Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Саддамдын тандалма гвардиясына каршы операция башталды


Бүгүн таңга жуук Багдаддын түштүк чети абадан кайра бомбаланды. Америкалык-британиялык күчтөр Ирак президенти Саддам Хусейндин тандалма Республикачыл гвардиясына каршы операцияны башташты.
АКШнын аскерий жетекчилигинин маалымдашынча, коалициялык күчтөр Багдадга 100 чакырымдай жетейин деп калды.
Ирак телевидениеси Кошмо Штаттарынын “Апачи” тикучарынын (вертолетунун) учкучтары деп эки адамды көрсөттү. Тикучар дүйшөмбү күнү Багдаддын түштүгүндө Республикачыл гвардиянын аскерлерине чабуул жасап жатканда атып түшүрүлгөн.
Буга чейин туткунга түшкөн америкалык жоокерлердин башка бир тобу телевизордон көрсөтүлгөн болчу.
Кошмо Штаттары бир тикучарды жоготконун тастыктады.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү, генерал-майор Стэнли Маккристалдын дүйшөмбү күнү Вашингтондо кабарчылар менен болгон кездешүүдө билдиришинче, Республикачыл гвардиянын Багдаддын түштүгүн коргогон Медина дивизионуна алгачкы чабуулду самолеттор жана вертолеттор жасаган:
-… биз Республикачыл гвардиянын күчтөрү менен жерде түздөн-түз ок атышкан жокпуз. Бирок гвардиялар менен аба күчтөрүбүз аткылашты жана азыр АКШ армиясына караштуу вертолеттор аларга чабуул жасоодо. Аба күчтөрү жөө аскерлерге көмөктөшүп, бардык чабуул бир жерге туура келүүдө.
Маккристалдын айтышынча, Медина дивизиону Республикачыл гвардиянын эң мыкты эсептелген бөлүгү жана алар коалициялык күчтөрдүн чабуулунан катуу “жүдөгөн болушу” ыктымал.
Ирактын вице-премьер-министри Тарык Азиз дүйшөмбү күнү Багдадда кабарчылар менен болгон кездешүүдө: “Президент Саддам Хусейн Ирак армиясын жана өлкөнү толук контролдоодо”,- деп билдирди.
Президент Саддам дүйшөмбү күнү эки ирет Ирак телевидениесинен көрсөтүлдү. Ал ирактыктарды согушка чакырып, “баскынчылaрды жеңүү үчүн чыдамкайлык керек” деди. Видеотасма мурда тартылып алынганбы же түз алып көрсөтүлдүбү, белгисиз.
Россиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Жорж Бушту Иракта гуманитардык кырсыкты болтурбоого чакырды.
Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында суунун жана электр кубатынын тартыштыгынан улам гуманитардык кризис башталат деген коркунуч өтө күчтүү.
АКШнын деңиз аскерлери артиллериялык чабуулдан кийин түштүктөгү Насирия шаарына басып кирди.
АКШлык жана коалициялык күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Томми Франкстын билдиришинче:
- Британиялык, АКШлык жана aвстралиялык атайын күчтөр бүтүндөй Ирак боюнча түздөн түз аракеттенүүдө жана стратегиялык чалгындоо операциясын өткөрүүдө.
Т. Франкстын айтымында, коалициялык күчтөр 3 миңдей ирактык аскерди туткунга алган. Согушта 20га жакын АКШлык жоокер өлгөн жана дайынсыз жок.

XS
SM
MD
LG