Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

БАШКЫ БАГЫТ – БАГДАД


Коалициялык күчтөр Багдадды көздөй чабуулун улантууда. Ал эми согуш аракеттеринин жүрүшүн каршылашкан тараптардын ар кимиси өз пайдасына чегерип жатат. Ирак бийликтеринин ырастоосунда, президент Саддам Хусейн өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөөдө. Америкалык жана британиялык жетекчиликтин эсебинде, согуш Саддам Хусейндин режимин кулатуу менен аяктаары айныксыз.

АКШ менен Британиянын эсебинде ,согуш аракеттери планга ылайык, ал турсун өткөн аптанын соңундагы айрым жоготууларга карабай мурда күтүлгөндөгүдөн да тез жүрүүдө. Британ премьери Тони Блэр белгилегендей, коалициялык күчтөрдүн көздөгөнү - Багдадды мүмкүн болушунча эртерээк ээлеп, Саадам Хусейндин режимин кулатуу:

- Биз көп кыйынчылыктарга кездешебиз,алдыда кооптуу учурлар бар экени анык.Бирок андан да аныгы, албетте,коалициянын жеңиши.

Майдан талаасынан түшкөн маалыматтарга караганда, АКШ баштаган коалициялык күчтөр Багдаддын жолундагы шаарларды толук ээлебесе да,
"коопсуздук коридорлорун" түзүүнүн аркасында алдыга жылууда. Шейшембиде АКШнын деңиз аскерлеринин бир бөлүгү Багдадга жол ачуу максатында түштүктөгү Насирия шаарында Евфрат дарыясын кечип өтүүгө жетишти. Ал эми Багдадга карай жолду андан 80 –100 чакырымча түштүктөгү Кербела шаарынын жанында тосуп жаткан Ирактын Республикалык Гвардиясынын турумуна абадан сокку урулууда. Америка-британ аскерлеринин алдыңкы чектегилери бул аймакка жетип калды. Кербела шаарын Республикалык Гвардиянын эң тандалма бөлүгү - "Медина" дивизиясы коргоодо. Пентагондун өкүлү, генерал Стэнли Мак Кристаллдын Вашингтондогу басма сөз жыйынында айткандарына караганда, аба жапырыктарынын натыйжасында "Медина" дивизиясынын согушуу жөндөмдүүлү бир топко төмөндөдү. Ирак өткөн түнү жергиликтүү телекөрсөтүү аркылуу Кербела шаарынын жанынан АКШнын атып түшүрүлдү деген "Апачи" тибиндеги тик учмасынын туткундалган эки учкучун көргөздү. Ирак жетекчилигинин ишениминде, коалициялык күчтөр "олуттуу жоготууларга" кириптер болууда. Өкмөттүн вице-премьери Тарик Азиз ырастагандай, өлкөдөгү кырдаал президент Саддам Хусейндин толук көзөмөлүндө турат:

- Саддам Хусейин өз өлкөсүн толук көзөмөлдөөдө. Ал өзүнүн аскер күчтөрүн, ирак элин, Ирактын бүткүл ресурстарын толук көзөмөлдөөдө.

Аскерий аналитиктердин пикиринде, Багдаддын жолундагы шаарларды калтырып, алдыга тез жылуу коалициялык күчтөр үчүн бир топ тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн. Вашингтондук аскерий аналитик Тимоти Гардин:

- Артта калтырылган отряддар көбүнесе материалдык - техникалык жактан камсыздоо иштери менен алектенет. Эгер сиз жолдогу шаарларды жакшы тазалбасаңыз, ал отряддар бекем корголгон эмес. Сиз жолдо эмнени калтырганыңызды билбейсиз. Ушундан улам сиз тылдагы отряддарыңызга Ирактын атайын багыттагы аскер бөлүктөрү кол салып, камсыздоочу жолду бууп салышына кириптер болушуңуз ыктымал.

Тобокелчиликтер бар экенин британ коргоо министри Жефф Хун да моюнга алат:

- Бул майдан чегинин, азыркыдагыдай конфликте алдыга тез жылуу орун алган учурда, тобокелчиликтерди салтуу жол менен кароого мүмкүндүк бере турган жөнөкөйү эмес. Биз алдыңкы чектин артынан да тобокелчилик бар экенин сезгенден кийин аларды, душман иштей турган жолдорду эсепке алышыбыз керек.

Ал эми гуманитардык жагдайга кайрылсак, Ирактын экинчи ири шаары, бир миллондон ашуун адам жашаган Басрада кырдаал оор экенин айтылууда. Шаарды ичүүчү суу, электр жарыгы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.Кабарларга караганда, мурда күтүлгөндөй коңшу Йорданияга Ирактан качкындар массалык түрдө келе элек. Согуштун алгачкы күндөрү чек араны көздөй миңдеген ирактыктар жөнөгөн эле. Бирок алар кайра артка кайтып кеткендей.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG