Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

«ТӨРТҮНЧҮ БИЙЛИКТИ» СОТТОР ЖҮДӨТҮҮДӨ


1992-жылдан 2003-жылга чейин Кыргызстанда 655 гезит катталган. Алардын арасынан ушу тапта 150 тегерегинде басылма жарык көрөт. Бирин-экин гезиттерди эсепке албаганда, мына ушул катары суйдаң тизмедегилердин көбү ашып барса жумасына эки ирет, болбосо апта сайын, демейдегиси айына эки-үч ирет чыкчу басылмалар.

Гезиттердин катталгандары менен ушу тапта чыгып аткандарынын сандык катышынын ортосундагы асман-жердей айырманын чоо-жайы деле белгилүү. Көпчүлүк басылмалар базар экономикасынын айласыз шартына туруштук бере алышпады, айрымдары сот колу менен жабылды. “Журналист” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, ушу тапта Бишкекте 34 коомдук-саясий гезит чыгат. Облустарда чыкчу басылмалардын саны - 91. Эгемендиктин алгачкы жылдарында «Республика», «Аалам», «Манас-Ата», «Майдан», «Эркин тоо», «Эне тил» гезиттери коомдук турмуштагы жаңыланууну ачык чагылдыргандыгы аркылуу окурмандардын кызыгуусун арттырып келишкен.

1993-жылдын августунда президент А.Акаев сот кызматкерлеринин 1-курултайында «Свободные горы» гезитин жабуу маселесин караштырууну сотторго тапшырды. Жыл аягына чыкпай «Свободные горы», андан аз өтпөй «Политика» гезиттери жабылды. 1995-жылдын мартында Кыргызстандын жараны катары сотко кайрылган президент Аскар Акаев «Республика» гезитин сотто жеңип алды. Замира Сыдыкова менен Тамара Слащева бир жарым жылга чейин калем кармоо укугунан ажыратылышты. 1997-жылы «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин президенти Дастан Сарыгуловдун доо арызынын негизинде «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова менен журналист Александр Алянчиков бир жарым жылга эркинен ажыратылды. Ушул эле жылы «Фрунзе» айыл чарба машиналарын куруу заводунун директору Михаил Парышкуранын доо арызы менен журналист Ырысбек Өмүрзаков камакка алынып, 74 күн абакта отуруп чыкты. 2000-жылы Сузак райондук соту «Акыйкат» гезитинин кабарчысы Молдосали Ибраимовду 2 жылга эркинен ажыраткан чечимин чыгарды.

2000-жылдын июль айында парламент депутат Турдакун Усубалиев «Асаба» гезитинен 50 млн. сом өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылып, окумдуу гезитти банкротко отургузду. Өткөн жылдын декабрь айынан бери «Моя столица» гезитине каршы миллиондогон сомдук доо арыздарды жазгандардын катары арбыды. Баш-аягы 14 миллион сомду түзгөн доо арыздардын айрымдары канааттандырылса деле эркин гезиттин айыппул төлөп берээр чама-чаркы жок. «Моя столица» гезитин сотто кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев утуп алды. Кыргызстандын Бажы инспекциясынын жооптуу кызматкеринин доо арызынын негизинде «Кыргыз ордо» гезити ушу тапта финансылык кыйынчылыкка капталып, «Республика» гезитинин бетинде алгоолошуп чыгууда. Ушундай эле ыкманы учурунда «Асаба», «Моя столица» гезиттери пайдаланышкан.

«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин айтымында Кыргызстандагы сөз эркиндигин кошуна өлкөлөргө - Өзбекстанга же Казакстанга салыштырууга болбойт:

- Азыр сот аркылуу мүлкү камакка алынып, айрым гезиттер чыкпай калууда. Мамлекеттик басмакана гезитти баспай койот. Америкалыктардын көмөгү менен ачылчу эркин басмакананын жакын арада ишке кирээрине ишенбейм. Ушу жылдын декабрына чейин анын иштеши күмөн. Ошондон гезиттер көз каранды. Москва районунда «Портрет недели» деген эркин гезит чыгып атты эле. Райондук аким аны сотко берип, ушу тапта кыйынчылыкка кабылууда. Ушинтип жыл сайын күрөшүп келатабыз.

Айрым эксперттердин айтымында, Кыргызстанда толук кандуу сөз эркиндиги бар деп айтыш кыйын. Маалымдоо каражаттарына цензура алынып салынганы менен кыргыз журналисттери соттук териштирүүдөн чочулап, чындыкты айтуудан тайсалдап турушат. Анын үстүнө миллиондогон сомдук доо арыздар негизинен эркин басылмаларга каршы берилет. Айыппулдун 10% соттук пошлина катары доо-арыз берген чиновник же катардагы жарандын төлөп коюшу эркин басылмаларга кысым көрсөтүүнү азайтышы ыктымал. Азырынча мындай демилге парламент тарабынан колдоо таппай келатат.
XS
SM
MD
LG