Колдоруна «АКШ - баскынчы!», «АКШ, мусулмандардан колуңду тарт!», «Биз Саддамдын режимин колдобойбуз, бирок согушка каршыбыз!», «Кыргызстандын жери АКШнын аскер аянты эмес!» деген ураандарды көтөргөн он бештей адам АКШнын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына жаанга карабай пикетин башташты. АКШнын Иракка каршы согушун айыптаган акциянын катышуучулары ушинтип жаңыдан чогула баштаган. Көп өтпөй Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Петр Тяблин баштаган жоон топ милиция кызматкерлери келип, пикетчилерден тарап кетүүнү талап кыла башташты:
- Мен силерге ырасмий түрдө эскертим жатам – тарап кеткиле, бул уруксат берилбеген митинг. Мага баш ийбесеңер милиция бөлүмүнө алпарып камайм! - деди Петр Тяблин.
- Бул митинг эмес! – деп жооп кайтарды белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун. – Бул пикет, пикетке болсо уруксат албайт! Муну кандай түшүнсө болот? Алаамат болуп, адамдар өлүп, бүт дүйнө аңтар-теңтер болуп жатса да өз үнүбүздү кошалбайбызбы?!
Турсунбек Акун менен Петр Тяблин минтип жаакташып жаткан маалда «Алла акбар» деп үн чыгарган төрт жаш жигит колуна ураан көтөрүп, пикетчилердин катарына келип кошулуп калышты. Бул жерде турган милициянын кызматкерлеринин да, журналисттердин да көңүлү жаңы пикетчилердин көтөргөн ураанына бурулду. Көрсө ал жерде «Буш эшек!», «Буш акмак!» деген сөздөр жазылыптыр. Аны окуган Петр Тяблин төртөөнү кармоого дароо буйрук берди:
- Буларды кармап тигил машинеге салгыла да, бөлүмгө алпаргыла!
- Коркпогула, жигиттер, акыры кое берет силерди, - деп дем берип калышты бержакта тургандар.
Төрт жигитти жоон топ милиция кызматкерлери окчун турган машинеге алып барып, суракка ала башташты.
Президент Жорж Буштун наамына карата мындай ураан көтөрүп келип, дароо милициянын сурагына кабылгандардын бири - Ишенаалы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин филология факультетинин студенти Сардарбек Назаркулов экен.
- Ураандын башына арабча «Алладан башка Кудай жок!» деп жазганбыз. Ал эми АКШ президентине карата жазылган мындай ураанды биз биринчи көтөрүп чыккан жокпуз! Кечээ эле Алатоо аянтында өткөн чоң митингде мындан да ачуу, уяттуу сөздөр ураан катары көтөрүлгөн болчу. Эмне себептен кечээ ал жерде эч ким кармалбайт да, бүгүн бул жерден бизди кармап жатышканына түшүнбөй турам, - деди таңгалганын жашырбаган Сардарбек Назаркулов милициянын машинесинен башын чыгарып.
Айта кетүүчү жагдай - Ирактагы согушка каршы митинг бир күн мурда – 27-мартта Алатоо аянтында өткөн. Ага бийлик да, милиция кызматкерлери да түз көз менен карашканы белгилүү.
Кыргызстандагы бир катар укук коргоочу уюмдардын демилгеси менен АКШ элчилигинин алдында өткөн бул акциянын катышуучусу Болот Айдаров «Иракта бейкүнөө наристелер жана адамдар ажал таап жатат, ошол себептен пикетке келдим» деди:
- Телени карап отуруп чыдабадым. Бейкүнөө наристелердин, ак сүтүн берген энелердин, кырчындай жигиттердин өмүрү кыйылып жатат. Биз тынчтыкты каалайбыз!
Болот Айдаровдун сөзүн колуна «Согуш – энелердин көз жашы, наристелердин өлүмү!» деген ураан көтөргөн, чачын ак аралаган апа минтип колдоду:
- Эл тынч болсун деп эл үчүн чыктым. Тынчтык болсун!
Эгерде милиция кызматкерлери ураан көтөрүп келаткандарды өткөрбөй, артка кубалай бербегенде пикетке катышуучулардын саны болжол менен отузга чамаламак. Антип милициянын тосмосунан өталбай, үйүнө кетип бараткандардын бири - Бишкектеги №58-мектептин 9-классынын окуучусу Альфия акцияга катышалбай калганына капа болгонун жашырбады:
- Бизде демократия жок! Тынчтыкты колдоо пикетине да катышууга болбойбу?
Акциянын катышуучулары бир жарым сааттай турушкан соң Кыргызстандагы бир катар укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү АКШнын Конгрессине жазган кайрылууларын элчиликке тапшыруу үчүн келип калышты. Адам укугун коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюронун деректири Наталья Аблова, Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун, «Интербилим» эл аралык борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева баш болгон жети укук коргоочуну АКШ элчисинин орун басары Дебора Клепп жана элчиликтин жооптуу кызматкери Женифер Крофт кабыл алышты. Жолугушуудан чыккан Турсунбек Акун журналисттерге буларды айтты:
- Биздин пикетке чыккан максатыбыз – биз дүйнөдөгү диктаторлорду, анын ичинде Ирак президенти Саддам Хусейнди да колдобойбуз. Биз, ошол эле учурда, согушка каршыбыз! Ирактын маселесин согуш эмес, БУУнун Коопсуздук Кеңеши чечиши керек эле. Мына ушул пикирибизди биз АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дебора Клеппке тапшырып чыктык. Ал «силердин бул акцияңарды туура түшүнөбүз, АКШ да айласы кеткенде согуш ачты, менин кызым да Иракка ачылган аскерий чабуулга каршы» деп, кайрылуубузду алып калды.
Пикет тынч өттү делгени менен АКШнын президенти Жорж Бушту күчү адал, сүтү арам жаныбар деп жазып алган педагогикалык университеттин студенттери Сардарбек Назаркуловду, Азат Бердиевди, Нурат Кадыровду жана «атымды айтпайм, апам сойот!» деп көзүн жашылданткан төртүнчү пикетчини милициянын 1570 BS номурлуу машинеси бөлүмгө жүктөп кетти.