Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

ИРАК КРИЗИСИНИН КАПШАБЫ КЫРГЫЗСТАНГА ТИЕБИ?


Ирактагы согуштун капшабы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийип калышы мүмкүн экендигин Орусия президенти Владимир Путин айтты. Жаңы кылым урушунун эпкини Кыргызстанга тийбейби?

Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин Коопсуздук кеңеш катчыларын Москвада кабыл алып жатып Орусия президенти Владимир Путин Ирактагы согушту «дүйнөдөгү, анын ичинде КМШдагы туруксуздуктун булагы» деп атады. Орусия президенти атаган туруксуздук КМШ ичиндеги Кыргызстанга кайсы жактан келиши мүмкүн? Орусия президенти эмнеге таянып алдагыдай пикирин жарыя кылды?

Буга Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орунбасары Борис Полуэктов минтип жооп берди:

- Ирактагы согуш дүйнөдөгү, Борбор Азиядагы, анын ичинде биздеги кырдаалга таасирин тийгизет. Анткени региондогу өлкөлөр, алардын ичиндеги биз мусулман мамлекеттербиз. Бул согушка эл, алардын ичинде өзгөчө радикалдык ислам уюмдары айыгышкан каршылыкта турат. Бизде «Хизб-ут-тахрир» диний партиясы, «Өзбекстан ислам кыймылы» сыяктуу өзгөчө түштүктө таасири күчтүү уюмдар бар. Мына ушул күчтөр биз каалабаган иштерди жасап жибериши мүмкүн. Анын ичинде АКШнын биздеги өкүлчүлүктөрүнө каршы. Менин оюмча, орус президенти мына ушундай факторлорду эске алган. Биз мындай терс иштерге жол бербеш үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз.

«Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев радикалдык диний уюмдардын активдешүүсү күмөндүү деп, аны себебин мындайча түшүндүрдү: «Кыргызстан ислам динине өтө берилбеген өлкө. Ошондуктан диний тууга жамынган топ кырдаалды курчутуп жиберет деп ойлобоймун».

Эмил Алиев Ирак кризисинин Кыргызстанга таасири тууралуу оюн мындайча билдирди:

- Түздөн-түз таасир этип, коопсуздукту бузбаса да, экологиялык жактан таасирин тийгизет. Анткени географиялык жактан жакын жердебиз. Андан сырткары Ирактан качкындар келип калышы ыктымал. Гуманитардык катастрофа болушу мүмкүн. Ушул жагынан бизге таасир этиши мүмкүн.

Ирак кризисинин Кыргызстанга саясий, экономикалык, коопсуздук жактан ачык таасири байкала элек. Жумурияттын валюта, азык-түлүк базарларында туруктуулук өкүм сүрүүдө. Болгону атайын кызматтар күчөтүлгөн режимде иш жүргүзүүдө. Кыргызстандын Франция, Орусия, Германия баштаган антисогуштук топко ачык кирүүсү 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин оңолгон Бишкек менен Вашингтондун мамилесине таасирин тийгизбей койбойт,- деп эсептейт айрым эксперттер.

Айрым пикирлерге караганда, Ирак кризиси Кыргызстандын экономикасына кыйыр түрдө оң таасир этиши ыктымал. Ирак карамайы дүйнөлүк рынокко эркин чыгарылып, анын натыйжасында карамайга баанын төмөндөшү Кыргызстан базарында мунай продуктыларынын арзандашына алып келиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG