жасап жатат. Мына ушул жагдайды эске алган элчи:

- ЕККУ тарабынан колдоо болот. Бул кызматташтык баскычтарында бардык эле жагдайга макул болоорубузду билдирбейт. Бирок менин көз карашымда Кыргызстандын багыты ЕККУнун кубаттоосуна жана колдоосуна татыйт, - деди.

Демократиялык реформаларды бекемдөө максатында азыр ЕККУ бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтүп жатат. Алардын негизгилери катары Акыйкатчы институтуна берилген гранттык жардамды айтууга болот. Ал эми өткөн жылдын декабрында негизделген ЕККУнун Бишкектеги академиясына алгачкы каражатты уюмдун алкагында Германия менен Швейцария өлкөлөрү бөлүшкөн. Мындан тышкары ЕККУ апрелге чейин Бишкек шаардык ички иштер кызматынын бөлүмдөрүнүн биринде үлгүлүү милиция участокторун түзүүгө көмөктөшүү үчүн 3 миллион 600 миң евро берүү чечимине келди. Коопсуздукту камсыздоого кол кабыш кылууну көздөгөн бул каражат тууралуу маалыматты уюмдун азыркы төрагасынын өкүлү Даан Евертс 15-марттагы Бишкек жолугушууларында ачыктаган.

ЕККУнун элчисин кабыл алган учурда президент Аскар Акаев мындай жардамга өзгөчө маани берип, ыраазычылык билдирди:

- Сиздин келишиңизди Германия Федеративдик Республикасынын бизге олуттуу көңүл бурушу катары баалайм. Ошондой эле ЕККУнун көрсөтүп жаткан колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандагы конституциялык реформага, Борбордук Азия регионундагы жагдайга, Ооганстанда тынчтык орнотууга көмөктөшүүгө, наркотрафик проблемаларына байланышкан маселелерди талкуулашты. Ал эми алдыда күтүлүп жаткан Иракка сокку урууга байланышкан маселе бул жолугушууда көтөрүлгөн жок. Тараптардын регион боюнча Ирактан башка да талкуулай турган багыттары бар экендигин белгилеген элчи, Ирактын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча өз көз карашын мындайча билдирди:

- Албетте, согуштун болооруна баарыбыз өкүнүп турабыз. Бул жерде Германиянын көз карашы белгилүү. Биз инспекторлор өз ишин улантаарынан үмүт кылып жатканбыз. Бирок чечим башка жагдайда кабыл алынып калды.

Ушул эле күнү элчи Бишкектеги Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институтта жана ЕККУнун Бишкектеги академиясында болуп, анын угуучуларына дарс окуду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG