Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

ИРАКТЫКТАР МЕКЕНИН ТАШТАП КЕТПЕЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирак менен Түркиянын чек арасында Ирактык качкындарды кабыл алууга ыкчам даярдыктар көрүлүп жатат. Бирок Улуттар Уюмунун качкындар агенттигинин кызматкерлери азырынча лагерден башбаана сурагандар дээрлик жок экенин билдирет.

Чек ара тилкесине жакын жердеги Силопи шаарында турган качкындар кеңсесинде азыр качкындарды кабыл алууга ыкчам даярдык жүрүп жаткан кези. Улуттар Уюмунун шаарда жайгашкан качкындар өкүлчүлүгүнө төшөнчү, бүктөлмө керебеттер, жылуу кийим жана азык-түлүк жүктөлгөн машинелер келип жатат. Шаардан алыс эмес жерде качкындар үчүн ондогон чатырлар тигилип, иче турган суунун кору, качкындардын күнүмдүк жашоосу үчүн зарыл буюмдар камдалган. БУУнун качкындар агенттигинин өкүлү Францис Тео түрк-ирак чек арасындагы качкындар лагерлери кеминде 100 миң кишини кабыл алууга даяр турганын билдирди. Баары болуп Улуттар Уюмунун качкындар агенттиги 600 миң качкынды кабыл алууга камылга көрүүдө. Ирактык качкындардын Түркияга, Сирияга, Сауд Арабияга жана Иранга агылышы күтүлөт.

Түркия он миңдеген качкындар агымынан чочулап жатканын жана Түркиядагы абалды дестабилдештирбөө үчүн качкындарды Ирактын аймагынан бери өткөрбөй турганын билдирген. Качкындар агымын тосмолоо - Иракка бир миңден ашуун түрк аскерин киргизүү ниетинин негизги себеби катары аталган. Бул жөнүндө Түркиянын тышкы иштер министрлигинин чек арада жүргөн өкүлү Намик Тан өз кабарчыбыз Замира Эшановага мындай деген:

”Биздин максат Ирактык качкындарды тамак-аш жана кийим- кечек менен камсыз кылып, Түркиянын аймагына өткөрбөй чек аранын ары жагында кармап туруу. Алар лагерлерге батпай кеткенде гана өз аймагыбызга өткөрөбүз. Бирок элден мурун алардын кимдер экенин сөзсүз так аныктообуз керек. Анткени алардын ичинде террорчулар менен башка карасанатай кишилер болушу ажеп эмес!”

Бирок качкындар агенттиги да, чек арадагы түрк өкүлдөрү да качкындар лагеринде азырынча башбаана сурагандар жок экенин айтышат. Түркиянын өкүлдөрү Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарын бомбалоо учурунда бир канча киши чек араны көздөй качканын, бирок алар лагерде эмес чек ара тилкесинде жашаган туугандарыныкында баш катышканын айтышат.
Чек ара жабылганга чейин Түркия менен Ирактын аймагында чек арага танапташ жашаган эл үзбөй катташып турганын айта кетүү абзел. Эбру аттуу 14 жаштагы өспүрүм кабарчыбызга буларды баяндаган.

"Чек аранын ары жагында таякемдер жашайт. Чек ара жабылган 2001-жылга чейин алар биздикине кезек-кезек келип турушчу. Бирок аздан бери алардан кабар жок болуп кеткен эле. Мындан бир нече күн мурда таякем телефон чалып, согуштан аман калуунун айласын кылып, үй- бүлөөсү менен тоого кире качканын кабарлады".

Согуш башталганына алты күн болсо да качкындар лагерлеринде киши дээрлик жок экенин белгилей кетүү керек. Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарын бомбалашкандан кийин эки үй бүлөө качып, Сириянын чек арасына бет алган.1991- жылдагы согушта эки миллионго жакын ирактык жаран үй- жайын таштап качканын белгилеген Улуттар Уюму күтүлгөн качкындар агымы жок болуп жатканын Ирак режиминин калкты коркутуп-үркүткөндүгү менен байланыштырат. Уюм согуштун башталганына бир аптага эле аяк басканын белгилеп, согуш күчөсө качкындар агымы сөзсүз каптай турганын айтып жатат.

Ал эми чек арадан кабар берип жаткан журналисттер азыр чек арадагы өткөөл пункттар Ирактан качкан адамдарга эмес, тескерисинче, Иракка кирүүнү каалагандарга толуп чыкканын айтышат. Ушул күндөрдө Иордания менен Сириядан жүздөгөн ирактыктар Иракка кайтып келүүдө. Алардын көбү бул оор күндөрдө үй бүлөө, тууган-туушкандары менен бирге болууну, Ата Мекенин баскынчылардан коргоону каалап жатышканын айтышат. Ирактан Сирияга жүк ташып барып, машинеси менен кайра тартып бараткан шофер Макки Кубайси АФП агенттигинин кабарчысына: "Ирактыктар корккон жок, алардын мекени менен үй- жайын таштап качууга ниети жок",- деп билдирген.

XS
SM
MD
LG