Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

ИРАК КҮНДӨЛҮГҮ: ЧЕЧҮҮЧҮ УРУШТАР ЭМИ БАШТАЛАТ


Уруш жүрүп жаткан райондордон алынган соңку маалыматтар менен Эсенбай НУРУШЕВ тааныштырат. Эң алды менен Багдаддагы жагдайга токтолсок: Ирактын борборунан кандай кабарлар бар?

Акыркы кабарларда күндүзгү аба жапырыктар маалында Багдаддагы кан базарга бир нече ракета жана бомба тийип, андан он бештей киши набыт кеткени, отуздай адам жарадар болгону айтылууда. Багдадда иштеп жаткан кабарчылар да көчөдө сулап жаткан бир нече өлүктү көрүшкөнүн ырасташты. Америкалык аскери өкүлдөр мунун чын-төгүнүн азыр бышыкташа элек, британ коргоо министри Жефф Хун иштин аныгынан кадик санап жатканын билдирди. Бирок ал Багдаддагы кан базарды коалициялык аскерлер эч качан бутага албагандыгын, тескерисинче, калк арасында бөөдө чыгымга жол койбоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жаткандыгын ырастады. Багдадга чак түштө да абадан сокку урулду, кечке маал аба жапырыктар кайра башталды.

- Ал эми Багдаддан түштүктөгү райондордо, айрыкча Эн-Нежеф шаарына жакын жердеги аскерий кырдаал кандай? Бу жерде ирак күчтөрү олуттуу жоготууга учураганы жөнүндө айтылып жатты эле, мунун чын-төгүнү аныкталдыбы?

- Пентагондун эсебинде Эн-Нежефте бери эле дегенде 200дөн 300гө чейин ирак жоокери окко учту, ал эми Ассошейтед пресс алардын саны 650гө жеткенин кабарлады. Багдад болсо мунун баарын төгүнгө чыгарып, Эн-Нежефте, тескерисинче, коалициялык күчтөр көп адамын жоготконун айтып жатат. Бирок жакынкы аралыкта, балким, түн ичинде Эн-Нежефте чечүүчү салгылаштар башталышы мүмкүн. Бул жерде америкалык аскерлерге биринчи ирет Ирактын республикачыл гвардиясына кирген “Аль-Медина” дивизиясы менен бетме-бет урушканга туура келет. “Ал-Медина” - Ирактын эң мыкты куралданган, согуш өнөрүнө өзгөчө маш болгон тандалма аскер бөлүгү эсептелинет. Салгылашууга, болжолдуу санактар боюнча, эки тараптан 40 миңге чукул, баары болуп 80 миңдей кол катышат. Эн-Нежеф алынса, андан ары Багдадга жол ачылат. Мындан тышкары коалициялык аскерлер эң түштүктө Басраны алганга азырлана баштады. Шаар бир нече күндөн бери британдык аскерлердин камоосунда турат. Британдык аскер контингентинин өкүлдөрү Басрада эл козголуп, ирак бийликтерине каршы көтөрүлүшкө чыкты деп айтышкан эле. Бирок муну да Ирактын маалымат министри карандай калп деп атады. Басралыктар бир адамдай болуп калааны оккупанттардан коргоп жатышат, шаарда эч кандай козголоң болгон жок, деп ырастады министр. Айтымда, коалициялык контингент Басрага бүгүн түнү басып кириши ыктымал. Британдык командачылыктын өкүлү билдиргендей, шаарды алуунун планы толук даяр болду, эмки маселе ага кирүүдө калды. Басрада “Саддамдын федаиндери” деп аталган кошуундун жоокерлери да урушуп жатат. Алар коалициялык күчтөргө ооруктан кол салып, партизандык уруштун тактикаларын колдонгонго өтүштү. Федаиндер, мисалы, багынып бергиси келген адамдай колун көтөрүп же жөн эле бир бейжазык пенде өңдөнүп британдык аскерлерге жакындап келет экен да, анан колтугундагы бомбасын жардырып жиберип, бир нече адамды өздөрү менен кошо ала жатышат экен. Мындай тактика азыр уруштун бардык райондорунда кеңири таралды дешет. Пентагондун башчысы Рамсфелд аларды кадимки эле жан кечти террористтер деп атады.

- “Саддамдын федаиндери” дедиңиз,алар кимдер,угурмандарыбызга учкай түшүндүрө кетсеңиз.

- “Федаин” деген фарсы же арап тилинен которгондо диний ишеним же болбосо идея үчүн жанын курмандыкка чалуу дегенди билдирет экен. Федаиндер орто кылымдарда пайда болгон, алар башын өлүмгө байлаган фанатик-жан кечтилерден турат. Саддам Хусейн да 1995-жылы ошондой федаиндерден турган атайын кызмат түзүп, ага режимдин башкы оппоненттери менен күрөшүү ишин табыштаган. Федаиндер өзгөчө мыкаачылыгы, ырайымсыздыгы менен айрымаланышат; алардын баары Иракта карапайым кызматчыдан 100 эсе көп айлык алышат. Кыскасы, Саддамдын федаиндерин “өлүм эскадрону” деп атаса болот, алардын саны 40 миңге жетет дешет. Багдадды, акырында Саддамдын өзүн коргоодо ирак төбөлдөрү федаиндер башкы күч болот деп жатышат.

XS
SM
MD
LG