Ал эми саясий эксперттердин бир даары маселеге башкача өңүттөн карашат. Алардын бири, Нью-Йорктогу көз карандысыз иликтөөлөр борборунун кызматкери Карролл Дохэртинин баамында, 11-сентябрдагы террордук алааматтардан кийин америкалыктар, кыязы, Ирактагы ири курмандыктарга да кайыл болуп калгандай көрүнөт. Президент Буштун позициясы алиге чейин бекем колдоого ээ болуп жатат, деп айтты Дохерти. Ошентсе да согуштун ыгым-чыгымдары америкалыктардын чындап назарын бура баштаса, жагдай кандай болорун алдын-ала айтуу кыйын. Азырынча коомдук пикир согуштагы курмандыктарга анчейин маани бере элек, буга караганда 11-сентябрдагы окуялардан кийин америкалыктардын маанайы кескин өзгөргөн шекилди, ошондон улам алар кандай чыгым тартса да ага кайыл болгонго даяр окшойт, деп жоромолдойт Дохэрти.
Техастык социолог Жеймс Берк өзүнүн изилдөөлөрүнө таянып, америкалыктар согуштун башка кесепеттерин кенебеген күндө да аскерлер арасындагы чыгымга чыдабайт деген көз карашты четке какты. Анын пикирин бышыктап, саясий билимгер, доцент Питер Фивер америкалыктар азыр баарыдан да урушта утулуп калгандан көбүрөөк чочулап тургандыгын ырастады.
Тышкы мамилелер боюнча көз карандысыз коомдук кеңештин өкүлү Режен Менондун болжолунда, америкалык администрация согуштун жүрүшүндө эмес, ал бүткөндөн кийин кыйын-кыстоо кырдаалга кабылышы мүмкүн. Кокус уруштан кийинки Ирактагы иштердин мөөнөтү узакка созулуп, анын айынан ирак калкы америкалыктарды оккупанттар катары эсептеп,кастарын тиге баштаса, Менондун болжолунда, америкалыктар арасында кыжаалат кылган маанай күч алып кетиши мүмкүн.
Президент Буштун сынчылары болсо Кошмо Штаттарындагы азыркы коомдук пикирди бат эле өзгөртө ала турган эки фактор бар дешет. Алардын ою боюнча, биринчиден, Ирактагы согуш канчалык создукса, дүйнө жүзүндө тыйылбай жаткан нааразылык акциялары ошончолук күч алат. Экинчиден, Иракта америкалыктардын колунан кыргын тапкандардын саны көбөйөт, мунун баары чогулуп келип, оппоненттердин ишениминде,Кошмо Штаттарындагы коомдук пикирге олуттуу таасирин тийгизет. Бирок бейтарап байкоочулар иштин мындай оролго жетишине али көп бар дешет. Ага чейин көпчүлүк америкалыктар президент Буш тарапта болору калетсиз. Си-Эн-Эн телекомпаниясы менен Голлап институту биргелешип өткөргөн эң акыркы иликтөөдө америкалыктардын 71 проценти Бушка колдоо көрсөткөн. Ал эми “Вашингтон пост” гезити менен Эй-Би-Си телекомпаниясынын сурамжыларында президентке ишеним билдиргендер 68 проценттен ашкан.