Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:58

РАМСФЕЛД СОГУШТА ТАНАПИС ЖОК ДЕП ЫРАСТООДО


Соңку күндөрү Ирактын ири шаарларында айыгышкан каршылыкка туш келген АКШнын куралдуу күчтөрү бир канча убакыт активдүү согуш аракеттерин токтоткону жатат деген кабар болгон эле. Жекшембиде АКШнын Коргонуу катчысы мындай кабарды төгүнгө чыгарып, "танапис жарыяланган эмес" деп билдирди. Ушул кыйчалышта Ирактын түндүгүндөгү күрд аскерлеринин айрым ийгиликтери коалициялык күчтөрдүн көңүлүн жубаткан "жагымдуу" кабар болуп калды.

Ирактагы америкалык офицерлерге жана аскерлерге шилтеме берип, кабар агенттиктери "баш калаа Багдадды көздөй жортуул бир нече аптага токтотулат" деп маалымдашкан эле. Аларга ылайык, мындай танапис түштүктөн убап-чубап келаткан коалициялык күчтөрдүн азык-түлүк, ок-дары ташыган кербендерин коргоо жана Ирактын айыгышкан каршылыгын "жумшартуу" максаты менен абадан сокку уруу үчүн зарыл болмок.

Бирок, АКШнын Коргонуу катчысы Рональд Рамсфелд бул кабарларды төгүндөп, ошондой эле "катчы согуш планын начар түзгөн" деген кинени четке какты.

Бул жакшы план, мен аны менен сыймыктанууга да жөнүм бар. Бул мыкты план, андан майнап чыгат, биз жеңебиз",- деди Расмфелд жекшемби күнү америкалык сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө.

Ирактагы коалициялык күчтөрдүн кол башчысы генерал Томми Фрэнкс да Багдадды көздөй жүрүш кечеңдейт деген кабарды четке какты. Анын сөзү боюнча, учурда Кувейтке келаткан 100 миң чакты кошумча аскерди жиберүү мурдатан эле планда болгон жана согуш "адамды суктандырган" темп менен алгалай бермекчи.

Ири сандагы, мыкты даярдалган аскер күчү Багдадга 100 чакырым аралыктан, ар тараптан чабуул жасады, алар согуштук системасынын даярдык деңгээлин 90 пайыздан жогору деңгээлде кармап турушат, - деди Ирак согушунун башкы командачы.

"Танапис" тууралуу кабардан тышкары, АКШда маалымат каражаттары Рамсфельдге "Пентагондун тажрыйбалуу пландоочуларынын сөзүнө кулак салбай, Ирак согушуна көп сандагы жөө аскер жана чопкуттуу техника жиберүүгө каршы чыккан" деген кине тагышууда. Кабарларга ылайык, согушту пландап жатканда Коргонуу катчысы мартабалуу офицерлердин Иракка жарым миллион аскер жиберүү сунушун четке каккан.

Рамсфельддин сөзүнө көнүп, Фрэнкс 91-жылдагынын жарымынча аскер жайгаштырууга макул болгон.

Роберт Хачинсон - британиялык "Жейнс Дефенс Уикли" аттуу аналитикалык басылманын негиздөөчүсү. "Азаттыкка" берген маегинде Хачинсон Ирактагы кырдаалдын реалдуулугун эске алуу менен, Кошмо Штаттары согуштук планын кайра карап чыгып жатат деген оюн билдирди:

- Тобокел бар, бирок тилекке каршы согушту кайра карап чыгууга туура келет. Багдадда шаар ичиндеги чыгашалуу согушка жол бербей, Ирактын Республикачыл Гвардиясынын позицияларын алуу үчүн ири көлөмдөгү куралдуу күч жайгаштырууга туура келет.

Анын аралыгында, Ирактын түндүгүндөгү күрд аскерлери Ирак аскерлери өз ыктыяры менен таштап кеткен аймактарды өз көзөмөлүнө алышты. Бул – бейшембиден бери Ирак аскерлеринин үчүнчү ирет артка чегиниши. Ар бир жолу күрддөр Ирактагы номер экинчи мунай өндүрүү борбору болгон Киркук шаарына жакындап жылышууда. Багдаддын көзөмөлүндөгү Киркук жана Мосул шаарларын америкалык согуш учактары тынымсыз бомбалап келатышат. Күрд кол башчылары ирак аскерлери алдан тайганда артка чегинип жаткандыгын айтышууда.

Арийне Ирак күчтөрү Түндүк Иракты коргоону бекемдөө үчүн тек маневр жасап жаткан болушу да мүмкүн. Белгилүү болгондой, Түркия өз аймагы аркылуу Түндүк Иракка америкалык аскерлерди кургактык аркылуу өткөрүүдөн баш тарткан. Ошондуктан, Батыштын коргоосундагы күрдү аймактарында экинчи фронт ачууга Пентагондун чамасы жетишсиз болуп жатат.

XS
SM
MD
LG