Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:00

Аксы окуясынын коомдук фонду түзүлдү


2002-жылдын 17-18-мартындагы Аксы окуясын түбөлүк эскерүү үчүн «Мемориал-17» комплексин куруу максатында коомдук фонд түзүлүп, ал кечээ юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Буга байланышкан маселе «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын бүгүнкү өткөн кезектеги отурумунда талкууланды. Отурумда фонддун ишин жүргүзүү максатында Болот Шамшиев башында турган байкоо жүргүзүүчү кеңеш жана текшерүү комиссиясы түзүлдү. Фонд түзүү демилгесин Аксы окуясынын бир жылдыгына байланыштуу Бишкекте өткөн эскерүү жыйынында Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын башчысы Виктор Черноморец көтөрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG