Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

ПОДПОЛКОВНИК В. ТАҢЫРЫКОВ: «ИРАК БУЛ СОГУШКА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАЙТ»


Чолпон Орозобекова, Бишкек Запастагы подполковник, СССР Куралдуу Күчтөрүндө аскердик тилмеч болуп иштеген Валимжан Таңырыков менен Ирактагы кырдаал тууралуу маек.

Валимжан Таңырыков Советтер Союзунун учурунда аскердик тилмеч болуп Сирияда, Ливанда, Иракта, Сауд Арабиясында иштеген. Ошондой эле Луговой жана Фрунзе-1 аба базаларында араб өлкөлөрүнүн учкучтарына, инженер-техниктерине советтик курал-жарактарды пайдаланууну үйрөтүүгө катышкан. Запастагы подполковник.

- Валимжан мырза, сиз аскердик тилмеч болуп иштегенсиз. Бир топ мусулман өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн катарына советтик курал–жарактарды пайдаланууну үйрөтүүгө катышкан адамдардын бирисиз. Айтсаңыз, деги Ирактын дарамети кандай?

- Ирак мурда араб өлкөлөрүнүн ичиндеги эң кубаттуу мамлекеттердин бири болуп келген. Тилекке каршы Саддам Хусейн бийликке келгенден кийин Ирак бир кыйла начарлап калды. Такка отургандан бери ал эки жолу согуш баштады. Биринчисинде Иранга каршы, экинчисинде Кувейтке каршы. Ушул эки кармашта СССРден, Франциядан, Америкадан, Англиядан алган курал-жарактарынын жарымысын жоготуп койгон. Анан Саддам массалык кыруучу бактериологиялык, химиялык, ядролук куралдарды чыгарам деп атып Ирактын кадыр-баркын төмөндөтүп, экономикалык шайын начарлатып жиберди. Менин жеке көз карашымда Ирак бул согушта туруштук бере албайт. Ирактын армиясында 429 миң аскер, 300гө жакын танк, 200дөй ракета жана абага каршы атчу замбиректер менен автоматтар бар. Куралдарынын баары эскирген. Эки согушта бул куралдарынын бир тобунан айрылып калган да болушу мүмкүн. Бул согуш улана берсе ракеталарынын аягына чыгат. Менимче Кувейт менен болгон согушта эле 50–60тай ракетасын атып жоготкон. Учактары болсо Миг-23, Миг-29 деген, СССРден алынгандары дагы эле бар болсо керек. Себеби Казакстандын Луговой аба базасында араб өлкөлөрүнүн учкучтарын жана инженер-техниктерин советтик курал-жарактарды пайдаланууга окутканда дал ушул учактарда үйрөткөнбүз.

- Ирактын учкучтарын окутууга сиз да катышкансыз да?

- Ооба, мен түздөн-түз катышкам. Луговойдон Ирактын 4000ге чукул учкучтарын жана техниктерин окуттук. Ирактын танкисттеринин, учкучтарынын баары эле Советтер Союзунан аскердик даярдыктан өтүп, билим алышкан. Себеби курал жактан СССР камсыз кылып келди да.

- Канча убакытка чейин СССР Иракты аскердик жабдуу менен камсыз кылып келди деп ойлойсуз?

- 1960-жылдан баштап СССР кулаганга чейин. 12 жыл мурун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынан кийин Иракка курал берүүгө тыюу салынган. Бирок эки өлкө ортосунда түзүлүп калган келишим бар. Менимче, курал берүүнү Орусия дагы деле уланта бериши мүмкүн. Орусия президентинин «курал бербей калдык» дегенине деле ишенип болбойт. Орусиянын Коопсуздук Кеңеши жашыруун курал сата берет да. Америка күнөөлөп атса Владимир Путин ырасмий түрдө актанышы керек да. Бул деген саясат.

- Саддам Хусейндин чын эле массалык кыруучу куралы бар дегенге ишенесизби?

- Эгерде БУУнун инспекторлорунун жыйынтыгына таянсак, андай курал азыр жок. Бирок Саддам абдан куу киши. Ал андай коркунучтуу куралын катып коюшу мүмкүн. АКШ аскерлери Багдадга же башка бир чоң шаарларга чабуул жасаганда колдонуп коюшу мүмкүн.

- «Америка Ирактын мунайзатына гана кызыгып атат» деген пикирге кошула аласызбы?

- Жакында эл аралык конференцияда «жаратылыш ресурстары жер жүзүндөгү адамдарды тамактандырууга жетпей калышы мүмкүн, эгер адам саны жылдан-жылга өсө берсе кандай болот» деген пикирлер айтылды. Бул тыянакты эске алсак, балким Америка энергия берүүчү кошумча байлыктарды издеп аткан болушу мүмкүн. Дагы бир жагдайды карасак, Америка Ирактын мунайзатын колго алса Евробиримдик Америкага баш ийип бериши ыктымал. Себеби дүйнөлүк мунайзат корунун 15% Иракта да. Анын үстүнө Америка демократияны жергиликтүү калк өзү кабыл албаса үстүнөн зордоп таштай албасын билип эле турушат. Демократиянын атын жамынып, мунайзатка көз артып атышы толук мүмкүн.

- Сиз Ливанда, Сирияда, Египетте, Иракта иштеген экенсиз. Араб мамлекеттери Иракка боор тартып аскердик жардам көрсөтүшү мүмкүнбү?

- 29 араб мамлекети сөз жүзүндө «биргебиз» деп айтышат. Араб Мамлекеттеринин Лигасында чогулушуп, ооз жүзүндө «баарыбыз колдойбуз» деп сүйлөп кое беришет. Бирок араб өлкөлөрүнүн ичинде биримдик жок. Ирак жардам үмүт кылбай эле койсо болот. Сауд Арабиясы да, Катар, Кувейт да, Араб Эмираттары да АКШга каршы чыкпайт. Булардын баары Америкадан экономикалык жардам алып атышса, курал-жаракты бекер алып атышса кантип кайра каршы сүйлөсүн?

- Бая сөзүбүздүн башында Саддамды таптакыр жоготуш керек дегенчелик кылдыңыз…

- Саддам абдан канкор киши. Саясий жактан пикири туура келбей калган адамдын баарын өлтүртүп, алардын өмүрүн кыйып атканда жанында эки баласы менен карап турчу. Тирүүлөй кислотага салган көбүн. 80-жылдары коммунисттик партиянын мүчөлөрүн бульдозер менен тебелетип үстүнөн асфальттатып салган. Канчалаган бейкүнөө адамдарды мыкаачылык менен өлтүрткөн адамдын Кудай алдында да, адамзат алдында күнөөсү оор жана жашаганга укугу жок.

XS
SM
MD
LG