Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

ТҮНДҮК КУВЕЙТТЕН КАБАРЧЫБЫЗ МААЛЫМДАЙТ


“Азаттыктын” ушул тапта согуш талаасында жүрүп жаткан окуяларды чагылдырып жаткан өз кабарчысы Рон Синовиц Түндүк Кувейттен Иракка согушка кирген АКШнын Үчүнчү жөө аскерлер дивизиясынын иш-аракети менен тааныштырат. Бүгүнкү маек согуштун алгачкы күнү америкалык аскерлер кандай маанайда экендиги, колго түшкөн ирактык жоокерлер тууралуу болмокчу.

Алып баруучу:
- Рон, АКШнын катардагы жоокерлери согуштун алгачкы саатын кандайча тосуп алды?

Рон Синовиц:
- АКШнын Үчүнчү жөө аскерлер дивизиясын айтчу болсок, анын жоокерлери президент Буш Саддам Хусейнге жана анын уулдарына койгон 48 сааттык ультиматумдун мөөнөтү аяктаган көз ирмемдерден тартып согуштук даярдыкка келтирилген. Бул – Кувейт убактысы боюнча таңкы саат 4кө, Бишкекте – таңкы 6га туура келет. Ультиматум бүткөн маалда бул аскерлер Ирак чек арасынан ат чабымдай эле алыстыкта турду. Бирок Багдадга урулган аба соккусунун чамасы чарк болгону жөнүндөгү кабар жөө аскерлерди аң-таң кылды. Алар Багдадга «чү» дегенде эле мындан да катаал сокку урулат деп күтүшкөн.

Алып баруучу:
- Рон, ирактыктар Түндүк Кувейттеги америкалык аскерлерди көздөй СКАД ракетасын аткандыгы жана алардын биологиялык же химиялык курал менен чабуул жасоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө айың сөз көп. Бул жаатта угармандарыбызга эмне айтаар элеңиз?

Рон Синовиц:
- АКШнын аскердик чалгын кызматынын маалымдашынча, АКШнын “Пэтриот” аттуу ракетадан коргонуу системасы ирактыктар аткан бир СКАД ракетасын жолунан тосуп жок кылды. Бул окуя – Үчүнчү жөө аскерлер дивизиясы турган аймакка тууура келди. Аскерлер болсо “каалашынча ата беришсин: биз мындай ракетаны оңой эле тосуп койобуз” деп жатышат. Эреже боюнча, кайсы бир ракета келип түшкөн аймактан бир чакырымдай алыстыкта турган америкалык жоокерлер ошол замат химиялык кол салуудан коргоочу кийимдерин кийип, противогаздарды тагынууга милдеттүү. Азырынча алиги ирактык ракетадан улам биологиялык же химиялык коркунуч туулганы жөнүндө эч кандай эскертүү болгон жок.

Алып баруучу:
- Катардагы америкалык жоокерлер Багдад тарабынан химиялык куралдар пайдаланылбаса экен деп санааркап жатканын мурда да кабардаган элеңиз. Рон, ал эми айрым ирактык аскерлер Кувейт менен Ирактын чек арасынан өтүп келип, ыктыярдуу багынып берди деген маалымат чынбы?

Рон Синовиц:
- Колубузга тийген соңку чалгындык маалыматтарга караганда, Үчүнчү дивизия жайгашкан аймакта Кувейт чек ара тилкесине 27 ирактык жоокер келип, багынып беришкен. Алар, сыягы, чет жакадагы чек ара бекетинде кызмат өтөгөндөр болсо керек. Адатта, чек ара бекетинде 8ден 10го чейинки сандагы ирактык жоокер күзөттө турат. Демек, жок дегенде үч чек ара бекетин күзөткөн ирактык жоокерлер чектен өтүп келип, кувейттик же америкалык аскерлерге колго түшүп берген болуш керек.

XS
SM
MD
LG