Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

ТҮРКИЯ ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ КАНДАЙ ШАРТТА КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ МҮМКҮН


Европа Биримдиги Түркияны уюмга кабыл алуу боюнча стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизди. Атап айтканда, каржылык жардамдын көлөмү көбөйтүлдү. Бул Анкара үчүн жакшы жышаана катары бааланууда. Ошол эле мезгилде түрк аскерлери Түндүк Иракка киргизилбесин деген шарт уюмдун негизги талаптарынан болуп калды.

Буга чейин Европа Биримдиги Түркияга 2004-2006-жыл аралыгында дээрлик 500 миллион евро берилет деп пландаган. Соңку долбоордо Европа Биримдиги-Түркия байланыштарын өркүндөтүүгө жумшала турган бул сумманы бир миллиард еврого жеткирүү жөнүндө айтылат.

Белгилүү болгондой, уюмдун өткөн жылдын этегинде Копенгагенде өткөн саммитинде Түркия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо датасын аныктоо кийинкиге калтырылган.

Еврокомиссия Түркиянын түндүк Ирактагы аскерий кийгилишүүсү жана демократиялык реформалардын кечеңдетилиши өлкөнүн уюмга кирүү мүмкүнчүлүгүнө залака тийгизиши ажеп эмес деп эскертет. Уюмга талапкер өлкө катары Түркия Европа Биримдигинин тышкы саясатынын өзөккү принциптерин карманышы керек, жана бардык мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыктарына дал келген саясат жүргүзүшү абзел, -деп айтылат жаңы долбоордо.
Комиссиянын жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселелери боюнча комиссары Гүнтер Ферхойген Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө мындай деп белгиледи:

- Биз түрк аскерлеринин түндүк Иракка киришин ылайык көрбөйбүз. Муну ачык айтып койуш керек. Бул факт өлкөнү союзга кабыл алуу маселесинде эске алынат.

Бирок ошол эле күнү Еврокомиссиянын президенти Романо Проди Анкара аскерлерди түндүк Иракка гуманитардык максатта гана жайгаштырабыз деп убада бергенин билдирген.

Европа Биримдигинин ниети саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүү жөнүндөгү талкууларды тездетүү болуп эсептелет,- деди Ферхойген жаңы стратегия менен тааныштырып жатып. Ал андан ары өлкөдөгү айрым проблемаларга токтолуп кетти. Комиссардын айтымында, Түркия дагы эле уюмдун саясий шарттарын аткарбай келатат, жана алардын аткарылышы комиссиянын өлкөнү уюмга кабыл алуу жөнүндөгү сүйлөшүүлөрүн баштоо жөнүндөгү чечимине жолтоо болушу мүмкүн:

- Түркиянын уюмга кошулуу боюнча даярдыктарына баа берилгенде саясий шарттардын аткарылышы чечүүчү мааниге ээ болмокчу. Анкара алардын бирин калтырбай аткарышы керек. Бул талаптар өтө жогору. Бирок азыркы өкмөттүн чечкиндүүлүгүнө жана реформалардын соңку эки жыл ичиндеги жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, Анкара аларды аткарат деген ишенимдемин.

Түркиядагы терс көрүнүштөр катары абактагыларды кыйноо, маданий укуктардын басмырланышы, бир катар эркиндиктердин чектелиши аталды.
Андан тышкары аскерлердин өлкөдө саясий чечүүчү ролго ээ болушун Анкара түп тамырынан кайра карап чыгышы тилекке ылайык экени документте айтылат.

Европа Биримдиги Анкара кипрдик гректердин өкмөтүн расмий түрдө тааныганда гана Түркия менен сүйлөшүүлөр башталарын мурдараак эскерткен. Бул жолу кипр маселеси жөнүндө учкай эле айтылды.

Ферхойген Ирактагы согуш аяктагандан кийин Түркия менен талкуулар башталаарын белгиледи. Азыр болсо комиссия уюмга кошулуу боюнча Түркиянын даярдыктары жөнүндөгү соңку баяндамасынын үстүнөн иштеп жатат.

Ферхойгендин айтымында, аталган стратегияны ошол эле күнү бекитүүдөн комиссия баш тартты.

XS
SM
MD
LG