Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

СОГУШ УЗАККА СОЗУЛАТ ДЕГЕН КООПТОНУУ КҮЧ АЛУУДА


Ирактагы чоң казаттын онунчу күнүнө карата, согуш узакка созулуп кетет деген кооптонуу күч алды. Эгер мындай кооптонуулар ырасталса, анын кесепетинде америкалык аскерлер Иракта партизандык согуштун сазына батып, эл аралык коомчулуктагы анти-америкалык маанай күч алышы мүмкүн. Узак согуш АКШда жана бүт дүйнөдө экономикалык өнүгүүнү артка тартышы да ажеп эмес. Апта соңунда дүйнөлүк маалымат каражаттарында кеңири талкууланып жаткан бул теманы сиздерге Жаңыл Жусубжан сунуш этет.

Иракта согуш баштап жатып, Вашингтон согуш тез бүтсө, араб өлкөлөрүндө жана Европада анти-америкалык маанай басаңдайт деп үмүттөнгөн. Бирок согушта карапайым калктын арасындагы курмандыктар көбөйүп, калаба узакка созулат деген божомол күч алган сайын, мындай үмүт да бүдөмүк тарта баштады.

Ирак согушуна каршы маанай дүйнө жүзүндө башынан эле күчтүү болчу. Согуштун он күнүндө нааразылык акциялары бүткүл дүйнөдө дээрлик үзгүлтүксүз жүрүп келатат. Араб өлкөлөрүндө бул акциялар салыштырмалуу тынч өтүүүдө. Ошол эле кезде Египет, Иордан, Саударавия өңдөнгөн өлкөлөр эки оттун ортосунда калышты. Алар бир жагынан өз калктарынын көңүлүндөгүсүн таап, согушка каршыбыз демиш болгону менен, Америкага тымызын кол кабыш көрсөтүп жатышат. Арийне, согуш эки-үч айга создугуп кетсе, нааразылык акциялары кескин көбөйүп, аталган өлкөлөр Кошмо Штаттарынан ачык кол үзүүгө мажбур болушу мүмкүн.

Исламдык террор коркунучу Вашингтондун дагы бир баш оорусуна айланышы ыктымал. Апта соңунда ирактык шаарлардын биринде бир такси айдоочу машинасын жардырып, өзү менен кошо төрт америкалык аскердин жанын алды. Ушул эле күнү Ирактын вице-президенти Таха Яссин Рамадан мындай жан кечти мусулмандар ар кайсы өлкөлөрдөн Иракка агылып келип жатышат деп ырастады.

Согуш бүтмөйүнчө, Кошмо Штаттары Франция, Германия, Орусия сыяктуу европалык союздаштары менен да мамилесин түзөй алаары күмөн. Ишембиде Орусия Ирак согушун сүйлөшүү жолу менен токтотууга басым жасаарын жарыялады. "Ушул абалдан алып караганда, Кошмо Штаттары үчүн Иракка гуманитардык жардам көрсөтүүнүн, өлкөнү калыбына келтирүүнүн чыгымдары өсүп, Жакынкы Чыгыш сыяктуу жаңжалдарды басуу аракеттери кыйындайт" деп жазды жекшембиде Ассошиэйтед Пресстин баяндамачысы Сали Базби.

Ал эми Ажан Франс Пресс пакистандык аскердик экспертке шилтеме берип, Кошмо Штаттары Иракта советтик аскерлер Ооганстанда туш келген партизандык согушка кептелиши мүмкүн экендигин эскертти.

Эксперттер узакка созулган согуштун экономикалык кесепеттерин да кеңири талкуулап жатышат. Америкалык согуш пландоочулар ирак операциясы баштапкы план боюнча жүрүп жатат деп ырасташууда. Бирок "Ваховиа Корпорейшн Экономистс" деп аталган илимий басылма "элдин көзүнө согуш күндөн күнгө узарып бараткандай көрүнө баштаганын" белгилейт. "Узак согуш АКШнын эл чарбасына гана эмес, дүйнөлүк экономикага да олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн" деп эскертишет аталган басылманын эксперттери.

Мындай кооптонууга кандай негиз бар? Мичиган университетинин эсебинде, Америкада керектөөчүлөрдүн ишеними бир айдын ичинде эки пайыздан ашыкка төмөндөгөн. Керектөөчүлөр АКШ экономикасынын кирешесинин үчтөн төртүн толуктап тураарын эске алганда, алардын ишеними маанилүү көрсөткүч экендигине ынанабыз. Ал эми өкмөттүн статистикасына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында АКШнын экономикалык өсүшү алдыңкы кварталдагы 4 пайыздан 1.4 пайызга ылдыйлаган. Экономисттердин болжолунда, бул темп менен жүрүп отурса, экономика үч ай ичинде такыр өспөй, алтургай төмөндөй башташы мүмкүн. Федералдык Резерв Кеңешинин мурдагы изилдөө директору Майкл Преллдин айтымында, АКШ Иракта тез арада жеңишке жетпесе, жылдын экинчи кварталы биринчисинен да начар жыйынтык бериши ыктымал.

Ажан Франс Пресстин жазышынча, эң оптимист экономисттер да азыркы оомал-төкмөл кырдаалда экономикалык өсүш болот деп кесе айтуудан тайсалдап турушат.

Өткөн аптада президент Буш Ирак согушуна Конгресстен 75 миллиард доллар сурады. Айрымдар АКШнын жалпы чыгымдары мындан алда-канча көп болушу мүмкүн деп эсептешет. Иракта алгачкы ракета атыла электен үч ай мурда Йел университетинин экономика профессору Уиллиам Нордхаус согуш создугуп кетсе, Кошмо Штаттарынын чыгымы 850 миллиард долларга жетээрин жазган эле.

XS
SM
MD
LG