Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

ИРАКТА БИР НЕЧЕ ШААР ҮЧҮН СОГУШ УЛАНУУДА


Перси булуңундагы экинчи согуш башталгандан берки төрт күндүн ичинде АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ирактын байтактысы Багдадга жарым жолгo келип калышты. Ирактын өкмөтү согуш башталгандан бери үч карапайым киши набыт болуп, 250 чактысы жараат алгандыгын билдирди. Бирок курмандыктар тууралуу так маалыматтар жок. Коалициялык күчтөр азырынча согуш майданына караганда кырсыктардан алда канча көп жоготууга учурап жатышат. АКШнын президенти Ирактагы согуш узак жана оор болоорун эскертти.

АКШ баштаган күчтөр апта соңунда Ирактын түштүгүнөн баштаган жортуулун улантышты. Бүгүнгө чейин алар стратегиялык маанидеги Умм Каср портунун кеме токтоочу жээгин жана Багдаддан 325 чакырым түштүк-чыгыштагы Нассирия шаарын басып алышканы кабарланган, бирок жекшембиде Ройтерс агенттиги Насириянын жака-белиндеги согуш аракеттери америкалык аскерлердин алга жылышына мүмкүндүк бербей жаткандыгын маалымдады. Умм Каср үчүн согуш да токтой элек. Ройтерс ошондой эле Найаф шаарынын түштүк-чыгышында ирактыктар америкалыктардын жолун торогонун кабарлады.

Апта соңуна карата коалиция күчтөрү Ирактын эң түштүк кыйырындагы Басранын чет-жакасын көзөмөлгө алдык деп маалымдашты, шаардын борбордук бөлүгү ирак армиясынын колунда кала берүүдө. 1980-жылдары сегиз жылга созулган Ирак-Ирак согушунда мунайлуу кыртышта жайгашкан бул калааны Ирандын армиясы эч ала албай койгону белгилүү.

Араб жана ирактык булактар АКШнын аба күчтөрү жекшемби күнү президент Саддам Хуссейндин туулган шаары - Тикритти бомбаланын кабарлашты. Чабуулда төрт киши набыт болду деген маалыматты америкалык тарап бышыктаган жок. Ал эми баш калаа Багдад негизинен түн ичинде бомбаланып жатат.

Жекшемби күнү Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында жарылуунун добушу угулуп турду. Америкалык куралдуу күчтөр экинчи күн катары менен Түндүк Иракта исламчыл күрдүлөр көзөмөлдөгөн аймактарды бомбалашты. Ишембиде бул чабуулдардан 100 чакты киши ажал тапкан шекилдүү.

22-мартта АКШнын президенти Жорж Буш радиодон апталык билдирүү жасады. Өз сөзүндө ал Ирак операциясынын максатына токтолду.

"Биздин миссия айдан ачык – Иракты массалык кыргын куралынан арылтуу, Саддам Хусейндин терроризмди колдошун токтотуу жана Ирак элин боштондукка чыгаруу",- деди Буш. Азырынча коалиция күчтөрү Иракта массалык кыргын куралдарынын изине түшүшө элек.

Жорж Буш ошондой эле Ирак согушу алдын-ала күтүлгөндөн узак жана татаал болушу мүмкүн экендигин эскертти.

Ишембиге чейин Кошмо Штаттары эки аскеринен айрылды, бирок Перси булуңунда жортуулдан кайтып келе жаткан британиялык эки тикучма абада кагылышып, жети биртан, бир америкалык аскер бөөдө каза тапты. Алдыңкы күнү ушундай эле кырсыктан 12 аскердын сөөгү сөпөт болгон эле. Ишембиде ошондой эле АКШнын Кувейттеги аскер турагында граната жарылып, 13 аскер жараат алды, армия өкүлдөрү гранатаны ислам динин кармаганган америкалык жоокер жардырганын билдиришти. Ал эми жекшемби күнү Британиянын Коргонуу министрлиги "дайынсыз жоголуп жаткан британ учагы АКШ армиясынын "Патриот" системасынан атып түшүрүлгөн болушу керек" деген божомолун билдирди. Учакта канча киши болгону маалым эмес. АКШнын армиясы Ирактын "беш америкалык учакты атып түшүрдүк" деген ырастоосун четке какты.

22синде америкалык жана коалициялык күчтөрдүн командачысы Томми Фрэнкс "Ирак армиясынын бир катар офицерлери багынып берип, алардын кол алдындагы аскерлер АКШ талап кылгандай үйлөрүнө тарап кетишти" деп ырастады. Фрэнкстин сөзүн Ирактын Маалымат министрти Мохаммед Саед ал-Сахаф төгүнгө чыгарды.

"Америкалыктар кайрадан ирак аскерлерин туткундадык деп жатышат. Суу жүрөк жалданма жортуулчулар ирактык жарандарды - Фау жарым аралынын тургундарын кармап кетишти. Булкарапайым кишилер, ошондуктан алар барымтага алынды деп эсептейбиз", деди ирактык министр. Ал-Сахаф Багдадда, бомбаланган "Тынчтык сарайынын" алдында кабарчылардын суролоруна жооп берди.

Ишембиде Нью-Йоркто жана Вашинтондо, Берлинде жана Лондондо, Бейрутта жана Амманда Ирак согушуна каршы демонстрациялар болду. Германияда эле тынчтык жүрүштөрүнө 150 миңден ашык киши катышты. Нью-Йоркто демонстранттар " Буштун согушу токтошу керек!" деп ураан чакырышты.

Пакистанда жекшемби күнү акыркы апталардагы үчүнчү ири демонстрация уюштурулуп жатат.

XS
SM
MD
LG