Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

ИРАК СОГУШУ ЖАНА ФРАНЦУЗ-АМЕРИКА МАМИЛЕЛЕРИ


Ирак маселесинде дипломатиялык таймаш негизинен АКШ менен Франциянын ортосунда болгону маалым. Бул араздашуу 1966-жылы генерал Шарль де Голль өлкөнү НАТОнун биргелешкен аскерий командачылыгыанан чыгаруу жөнүндөгү чечиминен кийинки мезгилдеги эки мамлекет ортосундагы эң олуттуу кризиске алып келди. Эми Париж менен Вашингтон элдешип, мурункудай кызматташабы?

Эски континенттин лидерлеринен болгон Франция менен Америка Кошмо Штаттарынын мамилеси өз тарыхында оңой эмес учурларды көп эле жолу башынан кечирген. Франциянын “Критик” басылмасынын редактору, француздар арасындагы антиамериканизм проблемасын иликтеген Филипп Рожер эки өлкө ортосундагы ажырым маданий айырмачылыктардан улам башынан эле бар болчу, бул эки мамлекеттин кызыкчылыктары да ар башка болуп келген деген пикирде.

Ал эми соңку окуяларга кайрылсак, Франция БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1441-резолюциясы кабыл алына электе эле Ирак кризиси тынч жолу менен чечилиши керек деген көз-карашын билдирген. Париждин андан аркы дипломатиялык аракеттери өлкө бул позициясынан таймак турсун, тескересинче, аны мындан да бекемдей турганын көрсөттү. АКШнын аскерий чабуул жөнүндөгү ар бир сөзү француз дипломатиясынын каршылыгына дуушар болуп келди.

10-февралда Вашингтон менен Анкаранын Түркияны коргоого НАТО план иштеп чыксын деген сунушун Франциянын элчиси Бенуа Дабовиль дароо четке каккан эле. Бир нече күндөн кийин эле Француз тышкы иштер министри Доминик де Вильпен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде “тарых менен адамзаттын алдында өзүнүн беделин эч качан түшүрбөгөн улуттун” атынан сөз сүйлөп, инспекция улансын, согушка каршыбыз деп, Ак Үйдүн катаал сынына кабылган. Андан аркы окуялар да ушундай эле нукта уланды. Кыскасы, Ирак кризиси менен катар “АКШ-Франция мамилесинин кризиси” деген термин байкоочулар арасында пайда боло баштады.

Аталган кризистин туу чокусу өткөн апта соңуна туш келди. АКШ, Британия, Испания ортосундагы Азор саммитин утурлай, Париж Берлин жана Москва менен биргелешкен билдирүү кабыл алып, Ирак боюнча экинчи резолюцияга вето койоорун дагы бир ирээт тастыктады.

Франциянын тышкы саясат институтунун кызматкери Жак Белтран жакыңкы келечекте Вашингтон-Париж алакаларында белгилүү бир кыйынчылыктар болоорун белгилеп, бирок бул “транс-атлантикалык бороон” эртедир-кечтир басылаарын айтат:

- Ирак согушу бат аяктап, АКШ үчүн натыйжалуу болсо, Иракты реконструкциялоо баскычы батыраак башталса, эки тарап тең кызыкдар болгон мамилелер жөнгө салынат. Анткени Франциянын аркасында Вашингтон үчүн маанилүү болуп эсептелген бир катар мамлекеттер бар. Париж үчүн да АКШ менен алакалар – приоритеттүү.

Ошол эле мезгилде эксперт эки ири державанын таймашы дүйнөдөгү мындан аркы окуяларга таасир этпей койбойт, анткени Ирак маселеси өңдүү татаал эл аралык проблемаларды чечүүдө Франция менен АКШ мындан ары өз ара ишенүүчүлүк менен кызматташат деп айтуу кыйын деп эсептейт.

Франциялык дагы бир аналитик, Париждеги стратегиялык изилдөөлөр фондунда эмгектенген Бруно Тертре, бул кризистин себептеринин бири катары президенттердин жеке мамилелери начар болгондугун атайт.
Тертре Ак Үй менен Елисей сарайынын алакалары буга чейинкидей эле акырындап оңолот деген үмүтүн билдирет. Ал ошондой эле француз экономикасы жана эки өлкөнүн соода байланыштары азыркы кризистен жабыркабайт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG