Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

АКШ: ИРАКТА СОГУШ БОЛООРУ АЙНЫКСЫЗ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирактын лидери Саддам Хусейндин өлкөдөн чыгып кетишине берген мөөнөт аяктап баратат. Шаршембиде Ирактын өкмөтү тараткан билдирүүдө Саддам үй-бүлөсү менен өз мекенинен эч жакка кетпейт деп айтылат. Вашингтондун өкүлү Ари Флейшер Багдад президент Буштун талабын аткарган күндө да, Иракка каршы согуш башталаары айныксыз болуп калганын билдирди.

Ошентип, Ирактын президенти Саддам Хусейн үй-бүлөсү менен Бишкек убактысы боюнча бейшембиде таңкы саат 6га чейин Ирактан чыгып кетпесе, Багдадга каршы куралдуу чабуул башталышы мүмкүн. Шашылыш чогулган Ирак өкмөтүнүн жыйыны кабыл алган билдирүүдө: "Ирак чет мамлекеттик жетекчилердин буйругуна баш ийбейт" деп айтылса, шаршембиде чукул жыйналыш өткөргөн ирактык депутаттар: "Саддам үчүн кашык каныбыз калганча күрөшөбүз!" деген ураан алдында тарашты.

Вашингтон Иракты куралсыздандыруу боюнча АКШнын аскерий пландарына 45 мамлекет колдоо билдиргенин жарыя кылды. Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтымында, бул маселеде 30 өлкө Кошмо Штаттардын саясатын апачык колдосо, калган 15 мамлекет ар кандай себептерден улам кыйыр түрдө, көпчүлүккө жар салбай жардам көрсөтүүгө даяр. Вашингтондун басма сөз өкүлү Ари Флейшер шейшембиде кечинде өткөн маалымат жыйынында Америка баштаган коалиция күчтөрү кандай болгон күндө да, Иракка сөзсүз киргизилээрин белгиледи:

- Ирактын лидери Саддам Хусейн президент Буштун шартына көнүп, өлкөдөн сырткары кеткен күндө да, америкалык аскерлер баштаган коалиция күчтөрү Иракка баары бир киргизилет. Коалиция күчтөрүнүн максаты – Иракты массалык кыргын салуучу курал даярдоодон баш тарттырып, биротоло куралсыздандыруу.

Ирактын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Мохаммад ад-Дури Нью-Йоркто өткөн пресс-конференцияда Кошмо Штаттардын Багдадга каршы чабуулу мыйзамсыз аракет катары бааланаарын эскертти:

- Бул согушка эч кандай мыйзамдуу негиз жок. Бириккен улуттардын Коопсуздук Кеңеши АКШнын согуштук пландарына колдоо көрсөтүүдөн баш тартты. Америка менен Британиянын Иракта массалык кыргын салуучу курал бар деп айткандарын эл аралык инспекторлор төгүнгө чыгарышты.


Ошентсе да, АКШ президентинин Багдадга берген мөөнөтү азайып, согуштун сааты жакындаган сайын, эл аралык коомчулук Вашингтондун Иракка карата саясатын дагы бир ирет таразалап, өз көз караштарын билдирүүдө. Өткөн түнү Британиянын парламенти өлкө аскерлерин Ирактагы согушка катыштырууну жактырган резолюция кабыл алды. Британ премьери Тони Блэрдин азыр Ирак маселесинде кетенчиктесек, кийинчерээк алда канча коркунучтуу кагылышуулар менен кыйроолорго туш болобуз деген сөздөрүнөн кийин өкмөт сунуш кылган документти оппозициячыл Консервативдик партиянын көпчүлүк өкүлдөрү колдоп беришти.

Кошмо Штаттардын Иракка карата аскерий пландарын катуу сындап келаткан Франция да эгерде Багдад уруш учурунда биологиялык, же химиялык курал колдонсо, анда Иракка каршы бириккен коалициялык күчтөргө жардам көрсөтөөрүн билдирди. Вашингтон жарыя кылган Ирак согушун ачык колдогон өлкөлөрдүн тизмесине 1-кезекте Чыгыш Европа өлкөлөрү, Түштүк Корея, Ооганстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия өңдүү мамлекеттер кирет. Түрк өкмөтү өлкө аскерлерин Түндүк Иракта жайгаштыруу жана АКШ жетектеген коалициялык күчтөргө Түркиянын аскерий базаларын пайдаланууга уруксат берүү жөнүндөгү документ парламентте жакын арада кайрадан добушка коюлаарын маалымдады.

Анткен менен, Ирактагы согушка каршы чыккан өлкөлөрдүн саны Вашингтондун тизмесинен алда канча арбын экени талашсыз. Парижден Москвага, Берлинден Бэйжинге, Мехикодон Ослого чейинки кеңири аймактарда Ирак маселесин саясий жолдор менен чечүү мүмкүн деген көз караштагы өкмөттөр өз пикирин өзгөртүшкөн жок.

Ал учурда Ирактагы согушка аз калды деп чочулаган адамдар шаршембиде Кувейттеги аэропорттон шашылыш жөнөп кетүүдө. Израиль өкмөтү Багдад баллистикалык ракеталарды колдонушу мүмкүн деп, элди үйлөрүнүн эшик-терезелерин бекемдөөгө үндөдү. Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү согуш башталса, Ирактан 2 миллиондой адам коңшулаш өлкөлөргө качып чыгаарын белгилеп, ирак элинин башына түшчү мүшкүл, алардын уруш маалындагы жашоо шарттары үчүн жоопкерчиликтин баары Кошмо Штаттарга жүктөлөөрүн эскертишти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG