Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

ИРАК: СОГУШ БАШТАЛДЫ


Америка жана анын союздаштары Иракка каршы аскерий операциясын баштады. Аскерий операция башталганын Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Ирак президенти Саддам Хусейнге өлкөдөн чыгып кетүүсү үчүн берилген мөөнөт аяктагандан бир жарым саат өткөн соң жарыялады. Дүйнөлүк жамаат согуштун башталышын эки башка маанайда кабыл алууда, айрым өлкөлөр нааразылык демонстрациялары менен тосуп алды.

АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн аскерий операциясы түз эле Ирактын борбору Багдаддын чет чакасындагы буталарга абадан сокку уруу менен башталды. Мурда күтүлгөндөй, авиация дароо эле топтоштурулган чабуулга өткөн жок, мунун ордуна Багдаддын чек жакасынан тандалган обьектилер бутага алынган. АКШнын Перси булуңундагы согуштук кемелеринен ал жерлерди көздөй "Томагавк" үлгүсүндөгү канаттуу ракеталардын кеминде 40тайы атылса, аскерий учактар салмагы 900 килограмм келген бомбалардын төртөөнү таштаган.

Америкалык өкүлдөрдүн айтымында, алгачкы чабуул ириде президент Саддам Хусейндин тегерегиндеги адамдарды жок кылууга багытталды. Чабуул өз максатына жеткен – жетпегени азырынча белгисиз. Ал эми Ирактын маалымат министрлиги кабарчыларга чабуулдан бир адам өлүп, дагы бир нече киши жаракат алганын билдирди. Ирак өз тарабынан чабуулга жооп кылып, коңшу Кувейтти көздөй "Скад " үлгүсүндөгү ракеталарынан кеминде алтоону койо берген. Кувейт тарап алардан кандайдыр бир зыян болгонун маалымдабады. АКШ президенти Жорж Буш бейшемби күнү Бишкек убактысы менен таңкы 8:15 те америкалыктарга жасаган кайрылуусунда аскерий операция башталганын жарыялап жатып, анын максаты – Ирак элин эркиндикке чыгаруу, дүйнөнү коркунучтан кутултуу деп айтты:

- Мекендештер, ушул сааттарда америкалыктар жана аларга өнөктөш күчтөр Иракты куралсыздандырууга, анын элин боштондукка чыгарууга жана дүйнөнү олуттуу коркунучтан коргоого багытталган аскерий операциянын баштапкы баскычында.

Ж.Буш ошондой эле өз сөзүндө аскерий операция мурда күтүлгөндөн узак жана татаал болушу мүмкүн экенине токтолуп, америкалыктарды согуш жеңиш менен аяктаарына ишендирди:

- Эми конфликт башталганда аны аягына чыгаруунун жалгыз жолу - олуттуу күч колдонуу. Мен сиздерди ишендиргим келет - бул кампания жарым –жартылай иштер менен чектелбейт. Бизге жеңиш гана керек.

АКШ президентинин кайрылуусунан көп өтпөй, Ирактын телекөрсөтүүсү аркылуу президент Саддам Хусейн билдирүү менен чыкты. Ал өз билдирүүсүн түз ободо окуганы же күн мурунтан жаздырып койгону белгисиз. Саддам Хусейн аскерий операцияны Иракка жана адамзатка каршы жасалып жаткан "маскара кылмыш" катары баалады:

- Бүгүн, 2003-жылдын 20-мартында кылмышкер жана кем акыл кичүү Буш адамзатка каршы кылмыш кылды. Ал бизди муну менен көптөн бери коркутуп келген.

Ал эми дүйнөлүк жамааттын аскерий операциянын башталышына карата мамилеси анын алдындагыдай эле эки башка болду. Австралия, Жапония, Британия, Филлипин АКШга колдоо көргөзсө, Азия менен Европанын бир катар өлкөлөрү согуштун башталышына өкүнүч билдирди. Алардын айрымдары азыр да согушту токтотуу чакырыктары менен чыгууда. Мындай чакырыктар бүгүн Кытайдан, Орусиядан айтылды.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, согуштун башталышына нааразылык билдирип, Грециянын борбору Афинада 80 - 100 миңдей, Германиянын борбору Берлинде 20 миңдей адам демонстрацияга чыкты. Миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар Австралияда да болду. Ал эми Москвада коммунисттер менен улутчулдардын 200 дөй өкүлү АКШ элчилигинин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG