Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

ИРАК ШААРЛАРЫ БОМБАЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 20-март күнү Иракка каршы башталган согуш улам күч алып баратат. 21-мартта Ирак жергесине америкалык жана британиялык жөө аскерлер да кирди, ал эми Түркия өз аба мейкиндигин ачып бергенден кийин, Иракка түндүк тараптан да чабуул башталды. Америкалык жетекчиликтин айтымында, Ирактын 51-дивизиясы толугу менен багынып берди.

АКШнын коргоо министрлигинин айтымында, Ирактын 51-дивизиясы 21-март күнү Басра шаарынын алдында толугу менен америкалык аскерлерге багынды. Дивиязияда 200 танк жана сегиз миңге жакын аскер катталган, бирок алардын канчасы багынганы так белгисиз. АКШ аскерлеринин биргелешкен ордосунун башчысы генерал Ричард Майерстин айтымында, согушта алар ийгиликке жете албасын Ирак аскерлери түшүнүүдө: "Ирактын кээ бир аскерлери багына баштады. Башкалары түштүктө да, түндүктө да өз аскерий турумдарын таштап качып жатат. Алар биздин айтканыбызды түшүнө баштаганы анык: Саддам Хусейн үчүн согушкандан көрө, өлкөсүнүн келечеги үчүн аракеттенген жакшы".

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, Ирак жетекчилиги өз аскерлерин башкара албай жатат: "Ирак жетекчилигинде дүрбөлөң башталды. Согуш майданында эмне болуп жатканын так билип, абалды өз көзөмөл алдында кармап туруу мүмкүнчүлүгү аларда улам азаюуда. Менин оюмча, алардын бийлиги тарых болуп баратканын алар түшүнө баштады".

Бирок согушта америкалык үчүнчү дивизиянын аскерлеринин арасында жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Рон Синовицтин айтымында, кээ бир аймактарда айыгышкан согуш болуп жатат: "Америкалык жана ирактык жөө аскерлер ортосунда оор салгылашуулар өтүүдө. Ирак аскерлери Евфрат дарыясынын жээгинде курчоого алынды, бирок алар багынуудан баш тартып жатат".

Үчүнчү дивизия Ирактын түштүк аймагында аракеттенүүдө жана бир нече аскерий базаны басып алды. Түркия өз аба мейкиндигин америкалыктар үчүн ачып бергенден кийин, 21-мартта коалиция күчтөрү Иракка түндүк тараптан да чабуул баштады. Согуштун экинчи жана үчүнчү күндөрү түндүктө Киркук менен Мосул деген шаарлар катуу бомбаланды. Өлкөнүн түштүк аймактары менен борбор калаа Багдад шаарын америкалык учактар Перс булуңунда жайгашкан кемелерден учуп чыгып бомбалоодо, жөө аскерлер болсо Умм Каср шаарын басып алды. Андан тышкары "Б-52" үлгүсүндөгү оор бомба таштачу учактар Британиядагы базалардан учуп келүүдө. Америкалык жетекчиликтин айтымында, бомбалоодон жүздөгөн ирактык аскер курман болгону бышык.

Иракнын маалымат министрлигинин пикиринде, согушта ийгиликке жеттик жана Ирак аскерлери багынып жатат деген сөздөр - АКШнын жөн гана пропагандасы. Министрликтин айтымында, бомбалардан бир нече адам курман болуп, 250дөн ашык Ирак жараны жараат алды, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар. Америкалык ракеталар менен бомбалар негизинен президенттик сарайлар, өкмөттүк имараттар жана аскерий түзүлүштөрдү бутага алууда, эл болсо - алдын ала даярдалган жер төлөлөрдө жашынып жатат. Үч күндүн ичинде Иракка бир миңден ашык ракета атылды.

АКШнын коргоо министрлигинин айтымында, эки америкалык аскер согуш майданында курман болду жана 20-мартта Кувейтте бир америкалык тик учманын кыйрашынан сегиз британиялык аскер менен төрт америкалык учкуч каза тапты.

XS
SM
MD
LG