Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

АКШлык ДЕЛЬФИНДЕР БРИТАНИЯЛЫК АСКЕРЛЕРГЕ ЖАРДАМГА КЕЛДИ


Ирактагы коалициялык күчтөрдүн саны күн сайын көбөйүүдө. Өткөн түнү Ирактын түндүгүнө америкалык 1 миңге жакын аскер кирди. Ирактын түштүгүндөгү маанилүү порт шаар Умм Каср, биздин кабарчы Чарлз Рекнеглдин кабарлашынча, акырындап жумушчу режимине өтүүдө. Порттун сууларына ирактык аскерлер койгон миналар АКШдан алынып келинген дельфиндердин жардамы менен табылып жок кылынууда.

Британиялык аскерлер Ирактын түштүктөгү деңиз дарбазасы эсептелген Умм Каср шаарынын портун жайма-жай иштетүү аракетин жасашууда. Коалициялык күчтөр шаарды дүйшөмбү күнү ирактык 500 - 600 чамасындагы аскердин катуу каршылыгынан кийин ээлешкен.
Биздин радионун кабарчысы Чарл Рекнеглдин билдиришинче:

- Перс булуңундагы Ирактын жападан жалгыз чоң порту азыр толук бойдон британиялыктардын колунда. Шаарга гуманитардык жардамды деңиз аркылуу толук масштабда ташуу үчүн адамдарды жумушка чыгаруу аракети кылынууда.

Британиялык майор Мартин Гриксонинин кабарчыларга билдиришинче, алгачкы жардамды тартып келген британиянын “Сэр Галахад” кемесинин 230 тонна жүгүн түшүрүү порттун суусун минадан тазалоого байланыштуу 24 саатка кечигүүдө.

Кошмо Штаттары менен Кувейттин башкаруусундагы Гуманитардык операция борборунун маалымдашынча, шаршемби күнкү кумдуу бороондон улам Умм Касрга суу жана тамак-аш тарткан 30 машинеден турган кербен араң жеткен.

Перс булуңундагы британиялык күчтөрдүн командири Брайн Барриждин сөзүнө караганда, гуманитардык жүктү ташууга Ирак режиминин саботажы жолтоо болууда:

- Жаңылбаңыз, бул өтө реалдуу коркунуч. Өткөн түнү британиялык мина уулачу кеме жүк ташылуучу каналга жакын жерден эки минаны таап, жок кылды. Саддамдын режими өз элине маанилүү товарларды жана гуманитардык жардамды жеткирүүнү токтотмок болуп жатканынан күмөн жок.

Британиялык аскерлер Умм Касрды толук ээлешкенден кийин, шаарды талап тоноо токтотулган. Гриксони айтканга караганда, азыр британиялык жоокерлер жашап жаткан мейманкананы ирактык аскерлер “уй жалагандай” тоноп кеткен. Шаардагы 40 миңдей адамдын көпчүлүгү альянстын жоокерлерин жылуу жумшак тосуп алышкан. Өздөрүн аскерлерден оолак кармап, ал эмес аларды душман катары жек көргөнүн жашырбаган адамдар да жок эмес экенин британ офицери танбайт.

Гриксонинин сөзүнчө, аз дегенде шаардын жарым калкында куралдары бар экен. Альянстын аскерлери аларды өз жарактарын ыктыярдуу түрдө көчөгө калтырып кетүүгө үгүттөөдө.

Британ аскерлери баскынчы катары көрүнбөс үчүн президент Саддам Хусейндин көрүнүктүү жайлардагы жана коомдук мекемелердеги портреттерине тийишкен эмес.

“Альянстын аскерлери шейшемби күндөн бери порттун сууларына катылган миналарды АКШдан алып келинген дельфиндердин жардамы менен таап жок кылышууда”,- деп билдирет кабарчыбыз Ч. Рекнегел Кувейттин түндүк чек арасынан:

- Үйрөтүүчүлөрдүн айтымында, дельфиндер өтө натыйжалуу иштешүүдө. Бирок жергиликтүү дельфиндер чоочун дельфиндердин өз аймагында болуусуна макул келеби же аларды кууп чыгабы, аны убакыт көрсөтөт.

Ошол эле мезгилде америкалык аскерлер өткөн түнү Ирактын түндүгүндө экинчи фронтту ачышты. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, коалициялык күчтөр күрддөрдүн башкаруусундагы Түндүк Иракка Саддамдын өкмөтүнө кысымды күчөтүү үчүн киргизилген жана Иракка улам жаңы күчтөр келип түшүүдө:

- Биз Ирактагы аскерлердин санын күн сайын көбөйтүүдөбүз. Биз алардын санын өлкөнүн түндүгүндө, түштүгүндө жана батышында да көбөйтүп жатабыз.

XS
SM
MD
LG