Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

НЕГИЗГИ БАСТАШУУ БАГДАДДА БОЛОТ


Иракта сегиз күндөн бери уруштар уланууда, бирок согуштун бурулуш учуру байкала элек. Америкалык командачылык Багдаддын босогосундагы Кербала шаарын алганга камданып, айыгышкан кармаштардын кам-чомун көрө баштады. Аталган калаада Ирактын республикалык гвардиясынын тандалма күчтөрү жайгашкан. Аскери аналитиктер согуштун биринчи кандуу булоону ушул Кербалада болушу мүмкүн дешет. Андан да Багдаддагы басташуулар, эксперттердин апаздарына караганда, кыл чайнаша кырчылдашкан анык калайманга айланышы ыктымал.

Алдыдагы окуялардын аңытына жана оролуна акыл калчап көргөн бир катар аскери аналитиктер Багдаддагы басташуулар Ирактын борборун кызыл уук кылып кыйратып салышы мүмкүн, натыйжада байыркы бул калаа бир кездеги Сталинграддын кешпирин кийип калышы ыктымал деп болжолдошот. Мындай перспектива коалициялык күчтөрдүн командачылыгын да катуу камтамага салат окшойт, бери эле дегенде Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд, балким, Багдадга аламан жапырык жасалбай калышы да мүмкүн дегендей кыяп кылды. Багдадды коалициялык күчтөр кыдырата курчоого алып, камалап туруп алса Саддам Хусейнге каршы баарыдан мурда шаардыктар өздөрү көтөрүлүшү ажеп эмес. Рамсфелддин эсебинде Багдаддагы элдик козголоңго Басрадагыдай эле ирак шийиттери демөөрчү болушу мүмкүн. Ага чейин коалициялык аскерлерге Ирактын республикалык гвардиясынын кырчоосун бузуп, аларды артка сүрүп салганга туура келет. Кербаладагы кармаштар, Рамсфелддин сөзүнө ылайык,анык “ажаан уруш” болмокчу. Бул кармаш коалициялык күчтөрдөн ыкчам жана ийкем болууну, республикалык гвардиянын коргонуу чептерин жарып өтүүнү, алардын таш-талканын чыгарууну жана туткундап алууну талап кылат, деп билдирди Пентагондун башчысы.

Ирактын коргоо министри Султан Хашим Ахмед коалициялык аскерлер беш-он күндөн кийин Багдадды камалап калышы мүмкүн экенин ырастады. Бирок алар шаарга кирүүнү чечсе, анда көчөлөрдө айыгышкан каршылыкка кабылат. Ар бир үй капкалуу чепке айланат, биз акыркы огубуз калганча кармашабыз, деп билдирди ирак министри. Лондондук эксперт Роберт Хатчинсон кокус Багдадда куралдуу басташуулар тутунса, мындан эң алды менен шаардык калк арасында курмандыктар көбөйөт деп кооптонот. Коалициялык күчтөр мындайга жол бергиси келбейт, алар өздөрү да бөөдө чыгым тартканды каалбайт, шаар ичиндеги уруштарда алар болгону аскерий технологиянын артыкчылыгына гана таяна алат. Бет маңдай урушта танкаларды, артиллерияны же башка ушул өңдүү ири куралдарды колдонгонго болбойт,андыктан ар бир имарат үчүн айгыша салгылашканга гана туура келет, дейт Хатчинсон.

Америкалык эксперт, Пенсилваниядагы аскерий коллеждин профессору Стефан Банк бул тууралуу башкача ойдо. Ал шаар ичиндеги уруштарда деле майнаптуу операцияларды өткөрсө болот деп эсептейт. Эгер тарыхка кайрылып көрсөк,соңку алтымыш жылдагы тажрыйбада шаар ичиндеги уруштарда ар түрдүү тарыйкалар жана тактикалар колдонулгандыгын айтканга болот. Бардык учурда эле кыйрысын ургандай, мисалы, Грозныйдагыдай кыйракан болгон эмес. Израилдиктер былтыр кызыл жаян кылып кан төкпөй эле Женинди алышпадыбы, дейт Банк.

Экинчи бир эксперт,отставкадагы америкалык генерал Эдуард Аткесон коалициялык аскерлерге Багдадга басып кирерден мурда өкмөттүк жана аскерий буталарга абадан сокку урууну сунуш кылат. Командалык пункттар талкаланган соң ирак армиясын, анын бөлүктөрүн башкаруу кыйындайт. Мындай шартта шаардын көчөлөрүндө урушкан бир топ жеңил болмокчу. Бирок кандай болгон күндө да коалициялык аскерлерге Багдадды алыш үчүн кошумча күчтөр керек болот. Пентагондун маалыматтары боюнча, Иракка дагы 120 миңдей америкалык аскер контингенти ташталат. Иши кылып,негизги басташуулардын баары алдыдагы күндөрдө баштала тургандай.

XS
SM
MD
LG