Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

БАГДАДДА БААРЫ ТЫНЧ ЭМЕС


27-мартта Бишкекте Ирактагы согушка каршы нааразылык демонстрациясы өтөөрү айрым маалымат каражаттарында жар салынууда. Согушту жактаган адам жок, антсе да Ирактын чаарбаш режимин күч менен кулатуу аракетинин түпкү маани-жайына абай салып, окуяга калыс баа берүүнү жактагандар деле бир топ.

Жергиликтүү телекөрсөтүү аркылуу 27-мартта Бишкектин Алатоо аянтында согушту айыптап, тынчтыкты жактоочулардын ири жыйыны чакырылып жатканы кечээтен бери жар салынып келатат. Тынчтыкты жактоочулардын демилгесин колдоп чыккан “Вечерний Бишкек” гезитинин башкы редактору Ольга Безбородова Кыргызстанда тынчтык тарапкерлеринин катары өсүп баратат деп эсептейт.

- Биздин чөлкөмдө болуп аткан окуялар согушка каршы туруучуларды ойготту,- дейт Ольга Безбородова.- Бирок да биз өткөргөнү жаткан иштин бир айырмасы бар. Биз принцибинде Ирактабы же башка бир жердеби, согуш дегендин өзүнө каршыбыз. Биз ХХ1 кылым – диалогдун кылымы деп эсептейбиз. Мындай милдет адамга төрөлгөндө кошо жүктөлгөн, ошон үчүн ага акыл-эс, тил берген. Биз Кыргызстанда тынчтыкты жактоочулардын кыймылын баштадык, анын башкы максаты - элдин үнүн бу дүйнөнүн таасирдүү адамдарына угузуу, аларга таасир көрсөтүү. Согуш дегенге “жок!” дешибиз керек, кайсы жерден, кандай максатта чыкпасын согушка, экстремизмге, басып алууга каршы турушубуз керек. Үч миң жылдык тарыхы бар адамзаттын курал менен талашты чечүү заманы өткөн, талашты сөз менен жүргүзүп, сөз менен ымалага келүүнү үйрөнүшкө убакты-сааты жетти.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, кыргызстандыктардын көпчүлүгү негизинен орусиялык маалымат каражаттарынан Ирактагы согуштун жүрүшү тууралуу кабарларды алышат.

- Согушту жактаган эч ким жок,- дейт Эдил Байсалов.- Бирок, кыргызстандыктар Ирактагы согуш тууралуу бир жактуу маалыматтарды алып атышат. Орусиянын маалымат каражаттары Ирактагы согушту туура эмес көрсөтүп, ачуусу келгенин жашырбай эле айтып атышат. Анткени алар арданып, күйүп жатышат. АКШ жаңы дүйнөлүк эреже деп атпайбы, жаңы дүйнөдөн Европага орун тийбей атат. Биз, кыргызстандыктар, жаңы дүйнөдөн өз ордубузду таап алышыбыз керек. Кыргызстандыктар бир тараптуу маалымат алып, анын натыйжасында америкалыктарга каршы маанай күчөп баратат. Ирактагы согуш нефтиден же Саддам Хусейндин режиминен улам чыгып аткан жери жок. Буга көп факторлор таасир этти. Анын Кыргызстанга зыян келтире турган эч нерсеси жок. Ошон үчүн кыргызстандыктар өзүбүздү өзүбүз ойлосок.

Кыргызстандын жетекчилиги Иракта согуш башталгандын эртеси эле маселени тынч жол менен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимине таянып жөнгө салуу зарылдыгын билдирген. Андан аз өтпөй Бишкектеги Американын Борбордук Азия университетинин студенттери менен окутуучулары демонстрация өткөрүштү. Ага улай “Вечерний Бишкек” гезитинин демилгеси менен Ирактагы согушту токтотуу тууралуу кол топтоо демилгеси күч алды. Гезит кабарчысы Асел Оторбаева шаршембиге чейин Ирактагы согуштун токтотулушун талап кылып кол тамгасын калтыргандардын саны 7 миң кишиден ашканын маалым кылды.

XS
SM
MD
LG