Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

ИРАК СОГУШУ БЕШ КҮНДӨН БЕРИ УЛАНТЫЛУУДА


Ирактагы согуш оту улам алоолонуп күч алууда. Ирактык күчтөр айрым тактикалык ыкмалары менен АКШ аскерлерине күтүүсүздөн каршылык көрсөттү. Дүйнө коомчулугунда согушту токтотуу талабы курча айтылууда. Ал эми АКШ менен Британия бул согуш Саддамдын диктатордук режиминин кулашы менен аяктаарына ишеничин билдирүүдө.

Дүйшөмбүдө Түндүк Иракта америкалык жана британдык аскерлер расмий Багдаддын аскерлерине каршы айыгышкан салгылашуусун улантты. АКШнын үчүнчү жөө аскер дивизиясынын изи менен жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Рон Синовицтин айтымында, америкалык аскерлер ас-Самава шаарынын чет жакасындагы ирактык дзотторду граната аткычтар менен аткылашты:

- Ас-Самавадагы салгылашуу АКШнын үчүнчү жөө аскерлер дивизиясынын Түштүк Ирактын ичкерисине 250 чакырымдай сүңүгүп киришинен кийин орун алды.

Рон Синовиц кийин да майдан талаасынан өз кабарын жиберип турмакчы.
Насирия, Нежеф, Басра, Умм Каср сыяктуу шаарлардын чет жакаларында да салгылашуулар жүрүүдө. АКШнын аскерлеринин бир бөлүгү Багдадды көздөй жүткүнүүдө.
Дүйшөмбү күнү Ирак президенти Саддам Хусейн сыналгыдан чыгып сүйлөп, өз жоокерлерин кас-душманды ойрон кылуу үчүн бар күчүн үрөөгө чакырды:

- Душман каарман элдин ыйык жерине кол салды. Аларга сокку ургула, биздин баатыр казатчылар! Өз кас-душманыңарды бар күчүңөр менен жана таамай соккуга алгыла, кадырман ирактыктар!

Саддам Хусейндин бул жолку сыналгыдан чыгуусун көргөн кабарчылар анын өзү сүйлөп жатканында эч шек жоктугун билдиришүүдө. Саддам алгачкы соккулардын айынан мерт болгон деген айың кептер, ошентип, жокко чыккансыды. Бирок Британ коргоо министри Жефф Хун Саддам өзү сүйлөдүбү же жокпу деген суроону тактоо үчүн адистер атайын иликтөө жүргүзөөрүн айтты.

АКШ аскерлери үчүн ирактыктардын айрым коргонуу ыкмалары күтүүсүздөн болгону маалымдалууда. Маселен, Түштүк Иракта миңдеген ирактык “федайиндер”, башкача айтканда, өз башын өлүмгө байлаган казатчылар, капкара кийимчен же болбосо, тек гана карапайым кишилердей кийинип алып чыгышып, обочо калган америкалык чакан аскер топторуна кол салышууда. Федайиндер бир жерден экинчи жерге аскердик унаа менен гана эмес, жөнөкөй таксилер менен да жылып жатканы кабардалды. Эвфрат дарыясынын жакасындагы Насирия шаарынын жанында дал ушундай кол салуулардын айынан жекшембиде алты америкалык десантчы набыт болуп, бери дегенде 14ү жаракат алды.
АКШнын генералы Жон Абизаид:

- Насирия салгылашуусу өтө курч жүргөнүн айтуу жетишерлик. Бирок деңизчи аскерлер ийгиликтүү уруш жүргүздү. Алар өз душманын жеңе алды.

Генерал Абизаиддин айтымында, Насирияда деңизчилер ирактык 8 танкты жана бир канча учакка каршы батареяларды жок кылышты.

Ирактын түштүгүндөгү партизандык ыкма – олуттуу уруштун бир гана бөлүгү. Багдад аймагын коргоо үчүн Саддам Хусейндин алты дивизиядан турган тандалма гвардиясынын күчтөрү өзгөчө даярдыкта турат.

Жекшембиде жана дүйшөмбүдө дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө Ирактагы согушту талап кылган ири демонстрациялар болду. Миңдеген демонстранттар Австралияда, Италияда, Мысырда, Бахрейнде, Пакистанда жана башка өлкөлөрдө көчөлөргө чыгышты. Суданда 12 студент полиция менен кагылышууда жаракат алды. Индонезияда жүздөгөн мусулмандар ыктыярдуу жоокер катары Ирак тарабында салгылашуу үчүн катталганы маалымдалууда.

Ал эми АКШ менен Британия бийликтери уруш Саддам Хусейндин режими кулатылмайынча улантылаарын айтууда. Британ коргоо министри Жефф Хун дүйшөмбүдө сыналгыдан чыгып сүйлөп, беш күндөн берки согуш аракеттери планга ылайык жүрүп жатканын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG